Таластык окуучулар “Сен – менин баатырымсың” китебин окуп жатышат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, БУУнун Балдар фонду, “Балдарды сактоо” уюму жана 50 уюмдун колдоосу менен “Сен – менин баатырымсың” аттуу жаңы китеп чыгарылды. 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, БУУнун Балдар фонду, “Балдарды сактоо” уюму жалпысынан алганда 50 уюмдун колдоосу менен “Сен – менин баатырымсың” аттуу 6 жаштан 11 жашка чейинки балдарга арналган жаңы китеп чыгарылды. Китеп англис, орус, испан, араб, француз, кытай тилдеринде жарык көрдү. Китеп онлайн түрүндө жана аудио китепче түрүндө дагы чыгарылган.

Китепте COVID-19 пандемиясы жайылган ар түрдүү өлкөлөрдө жашаган балдарга арналып, наристелер илдеттен өздөрүн жана жакындарын кантип коргой алышаары тууралуу чагылдырылган. Талас шаарынын 10 жаштагы тургуну Айтунук Достукбекова уюлдук телефонунан китепти окуп жаткан кези.

-Мен Талас шаарындагы №3 мектепте 4-класста окуйм. 17-марттан баштап биздин мектеп жабылган. Азыр уюлдук телефонума келген тиркемеден китепти орус тилинде окуп жатам. Китептеги Сара аттуу кыздын баяны мага аябай жакты. Китептеги сүрөттөр, окуялар абдан таасирдүү жана кызыктуу. Ал эми коронавирустан сактаныш үчүн үйдөн чыкпай, колду бат-бат самындап жууп, антисептик колдонуш керек -дейт Айтунук.

Карантин маалында балдардын аң сезимин коркунучка алдырбай, психикалык колдоо берген бул китепти даярдоо долбоорун IASC MHPSS RG серепчилер агенттигинин катышуучулары эл аралык, регионалдык жана улуттук деңгээлде 104 өлкөдөн ата-энелерди, тарбиячыларды, мугалимдерди жана балдарды тартуу менен ишке ашырышкан.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Жаңы мүмкүнчүлүктөр — skypestudy.org

Коронавирус пандемиясы, карантин, өзгөчө кырдаалдагы курч абал биздин тынч жашообузга 2020-жылдын жаз айында кирип келди. Жашообузду татаалданткан кырдаалга баш ийүү менен гана биз өзүбүздүн жана жакындарыбыздын тынч жашоосуна өбөлгө түзө алабыз. Учурдун талабы ушундай.
Бул кырдаал медалдын эки бети сыяктуу бизге жаңы көйгөйлөрдү гана эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү дагы берүүдө. Эгер сиз көптөн бери чет тилдерди үйрөнөйүн деп бирок, ылайыктуу убакыт жоктугунан бул тилегиңизди ишке ашыра албай келсеңиз, анда бул маалымат сиз үчүн.
Skypestudy.org эл аралык англис тили мектеби бош учуруңузду пайдалуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Атайын түзүлгөн окутуу платформасы менен окуу сизге кыйла жеңил жана жемиштүү болот.
—  Башкы пайдасы – ишенимдүү конферернцбайланыш каерге болбосун, ал тургай Кыргызстандын эң алыскы аймактарына чейин жетет.
—  Окутуучу менен пикир алмашуу кадимки сабак учурундагыдай эле максималдуу жакындыкта болот.
—  Он-лайн аркылуу сабак өтүү тажрыйбасына ээ компетенттүү окутуучу менен машыга баштайсыз.
—  Тестирлөөдөн өтүү менен сиз билимиңиз кайсыл деңгээлде экенин билесиз жана жекече окутуу программасы сунушталат.
—  Окутуунун ар бир этабында атайын иштелип чыккан тестирлөөдөн өтүү менен билимиңиз канчалык деңгээлге көтөрүлгөнүн билип турсаңыз болот.
—  Кыйын жана татаал темаларда окутуучу кеп-кеңешин берет.
—  Карантин эрежелерин сактап, үйүңүздө олтуруп, өзүңүзгө ыңгайлуу убакта окуганды уланта бересиз.
—  Окутуу жекече дагы, топ менен дагы жүргүзүлөт.
—  Дистанциондук билим алууну реалдуу түрдө таасирдүү колдоно аласыз.
—  Ар бир студенттин жеке кабинети болот, андан каалаган учурунда өзүнө керектүү маалыматтарды жана билим алуусуна канча каражат коротконун биле алат. Төлөмдү дагы үйдөн чыкпай Эльсом жана банктык карталар аркылуу төлөгөнгө мүмкүнчүлүк бар.
—  Сиз эрежелерди үйрөнбөйсүз, сизге сүйлөөнү үйрөтүшөт, натыйжада кыялыңыздагыдай англисче сүйлөйсүз.
Бүгүнкү күндөгү он-лайн платформасы – актуалдуу, заманбап, келечектүү, эң негизгиси оңой. https.//www.skypestudy.org/

Даярдаган: Кундуз Мырзалиева, Мира Сейдикеримова

Акын Арзыкан Момунтаеванын “Айтматов жана поэзия” аттуу кечеси болуп өттү

2-март күнү Талас мамлекеттик университетинде акын, коомдук ишмер Арзыкан Момунтаеванын “Айтматов жана поэзия” аттуу поэзия кечеси болуп өттү. Кечеге Талас облустук медиа борборунун башкы директору, Кыргызстан жазуучулар союзунун Талас облусундагы к бөлүмүнүн башчысы Эрмек Үмөтов, Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упенов, акындын калемдештери Тойчубек Алишеров, Койбагар Турдумамбетов, Талас облустук билим берүү борборунун жетекчисинин орун басары Борончу Нурматов, “Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, университеттин окутуучулары, студенттер катышты.

Алып баруучу Нурзада Камчыбекова слайд менен кечени ачып, акын Арзыкан Момунтаеваны сахнага чакырды. Акын эжебиз жаңы жазылган ырларынан окуп берди. Автордун обондуу ырлары жаңырып, “Сапат” лицейинин окуучулары “Алтын энекем” аттуу ырды аткарып беришти. Студент кыздар тобу “Саясат саптарында”, “7-Апрель — 7 баатыр” китептеринен алынган ырларды көркөм окушту. Акындын жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу сүрөт көргөзмөсү да кеченин көркүн ачты.
“Баатырларга таазим” коомдук бирикмесинин жетекчиси Кишимжан Таштекеева, мүчөлөрү Күмүшай Бокотонова, Жамила Токсонова эжелер акындын Апрель революциясында уулдарын жоготкон ата-энелердин арман-күйүтүн тең бөлүшүп, коомдогу болуп жаткан саясый окуяларга айкалыштырып китеп жазганын, коомдук бирикменин активдүү мүчөсү экенин айтышып, Арзыкан Момунтева ыраазычылыктарын билдиришти.

Сөз сүйлөп акындын чыгармачылыгы тууралуу өз ойлорун айтышкан кеченин катышуучулары, Арзыкан Момунтаеванын асыл адамгерчилигин, коомдук иштерге жигердүү катышып, коомдун өнүгүүсүнө, ишкердикти өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу баса белгилеп өтүштү.
Адабият алпы Чыңгыз Айтматов Жер эненин ыйын, жан-жаныбар, жаратылыш менен Адамдын камыр-жумур мамилесин, баарыбыз жандуу жаратылыштын бир бөлүгү экенибизди ар бир чыгармасында айтып, адам баласын күн сайын адам болууга чакырган эмеспи. Акын Арзыкан Момунтаеванын ырларында дагы жаратылышты сүйүү, табият менен адамдын алакасы, окшоштугу, бирин бири толуктап тургандыгына чоң маани берилген.

“Азабы көп асыл аялсың,
Аргыштаган аппак маралсың.
Жан отуңа Аалам жылыткан
Жаркыраган жашыл аралсың.

Суусаттырган суудай тунуксуң,
Сууга түшкөн аппак булутсуң.
Кабагыңда күндүн нуру бар,
Кандай пенде сени унутсун.

Аял, аял аппак маралдай,
Ааламда жок теңдеш таба албай.
Тегиз тийген күндүн нурундай,
Деңиз болуп агып барам жай”,-деп, өз ырында жазгандай, айтылуу акын эжекебизге “жаркыраган жашыл аралында” жамгырдай себелеген жакшылыктарды, чыгармачылык жаңы эргүүлөрдү каалайбыз.

Мира СЕЙДИКЕРИМОВА

В школах города Талас организовываются мероприятия ко дню Международного родного языка

Языки играют важнейшую роль для обеспечения самобытности человека и групп людей и их мирного сосуществования. Они служат одним из стратегических факторов прогресса в достижении устойчивого развития и гармонических взаимоотношений между глобальными и местными условиями. Лишь всестороннее принятие многоязычия даст всем языкам возможность обрести свое место в мире, охваченном процессами глобализации.

Международный день родного языка был провозглашен Генеральной конференцией ЮНЕСКО в ноябре 1999 года и отмечается каждый год с февраля 2000 года для содействия языковому и культурному разнообразию и многоязычию.

Сегодня в мире существует около 6000 языков и 44 процента из них находятся под угрозой исчезновения. Только несколько сотен языков, в том числе и Кыргызский язык, играют видную роль в системах образования и в государственной сфере, и менее ста языков используются в мире цифровых технологий.

В 2020 году международному дню родного языка исполняется 20 лет. В честь этого в этом году по всему миру, как и в Кыргызстане, устраиваются разные торжества и мероприятия.


Во многих образовательных центрах, в частности в школах, ученики организовывают и проводят подобные мероприятия . В некоторых школах города Талас уже провели это торжество, а остальные только начали подготовку. Возьмем к примеру СШ №7.

Как же прошло это мероприятие?

Ученики 9 класса показали на примере игру, путем сплетение ленточки «Мы все едины», где они приготовили приветствие, песни, стихотворения на 15 языках: на кыргызском, казахском, русском, украинском, английском, чеченском, корейском, японском, узбекском, таджикском, арабском, хинди, испанском, французском и немецком.


Ученицы станцевали национальный танец, некоторых народов.
Все ознакомились с традициями и обычаями народов, получили информации о других государствах и смотрели видеоролики, которые подготовили ученики из других классов. Вечер прошел красочно и увлекательно.

Подготовила: Копенко Валерия

“Гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу” боюнча Талас шаарында тегерек стол өткөрүлдү.

Гендердик теңчилик — бактылуу үй-бүлө, өнүккөн коом

SAMSUNG CAMERA PICTURES

18-февраль күнү Талас шаарында “Гендердик теңчиликти жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жайылтуу” долбоорунун координатору Айзада Калканбекова, жамааттык маалымдоо каражаттарынын Ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Жусупова “Үй бүлөдөгү зордук-зомбулук менен күрөшүүдө ар бир адамдын катышуусу” аттуу тегерек стол уюштурушту. Тегерек столго Талас облусунун прокуратура, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин өкүлдөрү, айылдык кеңештердин депутаттары, жаштар жана аялдар кеңешинин мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери жана жарандык активисттер катышты.

SAMSUNG CAMERA PICTURES

Тегерек столдун модератору Зарина Туркманова алгачкы сөздү жамааттык маалымдоо каражаттарынын Ассоциациясынын аткаруучу директору Назира Жусуповага жана долбоордун координатору Айзада Калканбековага берди.
— Бул долбоордун мөөнөтү 2 жыл. Максаты жалпыга маалымдоо каражаттары, медиа коомчулук жана бардык кызыктар тараптардын өз ара иш-аракеттери аркылуу гендердик зомбулукту азайтуу жана Кыргызстанда аялдардын арасында алдыңкы үлгүнү жайылтуу. Долбоор БУУнун Демократиялык фонду тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы жамааттык ЖМКлардын Ассоциациясы тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун өнөктөшү “Демге-Дем” коомдук фонду,-деди Назира Жусупова.

SAMSUNG CAMERA PICTURES

— Долбоор Кыргызстандын 7 облусундагы эң алыскы, маалымат жетпеген айыл аймактарды камтыйт. Мисалы, Талас облусунан пилоттук эки айыл Нылды жана Бакай-Ата кыштагында, Талас шаарында “Радиомост” жамааттык үналгысында аялдардын катышуусу менен тренингдер, тегерек столдор өткөрүлгөн,- деп белгилеп өттү Айзада Калканбекова.
КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн адиси Бактыгүл Тагайматова, Талас шаардык мэриясынын социалдык бөлүмүнүн адиси Кадырбек кызы Каныкей жергиликтүү башкаруу бийлиги тарабынан дагы гендердик теңчилик маселесине олуттуу көңүл бурулуп жатканына токтолуп өтүштү.

SAMSUNG CAMERA PICTURES

“Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктардын гендердик зомбулукка каршы күрөшүү” долбоорунун Таластагы координатору Марина Эдигееванын GALS ыкмалары аркылуу үй-бүлөдө гендердик теңчиликти камсыздоо ыкмалары катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Коргоо ордери 3 күндүк мөөнөткө берилгени менен жабырлануучу зомбулук көрсөткөн адам менен бир үйдө жашаганы кооптуулукту жаратып, физикалык зомбулукка туш болгон аялдар психологиялык, сексуалдык зомбулукка да дуушар болушуп, депрессияга батып жатканы коомубуздагы көйгөйлүү маселелердин бири. Тилекке каршы, жабырлануучуларды мындай абалдан алып чыгуу оңой иш эмес, анын үстүнө кесипкөй психологдордун жоктугу жана жабырлангандар убактылуу баш калкалай турган жайдын жоктугу дагы олуттуу маселелердин бири.
Өткөн жылы Талас облусу боюнча 186 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болгону расмий катталган. 135 физикалык, 51 психологиялык зомбулукка дуушар болгондордун 168и аял, 10 жаш өспүрүм, 8 эркек. Ал эми 2018-жылы 235 үй бүлөлүк зордук зомбулукка дуушар болгондор катталып, алардын 199 аял, 28 эркек, 8 жаш өспүрүмдөр болгон, 231 коргоо ордери берилген.
2020-жыл башынан бери 41 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталып, 41 коргоо ордери берилген.
Тегерек столдун иши жагымдуу нотада жыйынтыкталып, 2019-жылы “Гендер жана Медиа” сынагында мыкты макала жазып, байгеге ээ болгон “Талас байрагы” гезитинин техникалык редактору Суранчы Дүйшөнбаевге, аталган гезиттин Бакай-Ата району боюнча кабарчысы Жоомарт Бейшеналиевге жана “Аялзатын да барктай билсек” видеоматериалы менен сынакка катышкан Салыйка Сарыбаевага дипломдор тапшырылды.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Алтынчы айлампада “Алганын” азаматтары атаандаштарын артка калтырды

6-февраль күнү Көк-Кашат айлында көкбөрү мелдеши болуп, анда Көк-Кашаттык “Алга” командасы 1-орунду жеңип алды.
Бул жолу мелдештин алтынчы айлампасы өткөрүлүп, Ак-Жар, А.Огомбаев, Көк-Кашат жана Калба айылынын 1985-жылкы жигиттеринен түзүлгөн көкбөрү командалары катышты.


Оюнду Беш-Таштан келген көкбөрүчүлөр менен Көк-Кашаттык “Алга” командасы баштады. Жыйынтыгында 6:1 эсебинде “Алга” утуп алды.
Андан кийин Ак-Жар менен Калба ойноп, калбалык жигиттер 3:2 эсебинде утуп алышты.
3-4-орунга Ак-Жар менен Беш-Таш ойноп, 3:2 эсебинде Беш-Таш командасы жеңишке жетишти.
Финалга Калба менен Көк-Кашат чыгып, 5:0 эсеби менен көк-кашаттык “Алга” командасы калбалыктарды таза утуп алды.
Көкбөрүнү сүйгөн көпчүлүк, сүрөөнчүлөр абдан көп болду. Мелдештин акырында 1-орунду алган командага 3000 сом, 2-орунду ээлегендерге 2000 сом, 3-орунга татыктуу болгондорго 1000 сом, ал эми калган командаларга 500 сомдон кызыктыруучу сыйлыктар берилди.
2019-жылы Манас айылында биринчи ирээт 1985-жылкы жигиттер арасында көкбөрү мелдеши өткөрүлгөн. Мелдешке Ак-Жар, А.Огомбаев, Кара-Суу, Манас, Арал, Үч-Эмчек, Көк-Кашат, Калба жана Чоң-Токой командалары катышып келишет.


— Мелдештин шарты жөнөкөй, эки улак союлуп, бир улак кийинки мелдешти уюштура турган айылга эстафета катары берилип, экинчи улакты мелдеш өткөргөн айылдын көкбөрүчүлөрү куурдак кылып жешет. Мелдеш баарыбыздын башыбызды бириктирип, айылдар аралык ынтымакты чыңдаганга, көкбөрү оюнун өркүндөтүүгө өбөлгө болот экен, деп кошумчалады “Алга” командасынын оюнчусу жана демөөрчүсү Эрнис Шамбетов.
Айта кетсек, “Алга” командасындагы көкбөрүчү жигиттердин оюнга кийе турган кийим-кечектерин Эрнис Шамбетов тиктирип берген.

— Манас айлында өткөн мелдешке тилекке каршы, катыша албай калганбыз. Кийин Ак-Жар айылынан 2-орун, Беш-Таштан 1-орун, Кара-Суу айылынан 2-орун, ал эми Калба айылында өткөн мелдештен 1-орунду алганбыз. Бүгүнкү мелдеште 1-орунду ээледик,-деди Көк-Куш атын алкынтып, алдыңкы оюнчулардын бири Надырбек Алкадыров. “Күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы тыбырайт” дегендей, бир кылка мыкты оюнчулар жыйналган “Алга” командасында, топ жарган мыкты көкбөрүчүлөр бар.
Бул жолку оюнда Надырбек Алкадыров, Сыят Аманжанов, Замир Байызбеков тайказанга улакты көп салып, команданы алдыга сүрөштү.

“Алга” командасында 12 оюнчу бар. Алар:
1. Команданын капитаны Канат Иманбаев, минген аты Арбат.
2. Замир Байызбеков, көкбөрүгө чапкан күлүгүнүн аты Пакет.
3. Бектур Жуманалиев, минген аты Мустанг.
4. Замир Асымбаев, минген аты Зимар.
5. Шабданбек Акматалиев, минген аты Лазер.
6. Надырбек Алкадыров Көк-Куш аты менен мелдешке чыкты.
7. Эрнис Шамбетовдун минген аты Жарыкбаш.
8. Касен Тыналиев, минген аты Арматура.
9. Аманжанов Сыятбек, минген аты Жорго.
10. Айилчинбек Кожомуратов минген аты Чүкөбаш.
11. Марат Шаршеналиев минген аты Чагылган.
12. Заирбек Береналиев, менген күлүгү Каракуш.


“Алга” командасынын артыкчылыгы мелдешке жакшы даярдык, жаңы формалары менен чыгышты. Ал эми калган айылдардан келген командалар азырынча форма тиктиргенге жетише элек экендиги көрүнүп турду.
Көкбөрү эстафетасы катары союлган эки улактын бири Ак-Жардан келген командага берилди. Мелдештин жетинчи айлампасы күзүндө Ак-Жар айылында болмокчу.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Айылдыктар Skipe аркылуу акимге, мекеме-уюмдардын жетекчилерине суроо-талаптарын айтышат

Эл менен аткаруу бийлигинин алакасын күчөтүү максатында Skipe байланышына кошулуу менен  онлайн баарлашуулары уюштурулду

Талас районунда эл менен аткаруу бийлигинин алакасын күчөтүү максатында Skipe байланышына кошулуу менен  онлайн баарлашуулары уюштурулуп, натыйжада айылдыктарды түйшөлткөн көпчүлүк маселелер жеринде убакыттан уттурбай ыкчам чечиле баштайт.

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында Талас райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылы 21-октябрда № 224 буйругу  чыккан. Анын негизинде жергиликтүү маселелерди чечүүнү жеңилдетүү, мекеме-уюмдардын жана айыл өкмөттөрүнүн иш алып баруусундагы оперативдүүлүктү күчөтүү, айыл аймактарындагы маселелерди жеринде көзөмөлдөө максатындаSkipe байланыш программасына кошулуу жана конференциялык байланышты үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн ар бир мекемеде жана айыл өкмөттөрүндө бир кызматкер милдеттендирилген.

Конференциялык байланышты жүргүзүү эрежелерин камтыган жобо жана мекеме, уюмдардын, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери райондун жашоочулары менен конференциялык байланышта болуу графиги бекитилди.

Эми айыл өкмөттөрү жана мекеме, уюмдар 2020-жылдын бюджетинин эсебинен жалпы окууларды жана жыйындарды уюштуруу үчүн атайын кабинеттерди, чоң экрандуу телевизорлорду, микрофондорду жана керектүү жабдыктарды камсыз кылышат.

 

 

Даярдаган: Мира СЕЙДИКЕРИМОВА

Мугалимдердин кышкы жыйыны болуп ѳттү

Манас районуна караштуу Покровка айылында мугалимдердин кышкы жыйыны болуп ѳттү.

Үстүбүздѳгү  жылдын  9- январында   Манас  районундагы  Покровка орто  мектебинде  усулдук  бирикмелердин  кышкы  жыйыны  болуп  ѳттү.

Анда  алдынкы  тажрыйбадагы  ачык  сабактар  ѳтүлдү. 2019-2020  окуу жылынын  2- жарымына  карата  иш- пландарды  карап  чыгышты. Мындан тышкары  башталгыч  класстар  бирикмеси  кыргыз  тили  боюнча  окуу китептерине  анализ  жүргүзүштү  жана  жайкы  жыйынга  тапшырмаларды алышты.

Эскерте  кетсек, мугалимдер  2- январдан  баштап, мектептерде  окуу жылынын  2- чейреги  үчүн  отчетторун  тапшырышып  иштеп  келишти.

Мугалим  десе  ар бир  адамдын  жүрѳгүн  жылуулук  уялайт эмеспи. Андыктан  мугалимдерибиздин сыймыктуу, ары  түйшүктүү  ишине  ийгилик каалай  кетели.

Даярдаган: Сабира Момункулова , Кундуз Мырзалиева