Талас шаарында шайлоого даярдыктар жүрүүдө

Талас шаардык мэриясынын имаратында Талас шаардык аймактык шайлоо коммисиясынын штабы жайгашкан. Учурда шаар ичинде 10 шайлоо участкалары ишин алып барууда.

      Жанылыктар_шайлоо участкасы_07 09 2017

Маалым болгондой, участкалык шайлоо коммисиялары семинар-тренингдерди өтүп, жаңылануу боюнча жана уюштуруу-техникалык жактан билимдерин өркүндөтүштү. Жалпысынан Талас шаары боюнча расмий түрдө 16687 шайлоочунун тизмеси такталган.

Шайлоо участкалары саат 9:00-17:00 чейин иштешет.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтөт.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Талас шаарында жаңы мэр шайланды

 

      Жанылыктар_13032017
Шайлоо

Шайлоо

Талас шаар кеңеши бүгүн жаңы мэрди шайлады. Анда 30 депутаттын 24 добушу менен Жусупбеков Айдарбек Жапарович шайланды. Айдарбек Жапарович буга чейин шаардык кенешинин спикери болуп иштеген.

Мэрлик орунга эки талапкер ат салышкан. Экинчи талапкер шайлоого 2 күн калганда өз кандидатурасын алып койду.

Бүгүнкү жыйынга,  борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жана аймактык шайлоо комиссиясы толугу менен катышышты.

шайлоо

шайлоо

Даярдаган: Кубанычбекова А.