Гүл менен жашарып, гүл менен жашаган айым

Өз курагынан кыйла жаш көрүнгөн Раиса эже быйыл 65 жашка чыгат. Көк-Кашаттыктар эжени “Зина” дешет. Зина эже жаз келээри менен таңкы багымдат намазын окуп, лимон сыгылган сууга бал аралаштырып ичип, чарбагына чыгып кетет да, келини эртең мененки чайга чакырмайынча сөөлжандарына кам көрүп, гүл олтургузуп, көчөттөрдүн идишин даярдайт.
Талас районунун Көк-Кашат айлынын тургуну Раиса Шоорукованын сөөлжан өстүрүп, биогумус даярдоо иши менен алектенгенине быйыл 20 жыл болду.

— Кырк сомго 100 грамм сөөлжан сатып алгам. Бул биогумус Жалал-Абад облусунан алынган. Ошол кезде облустук айыл чарбаны өнүктүрүү бөлүмүнөн Беш-Таштагы дыйкан чарбанын башчысы Эшболот Койчиев картошка урук, мен сөөлжан, Улан аттуу жигит арпа, буудай үрөөндөрүн алганбыз.
Сөөлжанды көбөйтүү дагы түйшүктүү иш. Малдын кыгын, акыр-чикир таштанды, шише, темир, желим баштык, баклашка, желим жиптерден башкасынын баарын төгүп салам. Май айынан тартып, сөөлжандар тууп көбөйө баштайт. Ошол учурда баардык таштандыны таштайм, керек болсо жүн, тери, картошкага чейин жеп салат. Өзүбүздүн эле эмес, кошуна-колоңдорубуздун таштандыларына чейин тазалап алып келебиз. Кышкысын чөптүн кашеги, саман менен жылуулап жаап коем. Күн жылып жаз келгенде үстүн тазалап, суу чуркатып, элеп, даярдап кардарларга сата баштайбыз. Азыркы учурда кардарларым көбөйдү. Бир мүшөгүн 250 сомдон сатам. Бир мүшөк биогумус 60 килограмм болот.
-Кардарларыңыз көп чыгаар?

— Былтыр Карабуура районунун айыл чарба бөлүмүнүн адистери келип, сөөлжан, биогумус, гүлдөрүмдөн алып кетишкен. Быйыл Кара-Буурадан күнөсканага бир тонна алып кетишти. Азыркы учурда Талас районундагы гүл өстүргөн айымдар алып жатышат. НТС телеканалынын “Элет” программасына тартылган кийин менин кардарларым аябай көбөйдү. Ош, Кемин, Быстровка, Жалал-Абаддан бери кардарлар келип биогумус, сөөлжан сатып алышууда. Үй бүлөбүздүн негизги киреше булагы ушул сөөлжандар.
— Эми гүлдөрүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
— 214 түрлүү гүл өстүрөм. Жаз алды менен гүлдөрдү сыртка олтургузам. Гүл дагы таза абада, күн нурунда, кенен жерде жакшы өсөт. Бул гүл жакшы, мунусу жаман деп бөлбөйм. Жаман гүл болбойт, гүлдүн баары жакшы. Күнүгө баладай камкордук көрүп, ар бир гүлдү көргөн сайын аябай кубанам. 13-14 жыл мурун боордун цирроз илдетине чалдыгып, аябай кыйналгам. Ошондо дарыланып жүрүп, өзүмдү өзүм алаксытайын деп гүл өстүрө баштадым, кадимкидей алаксып, оорумду унутуп койдум. Гүлдүн касиети дартыма шыпаа болуп, айыгып кеттим. Гүл адамдын нервин тынчтандырып, жан дүйнөңдү шаттыкка бөлүп, көңүлүңдү куунак кылат. Гүлдөрүмө бала бакккандай кам көрөм. Бат гүлдөсүн деп йод, перекис чачып, активдештирилген көмүр, аспирин берем. Гүлдү жөн эле сугара бербеш керек, мисалы, бир литр сууга төрт тамчы йод кошуп чачып койсоң курту күбүлүп түшөт. Дагы бир ыкмам бар, бир литр сууга бир аш кашык шекер менен ачыткыны салып аралаштырып кечинде коюп коем да эртең менен куям. Аптекалардан балык майын сатып алып, төрт-беш капсуланы ийне менен тешип гүлгө чегип салып коем. Селитра, аммиак ж.б. химикаттарды такыр колдонбойм. Торго таш толтуруп, көчөт олтургуза турган идиш даярдап алам.
Каланхоэ аллергияга дары, доллар гүл кесиктерди, жарааттарды бат айыктырат, алоэнин дарылык касиети чоң. Геран үй гүлдөрүнүн ханышасы десем болот, көбүнчө Голландиялык геран гүлүн өстүрөм. Герандын 14төн ашык түрү бар. Жалбырагы кан басымы көтөрүлгөндө демдеп ичсең пайдалуу, кулак ооруганда колдонсо болот.


— Гүлдөрүңүздөн да киреше табасызбы?
— Кудайга шүгүр, гүлдү баалап, сатып алгандар көп. Былтыр капуста гүлүмдү чек ара кызматкерлери сатып алышты. Офиске, ишканаларга алышат. Белекке беребиз деп алгандар да кездешет.
Быйыл тумба алып, гүлдөрүмдү көбөйтүп жатам. Кадимки эле дөңгөлөктөрдү кооздоп кесип, биогумус салып, көчөттөрдү олтургузам. Кардарлар июнь айынан баштап келе башташат, көпчүлүк гүлдөрүм жайында эле сатылып кетет. Гүл өстүрүүчү карапаларды дүкөндөрдөн сатып алам.
Гүлдөн тышкары чарбакка жашылча, жер жемиштин баарын эгем. Жерди тээп туруп, жөөк салып, үстүнө биогумус төгүп, урук сээп кайра үстүнө биогумус төгөм. Ошондо сабиз, картошка жашылча жемиштердин баары эч кандай жер семирткичи жок эле түшүмдүү болот.
Раиса Шоорукова 2018-жылдан бери муундар аралык топтордо гендердик теңчиликти сактоо боюнча GALS программасы боюнча Марина Эдигеева менен иштешип келатат. Айылдык аялдар кеңешинин мүчөсү, облустук Аялдар кеңеши тарабынан эженин эмгеги бааланып “Кутман айым” медалы тапшырылган. Былтыр 8-мартта “Гүл сүйгөн айым” наамды ыйгарышып, айыл өкмөтү “Ардак Грамота” менен сыйлаган.

Ысык-Көлдүн аккуусу Зина эже Көк-Кашатка келин болуп 1974-жылы келген. “Күйөөмдүн көзү өткөнүнө жыйырма жылдан ашты, үч уул, эки кызымды эрезеге жеткирип тарбиялап өстүрүп, жогорку окуу жайларга окуттум. Кудайдын кулагы сүйүнсүн 13 неберем бар, келиндерим ыймандуу, күйөө балдарым ызааттуу” деп Зина эже колундагы келини көз жарып дагы бир неберелүү болгонун айтып сүйүнүп олтурду.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *