Онлайн конференцияда билим берүү маселелери талкууланды

Талас район-шаардык билим берүү бөлүмүндө Талас районунда жана Талас шаарында иштеген мектеп директорлору менен онлайн конференция уюштурууда.

Талас район-шаардык билим берүү бөлүмүндө Талас районунда жана Талас шаарында иштеген мектеп директорлору менен онлайн конференция уюштурулуп, Талас районунун аким З, Сыдыков, Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Арзыкан Момунтаева катышты.

Онлайн конференцияда бүгүнкү күндөгү абал, мугалимдердин ишин ар тараптуу жакшыртуу маселелери каралды.
Билим берүү министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Арзыкан Момунтаева Талас районуна караштуу Орто-Арык айылына жакын калктуу конуштарда интернет тартпай окуучулар кыйналып жатканын айтып өттү.

Талас районунун акими Замир Сыдыков бул маселени көзөмөлгө алып, маселени жеринде чечээрин айтты.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова,  Арзыкан Момунтаева

Шаардыктарга даректүү жардамдар бериле баштады

Шаардыктарга даректүү жардамдар бериле баштады

27-28-апрель күндү Талас шаарында жашаган 2333 аз камсыз үй бүлөгө 7 түрлүү азык түлүктөн турган  жардамдар бериле баштады.
— Президенттибиздин жарлыгы менен, Кыргыз Өкмөттүнүн токтому менен мамлекеттик резервден ун келди, ошондой эле 777600 сом Талас шаарына бөлүндү. Комиссиянын чечими менен мурда жардам алгандарга экинчи жолу берилбейт, себеби жардам баарына тегиз жетишизарыл.

 

Бул маселе боюнча боюнча 6 топ түзүлдү, анын ичинде мэриянын адистери, кварталдык комитеттер,, соцадистер бар. Алар жардамга муктаждарга даректүү жардамдарды жеткиришет,- дейт Талас шаарынын мэри А. Джузупбеков.
Кыргыз Республикасынын бюджеттин шаар тургундарына даректүү жардам көрсөтүү үчүн 200 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Ал эми Талас шаарына бөлүнгөн 777600 сом акчаны 972 адамга бөлгөндө 800 сомдон тийди.
— Чернобыль кырсыгынын күнү эсибизде, Талас шаарындагы Чернобылда болгон 30 киши бар, деп белгилеп өттү КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн орун басары Канымет Осмонбеков.

Анын айтымында жергшиликтүү башкаруу бийлигинин, медицина кызматкерлеринин жана тийиштүү мекеме уюмдардын жана жалпы элдин биргелешкен аракетинин натыйжасында Талас абал туруктуу, илдетке чалдыккандар катталган эмес.

Даярдаган : Мира Сейдикеримова , Азиз Батыркулов

 

Рамазан айында кайрымдуулук эшигин ачкан ишкер

Бака-Ата районундагы Өзгөрүш айлында 2019-жылы “Анкара” супермаркети ачылган. “Анкараны” ачкан жеке ишкер Абдыбек Атанбеков.
— Рамазан айы башталгандан баштап биздин маркетке итфтарга келип каалоочулар ооз ачыша алат. Орозо айында нанды бекер беребиз, деп маалымдады аталган супер маркеттин администратору Канимет Абдишов.

 

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Карантин учурунда жарамазан айтууга болбойт

Бардык мусулмандарды ыйык айы менен куттуктайбыз. Саарлык ичип ооз бекитип отурган жандарга Алла Таалам жаннаттан орун насип этсин! Орозоңуздар кабыл болсун бир туугандар!

Элибизде ыйык рамазан айы башталган тарта жарамазан айтуу салты бар. Жарамазан айтуу деген эмне, динде жарамазан барбы деген суроолор туулат.

— Жарамазан айтуу динде жок, бирок ислам дини кабыл алынып, пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи саламга беш маал намаз, отуз күндүк орозо мусулмандар үчүн парз кылынгандан тарта рамазан айы келатканда “Рамазан куттуу ай келди!” деп жар салуу жөрөлгөсү башталган. Демек бул рамазанды даңктоо, элге кабарлоо деген сөз, -деп маалымат берди Талас казыятынан Касым Сыдыков.

Кыргыздар мусулманчылыкты кабыл алгандан тарта отуз күндүк орозо тута башташкан. Жарамазан айтуу салты ошондон уланып, жигиттер, балдар жарамазан айтып үймө үй кыдырышкан. Байы болобу кедейиби жарамазан айтып баргандардын колун кур койбой, байлары кой, козу өңөртүп, чөнтөктөрүн тыйынга толтурган, кедейлери нан жармасын алып чыгып жарамазанчылардын курсагын тойгузган.
Жарамазан айтуу салты кыргыздарда салт катары кабылданып, азыркы учурда деле жарамазанчы жаш балдар үймө үй кыдырып айтып жүрүшөт.

2020-жылдын 24-апрелинен тарта орозо кармала баштады. Бирок, карантиндик абалда жашап жатканыбызга байланыштуу окуучу балдарыбызды жарамазан айтууга көчөгө чыгарбашыбыз керек. Сактыкта кордук жок дегендей короновирус илдетинин сактануу үчүн өзгөчө мектеп жашындагы балдар үйдөн чыкпай, ата-энелеринин көзөмөлүндө болууга тийиш.

Даярдаган: Кундуз Мырзалиева, Мира Сейдикеримова.

https://vokrugsveta.ua/event/ramadan-nachalo-posta-u-musulman  

 

Депутаттардын демилгеси

Эл башына кыйынчылык келген чакта жергиликтүү кеңештин депутаттары да четте калбай, өз кызматтарын көрсөтүшүүдө.

Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адыл Жусупбеков Талас районунун Талды-Булак айлындагы санитардык-карантиндик блок постко 1 даана жана Талас шаарынын чыгыш тарабындагы блок постко 1 даана жөө адамдар үчүн дезинфекциялоо өткөөлүн орнотуп берди.

Азыр блок посттон зарыл жумушу менен кирип чыккан жарандар дезинфекциялоо каражаттарын колдонуп жатышат. Депутаттардын демилгеси менен “Каныкей, “Ак тилек”, “Адилет”, “Талас”, “Мурас”, “Ширин”, “Кыргыз даамы” кафелери тарабынан блок-постто күнү түнү иштеп жаткан кызматкерлерге түшкү ысык тамак берилүүдө.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева

Жардыларга жардам

Талас шаарында жардыларга жардам берилди

Коронавирус илдети көпчүлүктү үйгө камап, жашоо шартты кыйла начарлатты. Күнүмдүк тиричилигин өткөрүү үчүн күн сайын жалданып базарда иштеп, батирине акча төлөп, балдарына нан таап келген жарандарга чындыгында эле кыйын болууда.

Мамлекет тарабынан да, жеке жактардан дагы Талас шаарындагы калктын аялуу катмарына жардамдар берилүүдө. Жеке ишкерлерден берилген жардамдар тууралуу Талас шаарынын вице мэринин кызматын убактылуу аткарып жаткан Самара Эсенбекова төмөндөгүдөй маалымат берди:

— Шаарыбыздагы “Береке-Агро” компаниясынын өкүлдөрү Рамис Рыскулов жубайы Асыл Мамбеталиева, ЖИА уюмунун мүчөлөрү Айнура Орумбаева, Ханзаада Мусаева жана башка ЖИА уюмунун мүчөлөрү, “Элим барсыңбы” уюмдары биргелешип 2000 даана бет кап даярдашкан жана 22 улгайган адамдардын ар бирине 1000 сомдук жардамдарды беришти. берилген.

Жеке ишкер Темирлан Абдиев тарабынан 30 кап ун, (50 кг), 30 кап кесме (5 кг), 30 литр май жардам, “Айкөл” борборунан 8 үй бүлөгө 8 кап ун, 8 кап кумшекер, 50 литр өсүмдүк майы, дезинфекциялоочу каражаттар, 24 даана бет кап ж.б. азык түлүктөр жана 4 карыяга 1000 сомдук жардам беришти.

Ал эми Бакубат-Талас фонду тарабынан шаарыбыздын жардамга муктаж тургундары 102 кап ун, 71 кап 25 килограммдык куруч алышты, “Исмаил-Ата” фонду тарабынан берилген жардамдан 800 кап ун берилди, Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.Жумабековдун үй бүлөсүнүн атынан келген гумжардамдан 225 кап унду 225 үй бүлөгө тараттык.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева

Жумушсуздар бет кап тигип жатышат

Улуттук Кызыл Ай коомунун Таластагы бөлүмү тарабынан жумушсуздарды иш менен камсыздоо максатында.

Улуттук Кызыл Ай коомунун Таластагы бөлүмү тарабынан жумушсуздарды иш менен камсыздоо максатында кийим бычуу, тигүү курстары ачылып, курстарга окуган кыз-келиндерге атайын сертификаттар берилген. Дасыккан адистен билим алган аялдар тигүү, бычуу кесибин мыкты өздөштүрүшкөн.

 

 

Андан көп өтпөй коронавирус тумоосу Кыргызстанда башталып, өлкөбүздүн баардык региондоруна карантиндик абал киргизилди. Ушул убакта бет каптардын аптекаларда аздыгы байкалып, Бишкектен гуманитардык жардам жөнөткөндөр медициналык бет каптарды жөнөтүп жатышат.

Учурдагы көйгөйдү азайтып, элге көмөктөшүү максатында Таластагы Кызыл Ай коомунан окуп кесипке ээ болгон кыз-келиндер бүгүнкү күндө эртеден кечке бет кап тигишүүдө. Бет каптар биринчи кезекте медиктерге жана милиция кызматкерлерине берилет.

Улуттук Кызыл Ай коомунун Таластагы бөлүмү ишти жакшы уюштуруп, жумушсуздарды убактылуу иш менен камсыздап, элге учурда абдан керектүү бет каптарды даярдоого көмөктөшүп жатканы мактоого арзыйт.

Даярдаган: Мира Сейдикеримива, Кундуз Мырзалиева

Ардагерлер алкыш айтышты

Кара-Буура районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ооруктун ардагерлерине жана Чернобыль кырсыгынын, Афган согушунун ардагерлерине азык түлүктөр топтомун жөнөтүлдү. 

КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жеке каражатынан Кара-Буура районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Бардан Турдалиевге, ооруктун ардагерлерине жана Чернобыль кырсыгынын, Афган согушунун ардагерлерине азык түлүктөр топтомун жөнөттү.

Карантиндик тартип орногон учурда азык-түлүк алуу кары-картаңдарга өзгөчө кыйын эмеспи, мындай маалда жакындан жардам көрсөтүп, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр менен камсыздаган КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге карыялар ыраазычылык билдиришүүдө.

Фото сюжет:

Даярдаган: Мира Сейдикеримова, Кундуз Мырзалиева

Карантиндик блок постторго бейөкмөт уюмдар мониторинг жасашат

Талас шарында карантиндик блок постторго бейөкмөт уюмдар мониторинг жасашат.

“Таласта коронавирус жок” деген ишеним менен көчөгө чыккандардын саны көбөйүп, жергиликтүү башкаруу бийлигинин өкүлдөрү, Талас шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы врачы А.Шамбетова жергиликтүү телеканалдар аркылуу элди үйдө карантиндин шарттарын сактап олтурууга чакырды.

Көчөдө көбөйгөн элди азайтуу максатында Талас шаарынын борбордук аянтына, базарга өтүүчү жолдор жабылып, Covid-19 вирустук илдетинин алдын алуу аракеттери жасалууда.

— Жолдорду оорунун алдын алуу үчүн жаап жатышат, бул жакшы бирок, көпчүлүк аптека, магазиндер негизинен базар тарапта болгондуктан машина менен өтүүгө мүмкүнчүлүк болбой калды, -дейт Талас шаарынын тургуну Д.Давлетказиев.

Талас шаарына батыш, чыгыш тараптан кире турган негизги жолдордун баары жабылып, блок посттор коюлган.

Ал эми бейөкмөт уюмдар жана демилгелүү жарандар “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Жарандык биримдик демилгеси” долбоорунун алкагында блок постторго мониторинг жасап байкоо жүргүзүшмөкчү.

Даярдаган : Мира Сейдикеримова , Кундуз Мырзалиева

Кызыл Айчылар калктын аялуу катмарына жардам беришти

Үстүбүздөгү аптанын шейшемби, шаршемби күндөрү Улуттук Кызыл Ай коомунун Таластагы филиалынын жетекчиси Дилдекан Шадыбекова баштаган кызматкерлери, волонтерлору өздөрүнүн тизмесинде турган жардамга муктаж үй бүлөлөргө, туберкулез дарты менен ооруп жана ВИЧ илдетинен жабыркап каттоодо турган жарандарга күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш, азык-түлүктөрдү таратышты.

Ошондой эле Талас облустук СПИД оорусунун алдын алуу жана күрөшүү борборуна катталган бейтаптар дагы көңүл сыртында калбай, аларга арналган 25 даана азык түлүк толтурулган баштыкчаларды беришти.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова