Дени сак  жашоонун демилгечилери

Дени сак жашоо заманбап жашообуздун маанилүү бир  бөлүгүнө айланды .  

Туура тамактануу, дени сак жашоо заманбап жашообуздун маанилүү бир  бөлүгүнө айланды . Себеби, туура эмес тамактануу жана кыймылсыз жашоонун кесепетинен улам  гипертония, кант диабети, залалдуу шишик-онко ооруулары көбөйүп баратат.

“Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып,  Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен ишке ашып жатат. Аталган долбоор менен Айылдык ден соолук комитеттери (АДК)  2018-жылдан тартып иштей башташкан.

Учурда долбордун алкагында кандай иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу Талас районунун Үй бүлөлүк медицина борборунун Ден соолукту чыңдоо бөлмөсүнүн адиси  Магира Кутушбекова кеңири айтып берди.

  • Эл арасында көп кездешкен жугуштуу эмес оорууларга төмөнкү оорулар кирет:
  1. Гипертония (жүрөк, кан тамыр илдети жана кан басымынын жогору болушу).
  2. Кант диабети.
  3. Онко ооруулары.
  4. Дем алуу органдарынын ооруулары. Акыркы жылдарда өзгөчө бронхит дартынан жабыркагандар көбөйүүдө.

Жогоруда айтылган жугуштуу эмес ооруулардын пайда болушуна бир нече тобокел факторлор таасирин тийгизет. Ошол факторлордун эң негизгиси 4 тобокел фактору:

  1. Туура эмес тамактануу; Ар бир адам кантты, тузду аз колдонушу керек, туздун бир суткалык дозасы 5 грамм, кант 50 грамм (10 кичинекей чай кашык). Ошондой эле кайра иштетилген транс-майлар (маргарин, “Щедрое лето” сыяктуу майлар, боорсок бышырган майга кайра тамак жасоо) организмге өтө зыяндуу.
  2. Кыймыл аракеттин аздыгы. 18 жаштан 60 жаш курактагы ар бир адам күнүнө токтолбостон 30 мүнөт машыгып, гимнастика жасап же бийлеши керек. Мисалы “Кара жорго” бийи ар бир дене мүчөсү кыймылда болуусуна түрткү берет. Жумасында бир жолу  жогорку интенсивдүү ылдамдыкта 60 мүнөт  күч-кубатты көп сарптай турган машыгуу — ат чабуу, сууга сүзүү, чуркоо, велосипед тебүү абдан жакшы.
  3. Тамеки чегүү, клей жыттоо, кальян чегүү, электрондук тамеки, аялдардын тамекиси.
  4. Спирттик ичимдиктерин көп колдонуу мындан тышкары энергетикалык ичимдиктер.

Мына ушул факторлор  жугуштуу эмес оорууларга алып келет, муну ар бирибиз билип, алыс болууга аракет кылышыбыз керек.

  • АДК мүчөлөрү тарабынан кандай иштер жасалууда?
  • Бул долбоор башталганга чейин эле АДКнын мүчөлөрү өздөрү жашаган айылдардагы  жашы 18 жаштан жогорку адамдардын кан басымын электрондук аппаратын жардамы менен өлчөп, керектүү маалыматтарды берип келишкен, бир топ долбоорлорду ишке ашырышкан. Азыркы учурда кыймыл-аракети күчөтүү, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо, спорт менен машыгуу абдан актуалдуу болуп жатат. Адам көп кыймылдаса  кан айлануу нормалдуу болуп, жүрөк жакшы иштеп,  организм жашарып,  ден соолуктун чың болуусуна шарт түзүлөт. 

АДКлардын демилгеси менен 2019-жылдын декабрь айында жугуштуу эмес ооруулардын алдын алуу жана физикалык активдүүлүктү жогорулатуу максатында  жашы 35тен 55 жашка чейинки  аялдар жана эркектер арасында “Кыймыл аракет жүрөккө күч берет” деген ураандын алдында спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдешке Ү.Өмүралиев, Арал, Жергетал, Кара-Суу айыл өкмөттөрүнөн 8 команда катышты. Мелдештин катушуучуларына райондук ден соолук комитетинин фондунан “Мактоо баракчалар” тапшырылып, ысык тамак берилип, жол кирелери каржыланды. Айыл өкмөттөрү алдыңкы оюнчуларга  акчалай сыйлык жана кубок тапшырышты. Мындай мелдештер 2020-жылы ар бир айылда уюштурулат.

 

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Жардамга муктаждар жаныбызда

Жардамга муктаж болгон үй-бүлө.

Кундуз Дүйшөбаева 1986-жылы Нылды айлында туулган. Бир кезде беш туугандын кенжеси, ата-энесинин эрке кызы болгон Кундуз орто мектепти аяктаган соң шарт жоктугуна байланыштуу эч бир окуу жайга тапшыра алган эмес.  20 жашында Покровкалык Тимур аттуу өзүнөн беш жаш улуу жигитке баш кошуп, 4 уулдуу болушкан.

Жетим, бир туугандарыда жок Тимур менен жашоонун өйдө төмөнүнө чыдап, Казакстандын Ак-Төбө, Кызыл Орда облустарында иштешкен. Бирок, күнүмдүк тамак-ашы, кийим-кечектеринен тышкары жарытылуу киреше таба алышпаган жубайлар кайрадан Покровкага келишет.

Тимур ар кандай жумуштарга жалданып иштеп, Кундуз балдарын багып үй тиричилиги менен алпурушуп, айтор  турмуш өз нугу менен айлана берди. Жан багуунун айласы аргасын кетирген жубайлар балдарын алышып Талас шаарына көчүп келишет. Айылда жумуш жок шаардан иш табылабы деген үмүт менен келген жубайларга  Таластан деле ылайыктуу иш чыкпай, Тимур ар кимге жалданып иштеп калат.

  • Төртүнчү балам төрөлүп, катуу илдетке чалдыгып кыйналып турганымда Тимур бизди таштап башка аялдын үйүнө кирип кетти. Башка түшсө баарына көнөт экенсиң, 2016-жылы  февралдын 22синде Покровкага балдарымды алып көчүп кеттим. Айыл өкмөткө кайрылдым, алар мени ар кандай гумжардамдарга жазып жардам беришти. Катуу ооруй баштадым, айыл  өкмөтү сүйлөшүп, Покровканын ооруканасына  жатсам мага “миниунсульт” деген диогноз коюшкан.Акчанын жоктугунан  доктур жазып берген дарыларды да ала алган жокмун.Бир капталым иштебей, башым катуу ооруп,  Бишкекке больницага барайын десем акчам жок аябай кыйналдым

2017-жылы Бишкекке барып доктурга көрүнсөм  “Тез арада операция кылыш керек” дешти. Ошентип акча жоктун азабынан 2018-жылы 9-январда гана  операцияга бардым. Ооруканада бир ай жаттым. Ооруканадан чыккандан кийин мырдагыга караганда кыйла жакшымын. Бирок, оор жумушка жарабайм, күн ысыкка чыдай албайм. Өкмөттөн майыптыгыма байланыштуу  жөлөк пул чегерип беришкен. Жолдошум алимент төлөбөйт, “Эгер алимент алсаң анда  балдарыңа пособие албайсың” дешкенинен алиментти төлөбөй убара кылат го деп, сотко деле кайрылган жокмун. Сот аркылуу мыйзамдуу ажырашканбыз. Бул көйгөйдү айтып шартым жок болгондуктан эч кимге деле кайрыла алган жокмун.

  • Мындай оор илдетке чалдыкканыңа эмне себеп болду?

Доктурлар “удар алгандан улам  кара кушка байланышкан желкедеги сөөк омурткасы сынып кеткен” дешти. Убагында билбей жүрө берипмин. Жолдошум көтөрүп жерге чаап эле сабай берчү. Ошонун кесепетинен улам ушундай оор дартка чалдыккан экенмин.Операция болгондон кийин 2018-жылы Таластагы чоң ооруканага 10 күн жатып дарылангам. Быйыл деле келип дарылансам дейм, бирок, айланып келип баары акчага такалат экен. Акчабыз аз болгондуктан бирине тартсам экинчисине жетпейт.

  • Азыр эми жашооң кандай?
  • Учурда Покровка айлындагы Керим аке көчөсүнүн чет жагындагы эски кырманда жашайм. Эки бөлмөлүү эски үйдө төрт балам менен жашоо оор. Өзүм иштей албайм. Балдарыма пособие, өзүмө майыптыгыма байланыштуу пособие алып, ошону менен жан сактайбыз. Кудайга шүгүр, “элдүү түлкү ачка өлбөйт” дегендей жергиликтүү эл, мени тааанып билгендер  жардам беришип, эски кийим-кечек, ун, май, чай тамак-аш алып келип берип турушат. Алардын баарына аябай ыраазымын.
  • Айыл- өкмөт, акимчилик тараптан жардам ала алдыңбы?
  • Кез-кезде гумжардамдарды берип турушат. Айыл өкмөттүн мага берген эң чоң жардамы 30 сотых участок берген. Шарт жок үй  салалбай жатам. Мага үй  салганга жардам беришсе деп кудайдан тилеп келем.
  • Каралашаар бир туугандарың барбы?
  • Агаларым өз турмуштары менен, алардын деле турак үйлөрү жок батирлеп жүрүшөт. 1982-жылкы Мундуз деген агам  оорукчалдыгына байланыштуу Бакай-Ата айлындагы  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын интернатында   башпаанектеп турчу эле. Учурда оорусу катуулап, азыр менин колумда. Өз алдынча тура албай калды.

Балдарым тууралуу айтсам, улуу балам Айдар  быйыл 6-класска көчтү, экинчи уулум Адилет 3-класс, Ариет балам  быйыл 1-класска барды, кенже уулум Бакыт 3төн ашты. Балдарым кудайга шүгүр кол арага жарап, мага жардамчы болуп калышты.  Кундуз менен балдары, төшөктөн тура албай жаткан агасы Мундуз  жашап жаткан эски кырмандын эки бөлмөсү абдан суук экен. Отун жок болгондуктан мешке эски-уску кийимдерди жагып, үйдү жылытууга аракет кылып жаткан оорукчан келиндин абалы аянычтуу.

 

Даярдаган: Мира СЕЙДИКЕРИМОВА, Кундуз МЫРЗАЛИЕВА

Кыш мезгилинде өрт коопсуздук эрежелерди сактасак!

Талас шаарындагы мектептерде жана мекемелерде өрт коопсуздугу боюнча профилактикалык иш-чаралар өтүүдө.

 

Өрт кырсыктары негизинен жашоочулардын үйлөрүнөн, короо сарайлардын жана талаа түстөрдөн  чыгып,  анын бирден бир себеби от менен ойноп, кайдыгер мамиле жазап, же болбосо электр шаймандарын туура эмес пайдалануу экендигин дайыма айтып келебиз. Кайдыгер мамилеге, көңүл  бурбоонун акыр аягы өкүнүчтүү өрт кырсыгына чалынтаарын ойлосок калайык калк! Ошондуктан биз от жагуучу мезгил келе жатканына байланыштуу дагы бир ирээт угармандарга эскертип өтөлү дедик. Маани берип, төмөнкү эрежелерди окуп сактансаныз, өрт кырсыгын алдын алууга шарт түзүлөт демекчибиз.

— Мештин алдындагы полго 50-70 сантиметрдеги күйбөөчү атайын темир каалай төшөө зарыл;

— Заводдордон жазалган электр приборлорун пайдалануу керек;

— Чатырды, ороону жана короону кургак шыпырындылардан арылтып, тазалап салуу дагы өрттүн алдын  алууга себепкер;

— От жагылуучу мештердин моорун өз убагында тазалап, оңдоп турунуздар;

— Балдарыңыздарга шеренке карматпаңыздар, колдон келсе бийик жерге коюңуздар, эгерде балдарыңыздарды үйгө таштап кетсеңиздер сөзсүз түрдө өрт коопсуздугу боюнча эскертиңиз;

— Колдон жазалган электр плиткаларын жылыткыч катары колдонгонго болбойт, эгерде колдонсоңуздар анда тегерек четтериндеги күйүүчү нерселерден өтө сак болуңуздар;

— Ар кандай электр жылыткычтарды колдонуп жаткан учурда кароосуз калтырбагыла жана өз убагында өчүрүүнү унутпагыла;

— Күйүп кеткен же бузулган электр жабдууларды өз убагында алмаштыргыла же оңдогула;

— Бир электро розеткасына бир нече эллектро приборлорду туташтырып электро зымына күч келтирбегиле, эскилиги жеткен электро зымын өз убагында алмаштыргыла;

— Үйдүн ичинде тамеки тартканга болбойт, эгерде тарта турган болсоңуздар тамекинин калдыгын толук өчүрүп атайын урнага таштаңыздар;

— От жагылуучу мештерди тез күйүүчү (бензин, солярка) менен күйгүзүүгө тыюуу салынат;

Урматтуу замандаштар, кичинекей учкун болсо да өчүрүп сак жүрсөк, бардык кырсыктан оолак болор элек. Эң негизгиси биз бардык өрт кырсыгын жон терибиз менен сезгенден кийин гана кырсыкты алдын-ала билүүбүз маанилүү. Ушуну эстен чыгарбооңуздарды өтүнөбүз. Адамдардын ден соолугун, өмүрүн, улуттук байлыктарын өрттөн сактоо ар бирибиздин милдетибиз экендигин эсибизден чыгарбайлы.

Эгерде өрт кырсыгы катталса, өз учурунда 101 телефонуна чалыңыздар!

 

Даярдаган: Марат Баялиев, Кундуз Мырзалиева

Мамлеккеттик кепилдик программалар

Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнѳ караштуу милдеттүү медициналык капсыздандыруу фондунун Талас аймактык башкармалыгынын башкы адиси Эришалиев Малик Муктарович  мамлеккетттик кепилдик  программалар боюнча  маалымат менен кайрылды.

«Кыргыз  Руспубликасында  калктын  саламат сактоодо биз мамлекеттик кепилдик программанын  негизинде иштейбиз. Бул мамлекеттик кепилдик  программанын  ичинде  биздин  жарандар бир топ жеңилдиктен пайдаланашат. Алар  биринчи  кезекте  пенсионерлер. Пенсионерлердин бардык  калың  катмары, жаны  тѳрѳлгѳн  ымыркайлардан баштап 18  жашка чейинки  улан- кыздар, булар дагы камсыздандырган  жаран болуп эсептелишет. Андан  кийин бюджеттик сферада  иштегендер, бул мугалимдер, медиктер  жана  бюджеттик  мекемелерде иштеп жаткан жарандардын  айлыгынан  социалдык фондго кѳтѳрүлүп жатса, алар дагы камсыздарылган болуп эсептелет. Андан  кийин  айыл жеринде жашагандардын  фермердик чарбалардын  мүчѳлѳрү эгерде  социалдык фондго  тѳлѳмүн  тѳлѳп турушса аларда  камсыздырылган жаран болуп эсептелишет. Камсыздарылган  жарандар

Кыргыз Республикасынын аймагында бир топ жеңилдиктерден пайдаланышат. Бул  биринчи  кезекте: эгерде  амбулатордук деңгээлде  дарылатурган болушса  жеңилдетилген рецепт менен дары- дармек  алганга укукту. Ар бир  жарандын ооруп калган мезгилде  үй- булѳлүк дарыгер дары- дармек атайын рецепт  менен жазып бергенден кийин. Ошол рецепттин негизинде биздин Талас облусунда 22 аптека биз менен келишим түзүп иштейт.Ошол аптекалардын биринен рецепт менен жеңилдетилген дары-дармектерди алалганга укуктуу. Андан тышкары дагы ооруканага жатып калганда камсыздырылган жарандар кошумча тѳлѳмдү тѳлѳгѳндѳ азыраак тѳлѳшѳт. Мисалы,70-тен ашкан пенсионерлер кошумча тѳлѳм тѳлѳшпѳйт.Ал эми 70 жашка чейинки пенсионерлер эгерде терапия бѳлүмүнѳ жатса 330 сом, хирургия бѳлүмүнѳ жатса операция болуп калышса 430 сом тѳлѳйт. Ал эми бюджеттик сферада иштегендерге: терапия бѳлүмүнѳ жатса- 840 сом, хирургия бѳлүмүңѳ жатса операция болуп калышса – 1090 сом тѳлѳшѳт. Ушундай женилдиктерден  биздин облусунун калкы байланышса болот.Кошумча суроолор болсо бизде  113 ишеним телефон аркылуу кошумча маалыматтарды алганга болот. Андан кийин  мамлекеттик кепилдик программанын алкагында бизде кош бойлуу аялдарга  дагы бир топ женилдиктер каралган. Мисалы, аларга полистер акысыз берилет.Акысыз алынган полистин негизинде кан астылукка жана башка оорулар болсо алар дагы женилдетилген рецепт менен алалышат»,- деп белгилеп кетти.

 

Даярдады: Кундуз Мырзалиева

СПИД илдетинин алдын алууга аракет

СПИД илдетинин алдын алууга аракеттери боюнча Айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын  өкүлдөрү менен жолугушуу өттүү.

Талас шаарындагы “Кербен Палас” мейманканасынын жыйындар залында СПИД илдетинин алуу үчүн коомчулуктун аракетин күчөтүү максатында  Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы коммуникация бөлүмүнүн адистери    Айылдык ден соолук комитетинин мүчөлөрү жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын  өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда СПИД борборунун Талас облусундагы өкүлү  2019-жылдын 11 айында 12374 киши текшерүүдөн өткөнүн айтып, учурда ВИЧ инфекциясы менен жабыркаган 135 адам учетко турганын анын ичинен  52си  аял, 78и эркек, 2сү 14 жашка чейинки балдар экенин, 32 адам каза таап, учурда 53 киши көзөмөлдө тураарын  айтып өттү.

Жолугушуунун негизги максаты СПИд боюнча элге маалымат жеткирүүнү күчөтүү болгондуктан Бишкектен келген адистер жергиликтүү журналисттер менен маалымат берүү багытындагы бир жылдык  медиа план түзүштү.  Журналисттер ой-пикирлерин ортого салып, калктын маалымдуулугун күчөтүү үчүн коомдук жайларда Лед-экрандардан  СПИДддин алдын алуу боюнча жүгүртмө жарнамалар коюлушу керектиги, ошондой эле акцияларга калктын калың катмары тартылышы керектигин, сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу менен дагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтышты.

Даярдаган: Сейдикеримова Мира, Кундуз Мырзалиева