Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылынын Талас дарыясы төрт үйдүн короолорун суу каптап кетти
Үстүбүздөгү аптанын дүйшөмбү күнү Көпүрө-Базар айылынын Талас дарыясына жакын жайгашкан көчөдөгү төрт үйдүн короолорун суу каптап кетти.
Күн бир аз жылыганга дарыяга тоңгон муз эрип, үйөр жүрүп, суунун нугу бурулуп, көчөнү каптап, төрт үйдүн короосуна кирген. Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 3 кызматкери жана Р.Айдаралиев айыл өкмөтүнүн кызматкерлери суу каптаган жерге барып тазалоо иштерин жүргүзүп, суунун нугун бурдук. Эки техника менен тазалоо иштери үч күндөн бери жүргүзүлүп жатат, деп-билдирди Талас району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Кадыркул Чотоев.
Окуя болгон жерге КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К. Осмонбеков менен районубуздун акими З.Сыдыков барып, эл менен жолугушуп, тазалоо иштерин көрүп, көзөмөлдөп келишти.
Даярдаган: Мира СЕЙДИКЕРИМОВА, Кундуз Мырзалиева