Мугалимдердин кышкы жыйыны болуп ѳттү

Манас районуна караштуу Покровка айылында мугалимдердин кышкы жыйыны болуп ѳттү.

Үстүбүздѳгү  жылдын  9- январында   Манас  районундагы  Покровка орто  мектебинде  усулдук  бирикмелердин  кышкы  жыйыны  болуп  ѳттү.

Анда  алдынкы  тажрыйбадагы  ачык  сабактар  ѳтүлдү. 2019-2020  окуу жылынын  2- жарымына  карата  иш- пландарды  карап  чыгышты. Мындан тышкары  башталгыч  класстар  бирикмеси  кыргыз  тили  боюнча  окуу китептерине  анализ  жүргүзүштү  жана  жайкы  жыйынга  тапшырмаларды алышты.

Эскерте  кетсек, мугалимдер  2- январдан  баштап, мектептерде  окуу жылынын  2- чейреги  үчүн  отчетторун  тапшырышып  иштеп  келишти.

Мугалим  десе  ар бир  адамдын  жүрѳгүн  жылуулук  уялайт эмеспи. Андыктан  мугалимдерибиздин сыймыктуу, ары  түйшүктүү  ишине  ийгилик каалай  кетели.

Даярдаган: Сабира Момункулова , Кундуз Мырзалиева

Окуучулар « Жомоктор дүйнѳсүнѳ » саякат жасашты

Башталгыч класстын окуучулары кышкы эс алууда « Жомоктор дүйнѳсүнѳ» саякат жасашты

Манас  районундагы  Өмүрзак Израилов  атындагы  орто  мектебинин башталгыч  класстарынын  окуучулары «окуурман  бала»  программасынын алкагында  «Жомоктор дүйнѳсүнѳ»  саякат  жазашты.

Анда  1-4 – класстардын  ар  бири  бирден  жомокту  чеберчилик  менен театрлаштырып  аткарып  беришти. Бул  жомоктордун  ар  биринин  окуучулар  үчүн  тарбиялык  мааниси  зор.

Жомоктор  аткарылган  сон китеп жонүндѳ  ырлар, корком  окуулар  болду. Бийлер  менен  коштолду. Аталган  иш- чарага  «Мерсико» долбоорунун  эксперти  Гулнара Избасарова  катышты.

Мындай  аракеттер балдарды китепти суйуп  окууга, мектеп  театрында ойноого кызыгууларын арттырары шексиз

 

Даярдаган:  Момункулова Сабира, Кундуз Мырзалиева

Подготовка к Новому Году в городе Талас

Жители города Талас готовятся к Новому Году.

Новый год празднуют во всем мире. Так как Новый Год это семейный праздник собираются родные и близкие, накрывают на стол, украшают дом, дарят друг другу подарки наряжают елку. Дети не представляют новый год без елки. Елка предает новогоднее настроение. Традиционно к этому празднику мэрия города Талас на центральной площади устанавливают елку, разукрашенную пестрыми гирляндами, игрушками и конфетти, чтобы порадовать гостей и жителей Таласа. Особую радость это доставляет нашим детишкам.

Жители города  Талас также готовятся к встрече нового года, украшая дома, елки, закупают подарки, продукты питания и все необходимые товары для того, чтобы подарить радость семье. И в этой связи рынок города, а также супермаркеты создали все условия для жителей и гостей к подготовке к новому году, предоставляя разные аксессуары: подарки в красочных упаковках, новогодние костюмы и маски из мира сказок, гирлянды, хлопушки, елочные игрушки и т.д. На рынках идет распродажа зимних вещей. Владельцы магазинов и бутиков украшают здания разными декоративными вещами.

Подготовила: Копенко Валерия.