Шаардыктарга даректүү жардамдар бериле баштады

Шаардыктарга даректүү жардамдар бериле баштады

27-28-апрель күндү Талас шаарында жашаган 2333 аз камсыз үй бүлөгө 7 түрлүү азык түлүктөн турган  жардамдар бериле баштады.
— Президенттибиздин жарлыгы менен, Кыргыз Өкмөттүнүн токтому менен мамлекеттик резервден ун келди, ошондой эле 777600 сом Талас шаарына бөлүндү. Комиссиянын чечими менен мурда жардам алгандарга экинчи жолу берилбейт, себеби жардам баарына тегиз жетишизарыл.

 

Бул маселе боюнча боюнча 6 топ түзүлдү, анын ичинде мэриянын адистери, кварталдык комитеттер,, соцадистер бар. Алар жардамга муктаждарга даректүү жардамдарды жеткиришет,- дейт Талас шаарынын мэри А. Джузупбеков.
Кыргыз Республикасынын бюджеттин шаар тургундарына даректүү жардам көрсөтүү үчүн 200 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Ал эми Талас шаарына бөлүнгөн 777600 сом акчаны 972 адамга бөлгөндө 800 сомдон тийди.
— Чернобыль кырсыгынын күнү эсибизде, Талас шаарындагы Чернобылда болгон 30 киши бар, деп белгилеп өттү КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн орун басары Канымет Осмонбеков.

Анын айтымында жергшиликтүү башкаруу бийлигинин, медицина кызматкерлеринин жана тийиштүү мекеме уюмдардын жана жалпы элдин биргелешкен аракетинин натыйжасында Талас абал туруктуу, илдетке чалдыккандар катталган эмес.

Даярдаган : Мира Сейдикеримова , Азиз Батыркулов

 

Жаштар тобунан жардам

Талас шаарында жашаган жаштар өз ара топ түзүп жардамга муктаж болгон үй бүлөлөргө жардам беришти.

Талас шаарында жашаган 22 жаштагы Мамбеткалый уулу Эржан, 21 жаш курактагы Рустам Сыргабаев жана мектеп окуучулары Дастан Дүйшеев, Азат Мелисбеков,Улук Умарбеков өз ара топ түзүп, WhatsApp аркылуу тууган, тааныш, классташ, жоро-жолдошторунан жардам суроо акциясын уюштурушуп, натыйжада отуз миң сом өлчөмүндөгү тамак-аш, азык түлүк чогултушкан.

Элден чогултулган азык-түлүктөрдү Талас шаарында жашаган жардамга муктаж он беш үй бүлөгө таратып беришти, жаш ыктыярчылар Расылканова Алтынай, Исманова Алтынайлар үйлөрдү кыдырып таратуу иштерине кол кабыш кылышты.

Коронавирустан сактануу үчүн карантинде олтурган калктын аялуу катмарын түзгөн аз камсыз үй бүлөлөргө жардам берүү акциясын уланта беребиз. Бизге 0500898975 номери аркылуу байланыша аласыздар, — дейт топтун мүчөсү Дастан Дүйшеев.

Бул жаштар тобу мурда дагы кайрымдуулук акцияларын өткөрүшкөн. Үйлөрдү кыдырышып, чыныгы жардамга муктаждарды өз көздөрдү менен көрүп, көп балалуу аз камсыз үй бүлөлөрдүн, жалгыз бой энелердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, багаар көрөөрү жок кары-картаңдардын тизмелерин тактап чыгышкан.

 

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Дастан Жумабеков жардамга муктаждарга 50 тонна ун, керектүү азык түлүктөрдү жөнөттү

Таластык аз камсыз үй бүлөлөргө жана жардамга муктаждарга Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков 50 тонна ун жана башка азык-түлүктөрдү жөнөткөн. Учурда Талас облусундагы төрт район жана шаардагы аз камсыз, көп балалуу үй бүлөлөргө, жалгыз бой карыяларга жана жалпы жардамга муктаждарга ун жана башка азык-түлүктөр тизме боюнча таратылып берилип жатат.
Карантин күндөрү үйдөн чыга албай, күнүмдүк зарыл керектүү тамак ашка жетпей жаткан муктаж адамдар үчүн бул чоң жардам, моралдык колдоо болуп, ун жана башка азык түлүктөрдү алган көпчүлүк эл Дастан Жумабековго жана Жумабековдордун үй бүлөлөрүнө чоң ыраазычылык билдиришүүдө.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова