“Асель” бакчасында алгылыктуу иштер арбын

Көк-Ой айлындагы “Асель” бала бакчасында чилденин суук күндөрүнө карабай ремонт иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Бакчанын ашканасы короого жаңы курулуп бүткөн ашкана имаратына көчүрүлүп, 3-февраль күнү жаңы ашканада ашпозчулар Күлүмкан Шаршенбекова, Назира Бейшеналиева биринчи жолу нан бышырып, тамак жасашты.


— Билим берүү министрлиги тарабынан 2019-жылдын этегинде 1 млн. сом акча каражаты которулуп, бул каражатка “Асель” бакчасынын ремонт иштери жасалууда. 1962-жылы ишке берилген эски бакча ремонтко абдан муктаж болуп турат. Көк-Ой чоң айыл болгондуктан бакчага кезек күткөндөр да аз эмес. Биздин планыбыз боюнча үстүбүздөгү жылы бакчада дагы ремонт иштери жасалат, -деп билдирди Көк-Ой айыл аймагынын башчысы Анарбек Кушубеков.
Үч жылдан бери бакча башчысы болуп иштеген Рысбек кызы Анара бакчадагы көйгөйлөргө токтолуп өттү:
— Биздин бакчабыз типтүү эмес бакча болгондуктан, көпчүлүк бөлмөлөр тар, балдарга ыңгайлуу эмес. Ошондой болсо да бакчаны кеңейтүүгө колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз. 2019-жылы бакчада жакшы ремонт иштерин жасап алдык, 11 даана чоң пласстик терезелер салынды, ашкана, очоккана курулду, ортоңку тайпанын бөлмөсүнүн тактайлары оңдолуп, паркет төшөдүк. Эшиктин алдына, короодогу жолго брусчаткалар коюлду. Бүгүнкү күндө жумушчулар эски ашкананын ордун ремонттоп, дагы бир иш бөлмөсүн жасап жатышат. Негизи Ашканынын короого өзүнчө курулганы жакшы болду, анткени эшиктен киргенде эле тамактын жыты уруп, кире бериштеги ашкана ыңгайлуу эмес эле. Жаңы ашканага жанаша очоккана салынды. Кээде электр энергиясы өчүрүлгөндө короого казан асканга аргасыз болоор элек. Эми эки тай казан асыла турган, нан бышырганга да шарты бар очоккана салынып, көңүлүбүз тынып калды.
— 2020-жылы кандай иштерди жасайлы деп пландап койдуңуздар?
— Азыр биз айыл өкмөтү менен биргеликте АРИС программасына 6 млн. сомдук долбоор жаздык. Долбоорубуз колдоо тапса бакчага кошумча эки кабаттуу имарат салынат. Эскини эптеген менен улам бир жери жыртыла берет экен. Бакчанын дубалдары көчүп, полдун жыгачтары чирип түшүп, жамап-жаскап келатабыз. Балдарыбыз көп, бөлмөлөр аз. Жыйын залыбыз да жок, өзгөчө майрамдарда кыйналып келебиз. Жаңы кошумча имарат салынса, жаңы тайпалар ачылат.

“Асель” бала бакчасы 2019-жылы көрктөндүрүү-жашылдандыруу ишин мыкты жүргүзгөнү үчүн 1-орунду ээлеп, акимчиликтин “Ардак баракчасы” менен сыйланган. Короону мизилдетип таза кармап, түркүн гүлдөрдү өстүргөн бакча жамааты, бөбөктөргө жайкы аптапта сабак өтө турган эки бетон боз үйдүн ичин дагы өз колдору менен жасалгалап, улуттук буюмдардын, туш кийиздердин, ат жабдыктардын сүрөттөрүн тартышкан.


Бакчанын астанасын аттаганда эле совет мезгилинен калган кызыл топучан кыз менен карышкыр көзгө урунат. Бакча жаңы иштей баштаганда мамлекетибиздин ошол кездеги президенти Роза Отунбаева келип, кызыл топучан менен карышкырды бир гана ушул бакчадан көргөнүн айткан. Кезинде колдон колго өтүп, намазканага айланып, бир нече үй бүлөгө батирге берилип кеткен бакчанын багы ачылып, темир тосмо менен курчалып, балдардын күлкүсү жаңырган куттуу жайга айланды.

Бакчанын бакча болуп сакталып калышына маркум Жеңишбек Мадиевдин салымы зор, бакчаны талап тоногондордон коргоп убагында бекер кароолчу болгон Бийжанова Жакшылык апанын да мээнетин айтып кетпесек болбос.
Бүгүнкү күндө бакчада жогорку, орто, биринчи жана экинчи 4 тайпада 135 бала тарбияланууда. Бакчага балдарыбызды берсек деп, эки көзү төрт болуп кезек күткөндөр да көп.

Даярдаган: Мира Сейдикеримова

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *