Онлайн конференцияда билим берүү маселелери талкууланды

Талас район-шаардык билим берүү бөлүмүндө Талас районунда жана Талас шаарында иштеген мектеп директорлору менен онлайн конференция уюштурууда.

Талас район-шаардык билим берүү бөлүмүндө Талас районунда жана Талас шаарында иштеген мектеп директорлору менен онлайн конференция уюштурулуп, Талас районунун аким З, Сыдыков, Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Арзыкан Момунтаева катышты.

Онлайн конференцияда бүгүнкү күндөгү абал, мугалимдердин ишин ар тараптуу жакшыртуу маселелери каралды.
Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Арзыкан Момунтаева Талас районуна караштуу Орто-Арык айылына жакын калктуу конуштарда интернет тартпай окуучулар кыйналып жатканын айтып өттү.

Талас районунун акими Замир Сыдыков бул маселени көзөмөлгө алып, маселени жеринде чечээрин айтты.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова,  Арзыкан Момунтаева

Рамазан айында кайрымдуулук эшигин ачкан ишкер

Бака-Ата районундагы Өзгөрүш айлында 2019-жылы “Анкара” супермаркети ачылган. “Анкараны” ачкан жеке ишкер Абдыбек Атанбеков.
— Рамазан айы башталгандан баштап биздин маркетке итфтарга келип каалоочулар ооз ачыша алат. Орозо айында нанды бекер беребиз, деп маалымдады аталган супер маркеттин администратору Канимет Абдишов.

 

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Жумушсуздар бет кап тигип жатышат

Улуттук Кызыл Ай коомунун Таластагы бөлүмү тарабынан жумушсуздарды иш менен камсыздоо максатында.

Улуттук Кызыл Ай коомунун Таластагы бөлүмү тарабынан жумушсуздарды иш менен камсыздоо максатында кийим бычуу, тигүү курстары ачылып, курстарга окуган кыз-келиндерге атайын сертификаттар берилген. Дасыккан адистен билим алган аялдар тигүү, бычуу кесибин мыкты өздөштүрүшкөн.

 

 

Андан көп өтпөй коронавирус тумоосу Кыргызстанда башталып, өлкөбүздүн баардык региондоруна карантиндик абал киргизилди. Ушул убакта бет каптардын аптекаларда аздыгы байкалып, Бишкектен гуманитардык жардам жөнөткөндөр медициналык бет каптарды жөнөтүп жатышат.

Учурдагы көйгөйдү азайтып, элге көмөктөшүү максатында Таластагы Кызыл Ай коомунан окуп кесипке ээ болгон кыз-келиндер бүгүнкү күндө эртеден кечке бет кап тигишүүдө. Бет каптар биринчи кезекте медиктерге жана милиция кызматкерлерине берилет.

Улуттук Кызыл Ай коомунун Таластагы бөлүмү ишти жакшы уюштуруп, жумушсуздарды убактылуу иш менен камсыздап, элге учурда абдан керектүү бет каптарды даярдоого көмөктөшүп жатканы мактоого арзыйт.

Даярдаган: Мира Сейдикеримива, Кундуз Мырзалиева

Ардагерлер алкыш айтышты

Кара-Буура районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун ардагерлерине жана Чернобыль кырсыгынын, Афган согушунун ардагерлерине азык түлүктөр топтомун жөнөтүлдү. 

КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жеке каражатынан Кара-Буура районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Бардан Турдалиевге, ооруктун ардагерлерине жана Чернобыль кырсыгынын, Афган согушунун ардагерлерине азык түлүктөр топтомун жөнөттү.

Карантиндик тартип орногон учурда азык-түлүк алуу кары-картаңдарга өзгөчө кыйын эмеспи, мындай маалда жакындан жардам көрсөтүп, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр менен камсыздаган КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге карыялар ыраазычылык билдиришүүдө.

Фото сюжет:

Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева

Карантиндик блок постторго бейөкмөт уюмдар мониторинг жасашат

Талас шарында карантиндик блок постторго бейөкмөт уюмдар мониторинг жасашат.

“Таласта коронавирус жок” деген ишеним менен көчөгө чыккандардын саны көбөйүп, жергиликтүү башкаруу бийлигинин өкүлдөрү, Талас шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы врачы А.Шамбетова жергиликтүү телеканалдар аркылуу элди үйдө карантиндин шарттарын сактап олтурууга чакырды.

Көчөдө көбөйгөн элди азайтуу максатында Талас шаарынын борбордук аянтына, базарга өтүүчү жолдор жабылып, Covid-19 вирустук илдетинин алдын алуу аракеттери жасалууда.

— Жолдорду оорунун алдын алуу үчүн жаап жатышат, бул жакшы бирок, көпчүлүк аптека, магазиндер негизинен базар тарапта болгондуктан машина менен өтүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды, -дейт Талас шаарынын тургуну Д.Давлетказиев.

Талас шаарына батыш, чыгыш тараптан кире турган негизги жолдордун баары жабылып, блок посттор коюлган.

Ал эми бейөкмөт уюмдар жана демилгелүү жарандар “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Жарандык биримдик демилгеси” долбоорунун алкагында блок постторго мониторинг жасап байкоо жүргүзүшмөкчү.

Даярдаган : Мира Сейдикеримова , Кундуз Мырзалиева

Кызыл Айчылар калктын аялуу катмарына жардам беришти

Үстүбүздөгү аптанын шейшемби, шаршемби күндөрү Улуттук Кызыл Ай коомунун Таластагы филиалынын жетекчиси Дилдекан Шадыбекова баштаган кызматкерлери, волонтерлору өздөрүнүн тизмесинде турган жардамга муктаж үй бүлөлөргө, туберкулез дарты менен ооруп жана ВИЧ илдетинен жабыркап каттоодо турган жарандарга күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш, азык-түлүктөрдү таратышты.

Ошондой эле Талас облустук СПИД оорусунун алдын алуу жана күрөшүү борборуна катталган бейтаптар дагы көңүл сыртында калбай, аларга арналган 25 даана азык түлүк толтурулган баштыкчаларды беришти.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунан жардам

БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунан жардам

Таажывирусунан сактануу учурдагы эң олуттуу маселелердин бири. Илдеттен сактануу максатында карантиндик мөөнөт үстүбүздөгү айдын аягына чейин улантылды.

Оору коркунучун алдын алуу максатында мамлекетибизде көптөгөн иш чаралар жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик гана эмес бейөкмөт уюмдар, дүйнөлүк донорлор бул маселеге олуттуу көңүл буруп жатат. БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине колдоо көрсөтүү максатында Талас облустук обсервациясында жайгашкан бейтаптарга гигиена шаймандары Талас облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна өткөрүлүп берилди.

Сапат Кыздар лицейиндеги бейтаптарга 50 даана, Бакай-Ата районундагы №41 лицейинде жайгашкан бейтаптарга 50 даана, Манас районундагы Улукман лицейиндеги бейтаптарга 50 даана, Манас районундагы жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү бейтаптарга 50 даана, Кара-буура районундагы Т.Бабанов атындагы лицейиндеги бейтаптарга 50 даана, Талас районундагы Манас лицейине 50 даана – жалпысынан 300 даана гигиена шаймандары тапшырылды.

Мындан сырткары Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы борборлоштурулган ооруканасына 100 даана бир жолку колдонуучу коргоочу кийимдер, 30 даана коргоочу каскалар, 100 дана медициналык чепчиктер, 30 даана желим кол каптар жана 100 даана медициналык мээлейлер жалпысынан алганда 360 коргоочу каражаттар берилди.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Жергиликтүү депутат кайрымдуулук акциясын уюштурду

Талас шаарындагы жергиликтүү депутат кайрымдуулук акциясын уюштурду.

Талас шаардык кеңешинин депутаты Аскар Шабданов кайрымдуулук демилгесин көтөрүп, талас шаарындагы 10 үй бүлөнү бир айлык азык түлүк енен камсыз кылды.

Ун, күрүч, макарон, май жана шекер сыяктуу күнүмдүк турмушубузга эң керектүү азык-түлүктөрдү алып берген депутатка жардам алып кубанган үй бүлөлөр чоң ыраазычылык билдиришүүдө.

Талас облусундагы бейөкмөт уюмдардын WhatsApp группасына ким канча жардам берип жатканы тууралуу күн сайын жарыяланып, кайрымдуулук көрсөткөн жарандарга,жеке ишкерлерге, жергиликтүү депутаттарга соцтармактар аркылуу алкыш айтылып, жарандардын бири бири колдоосу күчөгүнү байкалууда.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева

Карапайым калкка кайрымдуулук көрсөткөндөр

Учурдагы абал кайдыгер эмес жарандардын кайрымдуулук сезимдерин ойготууда.

Коронавирус илдетинен сактануу максатында карантиндик мөөнөт үстүбүздөгү айдын аягына чейин созулду.

Аз камсыз, жардамга муктаж, көп балалуу үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген, багаар көрөөрү жок жалгыз бой карыяларга эл арасынан чыккан жеке ишкерлер, колунда бар кайрымдуу жарандар жардам берип жатышат.

Манас Каныбеков Бакай-Ата районундагы көп балалуу, аз камсыз 6 үй бүлөгө азык-түлүк, тамак-аш жана алардын кичинекей балдарына памперс жалаяктарын жеткирип берди.

Ал эми оор илдетке чалдыккан балдар үчүн подгузниктер топтомун Жанат Султаналиева алып берген.
Ошондой эле Талас шаарындагы балдарга билим берүү борборунун директору Чолпон Сарыгулова , өзүнүн алты баласы бар Аида Мурзабаева сыяктуу кайрымдуу жарандар дагы тышта калбай, колунан келишинче калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүштү.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова , Кундуз Мырзалева

Таластык китепканачылар Facebook, Instagram, WhatsApp аркылуу китеп окуп беришүүдө

Таластык китепканачылар Facebook, Instagram, WhatsApp аркылуу китеп окуп беришүүдө

Учурдагы кырдаалга жараша маданий иш чаралар убактылуу токтотулду, карантиндик катуу тартип орноду, бирок бул кыйынчылыктарга карабай Талас областынын китепканачылары Facebook, Instagram, WhatsApp аркылуу окурмандар менен Интернет айдыңынан байланышып, китеп окуп беришип, адабий кечелерди уюштуруп маданий агартуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Талас областтык Аман Токтогулов атындагы китепкананын китепканачылары, соцтармактарды колдонуп, окурмандарды адабий видео аудио роликтер менен тейлеп жатышат.

Китепканачылар балдарга, жаштар, орто муундар жана карыялар үчүн окурмандар тайпаларын түзүп, “Жомок айтуу”, санжыра, “Манас” эпосу, көркөм адабият, поэзия жана окурмандарды кызыктырган акындардын, жазуучулардын өмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу он лайн китеп окуу сааттарын уюштуруп жатышат.

А.Токтогулов атындагы тейлөө бөлүмүнүн башчысы Нурзада Камчыбекова Facebook баракчасына 7-Апрель Элдик Революциясына арналган элдин эскерүүлөрүн, акын Арзыкан Момунтаеванын жана жергиликтүү акындардын ырларын жарыялады.

Ал эми Талас районундагы Айдаралиев атындагы айыл аймагындагы китепканачылар 7-Апрель Элдик Революция күнүнө карата “Эр жигиттин эрдигин эл унутпайт” аттуу Апрель Элдик Революциясынын баатыры Эмил Айылчиев тууралуу көргөзмө уюштурушкан, ошондой эле китепканачылар менен он лайн аркылуу байланышкан окуучулар Эмилбек Айылчиевге арналган ырларды көркөм окушуп, WhatsApp аркылуу жалпы райондун жашоочуларына таратышты.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова