Талас шаарынын Лицей комплексинде окуучулардын арасында Олимпиада ѳткѳрүлдү

Олимпиада кандай формада болуп ѳтткѳнүн боюнча кыска маалымат.

2019-жылы 22-23 ноябрда Талас облустук чет тилдер лицей комплексинде окуучулар арасында семинар ѳткѳрүлдү. Олимпиада тууралуу лицейдин информатика, алгебра, геометрия сабактарын алып барган мугалими Баелиева Айнура кыскача маалымат берди.

Олимпияда кандай түрдѳ ѳткѳрүлдү?

«Республикалык олимпиядага жакшы мыкты окууган окуучуларды тандоонун биринчи тепкичтери. Ошону тандап алышучун болуп ѳттү. Олимпияда ар бир сабактан ар кандай формада болду. Мисалы: математикадан, геометриядан текшерүү иш түрүндѳ болсо, башка сабактардан тест түрүндѳ болуп ѳттү. Ал эми информатика сабагы боюнча  онлайн тест түрүндѳ телефон аркылу болду»,- деп билдирди

 

Даярдаган: Бактыгүль Сүйүнтбек кызы

Унутулуп бара жаткан улуттук каада – салтты жандандыруу.

Жерге-Тал  айыл  аймагына  караштуу Кызыл-Жылдыз  айылынын  К.Иманалиев  атындагы  орто  мектебинде “Муундар  аралык байланышты  бекемдɵɵ, унутулуп  бара  жаткан  улуттук  каада-салтты жандандыруу” темасында  ачык  сабак  ɵткɵрʏлдʏ. Бул  иш  чара  айыл  аксакалдары, энелер, актив лидерлери  мугалимдердин  катышуусунда  ɵтʏп, жаш  муундардын табиятка  болгон  мамилеси,  айлана  чɵйрɵгɵ  салкын  мамиледен  улам, учурда  кездешип  жаткан терс кɵрʏнʏштɵр  тууралу  кызуу  талкуу менен  ɵттʏ.  

      Улуттук каада-салт

 Кара- Чий айылдык  ден соолук комитетинин башчысы, айымдар кенешинин тɵрайымы  Турдакунова Салика   ачык  сабак тууралуу  тɵмɵнкʏлɵргɵ  токтолду :

 “Бʏгʏнкʏ муундар  аралык  байланыш жана кыргыздын  салттарын  жаш ɵсʏп  келе жаткан муундарга  калыптандырууда  ɵтʏлгɵн  иш  чара  эң  жакшы натыйжа  берди деп  ойлойм.

Бул  жерде  мектеп окуучулары  да эң жакшы активдʏʏлʏгʏн  кɵрсɵттʏ, келген  ата-энелер да ɵз ойлорун  айтышты.”

К.Иманалиев  атындагы орто  мектебинин  кыргыз  тили  мугалими   Исмаилова  Калмира   ачык  сабак  жогорку  денгээлде  ɵткɵндʏгʏн  айтты:

“ Бул ачык  сабакта жаштар  арасында  ынтымакты жана биримдикди  бекемдɵɵ  менен  жаштарды  ынтымакка  чакырды жана  кɵптɵгɵн окуучулар катышып  жаш муундардын  табиятка болгон  мамилесин  шыктандырды.”Бул  иш  чаранын  негизги  максаты —  салттуу маданиятты  жана унутулуп  бара  жаткан  улуттук  каада-салтты  кийинки  муунга  ɵткɵрʏп  берʏʏ болду.

 Даярдагандар: А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары  Аиза  Жанышова ,Элина  Темирбекова ,Нурай  Эсенгулова.

 

Бүткүл дүйнөлүк жер күнү белгиленди.

22-март бүткүл дүйнөлүк  сууну коргоо күнү болгон.Ал эми 22-апрелде фестиваль болуп өттү. Барскоон айылындагы Эшманбет Кендирбаев атындагы мектеп окуучулары бул фестивальга катышып келишкен.

Биология мугалими Наргиза Сатыбалдиева негизги максаты бул жер энени коргоо анан адамдардын ага кылган мамилесин ачык көрсөтүү жана ак илбирсти коргоо деп оюн билдирди:

«22-апрель бүткүл дүйнөлүк жер күнүнө карата экологиялык фестиваль өткөн.Ошол экологиялык проблемаларды чагылдыруу болгон. Ага:Сары-чат,Эр-таш коругунан келген адистер жана райондук окуу бөлүмүнүн башчылары катышты,анын ичинен эң жакшы көрсөткүчтөрдү биздин Эшмамбет Кендирбаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин экологиялык ийриминдеги окуучулар өзүлөрүнүн деңгээлин дагы бир жолу көрсөтө алышты. Окуу бөлүмүнүн башчылары айтымына караганда беш миң сомдук китептен үч мектепкке берилди. Ушул экологиялык фестивальга ыр, бийин ценкасын  көрсөтмө куралдарын даярдаган Жыргал Алыбаева эжейге громата жана экология ийримине катышкан окуучуларга жыйырма китеп, чоң энциклопедия тапшырылды».

 

7-класстын окуучусу Жылдыз Кенжегулова фестивальга сайманы унутта калтырбоо максатында барганын айта кетти:

«Тандаганымдын себеби азыркы учурда сайма абдан бааланып келет.Жана сайманы адамдар техниканын жардамы менен сайат, Негизинен колго сайган сайма жогорку деңгээлде бааланат. Мурунку убакта апаларыбыз колго сайган жана да эрежелерин мыкты билишкен.Ошол себептен да кызыгуум арта баштады. Фестивальдын максаты ак илбирсти коргоо болгондуктан илбирстин ар кандай сүрөттөрүң кийизге түшүрүп,андан соң терс кайырма саймсы менен сайгам.Мен сайган сайманын аталышы «Бактылуу үй бүлөө».Көп эле жардамдар болду алардан айта кетсем өзүмдүн атам сүрөт мугалими болгондуктан сүрөт тартууга, « Алтын оймок» кружогунун жетекчиси Жамиля эжей туура сайуунун эрежелерин үйрөттү. Мен буга чейин 2016-жылы райондук сынактан биздин мектеп биринчи орунга ээ болуп,активдүү катышкандыгым үчүн ар кандай белектер жана громаталар менен сыйлангам».

Ошондой эле 9-классынын окуучусу Наристе Асылбекова эстрада ырчысы Гүлзада Рыскулованын «Жер эне» аттуу ырын ырдап,өнөрү менен кабарчыларга бөлүшө кетти:

«Мен Гүлзада Рыскулованын «Жер эне» деген ырын  ырдагам, ал ырда жан жаныбарларды, жаратылышты коргоо жөнүнүндө болчу. Ушу ак илбирсти коргоо боюнча Ак шыйракка барып келгенбиз 22-декабрда. Аяка барып ырдап, бийлеп, жомоктрду коюуп, илбирс бийин бийлегенбиз. Ал жерден экинчи орунду жана он миң сом сыйлык алганбыз.»

Экологояны сактоо фестивалдары дагы да өткөрүлүп турат.

Даярдаган: Барскоон айылындагы Э. Кендирбаев атындагы орто мектебинин окуучулары  Гүлназ Рашидова, Назика Муратова.

Ардагер мугалим Исраил Төлөгожоев

Исраил Төлөгожоев 44- жылдан бери Эшманбет Кендирбаев  атындагы орто мектебинде физика  сабагынан балдарга билим берип келет.

«44-жылдан бери мугалимдик кыламын.Адамды түшүнү билүү керек. Ким менен иштешсең ошолорго өзүңө жасаган мамилени кошо жасай билсең, ошондо гана өз ара түшүнүсү болуп турса мына мугалимдик кесип ошону менен ардактуу.12-жыл иштегенден кийин бир фронталдык текшерүү болду минирстверствадан, мына ошол текшерүүнү  мага кандайдыр жакшы ийгиликтерди жаратты. Ошондон кийин мен «Эл агартуу отличник» көрсөтүлдүм, «Мыкты мугалим»  деп  ардак тактыга, районого райком партиянын эшигинин алдындагы чоң доско пачотко сүрөтүмдү илишип бардык тараптан  сабактарга катышты, физик мугалимдер райондон бары катышты кыскасы бардык тараптан кандайдыр бир мактоо жарашып калды окшойт ийгиликке жетиштик. Дагы 1985-жылы күзүндө мугалимдер күнүнө карата «Эл агартуунун отличниги» деген наамды мага ыйгарышты».                                                                              

7- классынын окуучусу Нурбекова  Нуриза агай фикика сабагынан гана эмес башка сабактарды да жакшы өздөштүрүп берет деген оюн билдирди:

«Мен Барскоон айылына караштуу Э.Кендирбаев атындагы  орто мектептин жетинчи классынын окуучусумун. Агайдын жакшы сапаттары бул деген өзү билген нерсени өзүн ичинде кантып калбастан башка  окуучуларга дагы өзүнүн билимин берип билбеген нерсени билтиртип турган сапаты жагат. Агайдын сабак бергенде өзгөчүлүгү бул деген агай бир гана физика менен чектелип калбастан башка сабактардан дагы  өзүнүн билимин берип кетет. Өзү негизи физик агайдын көп сапаттарын биз абдан жакшы  балайбыз. Агай сабакты абдан кызыктуу өтөт. Биз агайга чоң рахмат айтабыз себебинде быйыл физика кошулуп  ушул физика кандай эмне себептен эмне болуп келген  бардык ушул билген жана билбеген нерселерибизди алда канча тереңдеп билип жатабыз».

Жеке эле кесиптеш эмес кошуна катарында жакшы агам макточу жерлери көп санжыра жана айткан сөзүн түп тамырына чейин жеткирет деп кесиптеши Кенжегул Сыдыков билдирди:

« Исраил агай менен жеке эле кесиптеш катары эмес кошуна катары дагы өмүр боюу жашап келе жатабыз. Жакшы агайыбыз бар. Киши билбеген таланттары жөнүндө айта кетсем маңызын чыгарып жакшы айтып берет. Санжыраны жакшы билет деп айта кетсем болот. Коллективдерде Ырысбай Абдыкадыровтун ырын созолонтуп жакшы ырдап берет. Кайда ырдабасын жалаң Ырысбайдын ырларын ырдайт да эмнегедир. Жумушту да жакшы жасайт майдалап, бирок майын чыгара жасайт. Ошол жакшы таланттарын билем».

Исраил Төлөгожоев жаш кезинде инженер болууну кыялданчу. Бир нерселерди оңдоп, жасаганга шыктуу болгон .Бирок мугалим болгонуна учурда өкүнбөйм. Себеби мугалим көп тармактуу билимдүү адам.

Даярдаган : Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев  атындагы орто мектебинин окуучулары Алтынбек Эминказиев, Нуртегин Кусейинов.

                                                                            

Мектептерде көчүрүү экзамендери өтүп жатат.

25-май акыркы коӊгуроо аяктап көчүүрү экзамендери башталды.Экзамен 26-29 майга чейин өткөрүлөт.Ар бир класс эки сабактан экзамен беришет.

      кочуруу экзамени

Көчүрүү экзамендеринин жүрүшү боюнча  Нарын райондук Билим берүү бөлүмүнүн адиси Маралбаев Искендер Калысбековичтин сөзү төмөндөгүдөй:

«Көчүрүү экзамендери талапка ылайык,буйруктардын негизинде өтүп жатыптыр.Ар бирөөнө кирип катышып  чыктык,бардык сабактар боюнча өздөрүнүн  расписаниеси менен өтүп жатыптыр.Бардыгы жакшы.»

               

10-класстын окуучусу Амангелди кызы Гулипа экзаменге  жакшы даяардыкта келгенин айтты:

«Мен бугун биология  сабагынан экзамен бергени жатам,бардыгы 25 билет, 75 суроого даярдык көрдүм , буюурса жакшы берем деп ойлойм.Мен классташтарыма жана башка окуучуларга ийгилик каалайм, экзамендерин жакшы тапшырып чыгышсын.»

Койчубеков Сыймык бүгүн физика сабагынан экзамен берет:

«Мен бүгүнкү экзаменге жакшы даяардыкта келдим.Физика сабагынан бизге  жалпы 20 билет  берилип  бардыгын толук жаздым.Азыр окуучулар кирди бир аздан кийин мен дагы кирем.Бардык окуучуларга ийгилик.»

Рысбек кызы Мырзайым 7-классынын окуучусу экзамен жакшы деӊгээлде өтүп жатат дейт:

«Биз бүгүн алгебра сабагынан экзамен берип жатабыз.Азыр бирден экиден окуучу кирип жатат.Даярдык жакшы,баардык классташтарыма экзаменден жакшы баа алып чыгышын каалайм .»

Бардык  окуучулар көчүрүү экзамендерин жакшы тапшырып,жакшы баа алып чыгышын кааламакчыбыз.

  Даярдагандар: Жерге-тал айылындагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары Мээрим Жумабекова,Элиза Темирбекова.

 

Асанбек Табалдиев мектебинде акыркы коңгуроо кагылды.

Асанбек Табалдиев орто мектебинде 25-май акыркы коӊгуроого карата иш чара  өткөрүлдү.Мектепти  11-классынан  40 окуучу,  9-классынан  48 окуучу  бүтүрдү.

      акыркы конгуроо

Бүтүрүү  кечеси  боюнча  11-классынын  класс  жетекчиси  Турдалиева  Айзат  эжейдин  сөзү  төмөндөгүдөй:

«Быйылкы  жылы  11-классынан  40  окуучу  бүтүргөнү  жатат.Мен  бүтүрүүчүлөргө  ак  жол , сынактардан  ийгиликтүү  өтүп  өзүлөрү  каалаган  окуу  жайга  өтүшүн  каалайм.»

11- классынын  окуучусу  Орозбекова  Мээримдин  айтымында  акыркы  коӊгуроо  жакшы  деӊгээлде  өттү:

«Мен  классташтарыма  мындан  аркы  иштерине  ийгилик  өзүлөрү  каалаган  кесипке  ээ  болушун  каалайм.Мен  келечекте  Кыргыз  Улуттук  Университетте  окугум  келет.»

 Бүтүрүүчү  Максатбек  кызы  Перизат  келечекте  башталгыч  класска мугалим  болгусу  келет:

«Бүтүрүү  кечеси  жакшы  болду.Мен  үчүн  бул  жыл  ийгиликтүү  жылдардан  болуп,көптөгөн  жетишкендиктерге ээ болдум. Быйыл  физика  сабагы  боюнча  республикалык  олимпиадага  чыгып  катышып келдим.

Мектеп  жетекчилиги  мага  планшет  белекке  беришти.Мен  башталгыч  класска  мугалим  болуп,окуучуларга  татыктуу  билим  бергим  келет. Быйылкы 2016-2017-жылдын  бүтүрүүчүлөрүнө  ак  жол,иштерине  ийгилик.»

 

Бүтүрүүчүлөр   ЖРТдан   жакшы   балл  алып, өзүлөрү  каалаган  кесипке өтүшүнө  тилектешпиз.

Даярдаган: Жерге-Тал айылындагы  А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучусу  Мээрим  Жумабекова.

“Өрнөк” билим берүү борбору ийгиликтүү иштеп келет.

Жерге-Тал айылында Нарын райондук “Өрнөк” билим берүү борбору ар түрдүү тармактагы ийримдер боюнча окуучуларга билим берип келет.

      өрнөк билим берүү борбору

Биринчи жолу бул борбор 2012-жылы Сары-Ой айылында ачылып, кийин Жерге- Тал айылына 2014-жылы которулган. Азыркы учурда 8 ийрим бар. Алардын ичинде балдардын жана кыздардын кол өнөрчүлүгү комузчулар, сүрөт искусствосу сыяктуу тармактар боюнча иштейт.

Нарын райондук “Өрнөк” билим берүү борборунун директору Кырчобаев Болот Сыдыгалиевичтин айтымында, борбор иштегенден бери көптөгөн ийгиликтерге жетишип келишет.

“Ийримдерге окуучулардын жөндөмүнө жараша келип катышышат. Бизде билим берүү менен эле чектелип калбастан, ар кандай райондук конкурс сынактарга катышышат. Мисалы райондук кароо сынакта комузчулук өнөрү боюнча “Атай” комузчулар ансамбли биринчиликти багындырды.”

 

Сыдыкова Динара Алыбековна учурда борбордун “Түйүм башат” ийриминин жетекчиси. Бул ийримде ал кыздарга түймө түйүү, сайма саюу жана кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн үйрөтөт. “Түйүм Башат” ийрими тууралуу жетекчиси төмөндөгүлөргө токтолду:

“Келечекте көптөгөн ой максаттарыбыз бар,жакынкы арада жаш талант кароо сынагына катышып келдик, эки окуучу барып активдүү катышып келишти бул ийримде отуздан ашык окуучулар тарбияланып келет. ”

 

7-класстын окуучусу Турар Кубанычбеков ийримден пайдалуу нерселерди үйрөнгөнүн жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди:

“Мен булгары ийримине катышам, бул ийримге досторум айтканда келгем. Мен бул ийримден камчы, браслет, кур, сумка жана башкаларды үйрөнуп жатам. Жакын  арада эле жаш талант кароо сынагына барып экинчи орунду камсыз кылып келдим. Келечекте агай менен чакан бизнес ачалы деп жатканбыз булгары өнөрүнөн камчы,  браслет, сумка жана башкаларды жазап сатып өзүбүзгө каражат таап алалы деген жакшы ниетибиз бар, өзүм да үйрөнүп алам, агайыма чоң рахматымды айтмакчымын.”

Даярдаган: Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары Урмат Мамбеталиев,Бекназар Кенжебек уулу,Сыймык Мырзабеков.

Учкун айылында суу маселеси курч

Ош облусунун Учкун айылында  суу маселеси курч. Жаан жааган учурларда айылда кундөп-түндөп жашоочулар суусу жок калган убакыттар көп кездешет. Учкун мектеп радиосунун волонтерлору бул туралуу сюжет даярдашкан.

      Суу маселеси

Учкун орто мектеби,Ош облусу

Последний звонок [фотоотчет]

В школе № 3 города Талас, прошло мероприятие в честь последнего звонка. В 2017 году школу окончат 32 выпускника и 208 первоклассников провожают их в новый путь. Отличников в школе 72 ученика.

Средняя школа №3, города Талас

Жалгыз жол чырагы

Эң биринчи жол чырак 1868-жылы 10-декабрда Лондондо Англия парламентинин имаратынын жанына орнотулган. Жол чыракты ойлоп тапкан Ж. Найт аттуу окумуштуу темир жол семофору (темир жолдогу жол чырак) боюнча адис болгон. Алгачкы светофорду кол менен иштетишкен жана анын эки семофордук канаты бар эле. Бир канатынын жогору көтөрүлүшү “токто!” деген белги болсо, ылдый түшкөн түрү “этияттык менен кыймылга кел!” дегенди түшүндүргөн.

      Сюжет Жол чырагы

Ош облусунун Учкун айылында жалгыз жол чырагы иштеп келет. Мектеп радиосунун волонтерлору бул туралуу сюжет даярдашкан.

Учкун орто мектеби,Ош облусу