Кызыл Чырым жана Кызыл Ай коомунун күнүнө кызуу өттү.

8 — май Бүткүл дүйнөлүк Кызыл Чырым жана Кызыл Ай коомунун күнү Талас шаарындагы борбордук базарда кызуу өттү.

Бул иш-чарада ыктыярчылар даярдаган концерттик программаны көрсөтүштү.Программада ВИЧ, кайтарымсыз кан тапшыруу, кургак учук ооруларынын келип чыгуусу, себептери арылуунун жолдору сахналаштырылган менен көргөзүлдү.Чирмиле бийлеген ыктыярчы кыздар, комузда кол ойноткон ыктыярчылар иш-чаранын көркүн ачты. Талас шаарынын тургундары менен суроо – жооп (викторина) болуп, туура деген жооптун ээлерине белектер берилди. Алгачкы медицинага чейинки биринчи жардамы боюнча мастер – класс көргөзүлдү. Жыйынтыгында ар бир көөрүчүгө каалоо тилектер жазылган таттуулар тарткатылды.

Подготовила: Адеми Зоотбекова

Радиомост, Талас

«Мыкты макала сынагы үчүн»

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *