Элдик кабарчынын юбилейин майрамдоо

Бүгүн бизде чоң майрам. “Радиомост” үналгысынын  элдик кабарчысы Гүлайда Теишованын 60 жаш юбилейин майрамдап жатат.

Жалпы жаамат жана өнөктөштөр Гүлайда Теишованы 60 курак туулган күнү менен куттукташты.

Гулайда эжеге!

Туулган күнүңүздө көп маанилүү, жагымдуу сөздөрдү айтып, жакшы тилектерди тартуулагыбыз келет. Жашооңуз өргө чыга берсин, өмүр жолунда жакшылыктар көп болуп, сизди бийик чокуга жеткирип жөлөк болчу адамдар жаныңызга жолдош болсун, баскан жолуңуз акыл-тажрыйбаңызды өрчүтсүн. Чың ден-соолук, жаркын маанай каалайбыз. Жашооңузда түйшүгүңүз аз болсун, куунак кундөр көп болсун, ар бир тилеген тилегиңиз оорундалып, ойлогон максатыңызга жете бериңиз. Жүзүңдөн жылмаюу кетпесин, иштеген ишиңиз жаңы ачылыштарга дем берсин. Дагы бир жолу туулган күнүңуз менен куттуктайбыз! Бул күн бардык каалоо-тилектериңизди аткарылчу, күтүүсүз белектерди алып келе турган күн болсун.

Даярдаган: Жалпы «Радиомост» уналгысынын жалпы жааматы

Сүйүү күнүнө арналган акция.

14-февраль күнү “Кырк-Чоро” кинотеатрынын кире бериш кеңсесинде сүйүү күнүнө арналган акция болуп өттү

Акция “Кулпунай” кондитердик үй тарабынан уюштурулду. Ал жака Талас элинин тургундары келип, акысыз кондитер үйүнүн таттуу тортторунун даамын татып кетишти. Жана дагы тургундарга ар кандай оюн уюштурулду.

“Кулпунай” кондитердик үйүнүн кожойкеси Асел Куттубаеванын айтымында:

“Биз буга чейин эң биринчи ачылганда чакан презентация өткөрүп, акция жүргүзгөнбүз. 14-февраль күнү эл менен таанышайлы деп, дагы бир презентация өткөрдүк. Акциянын максаты элге кененирээк өзүбүздү жайылтуу. Жана кичинекей майрам болсо дагы,Талас тургундарына майрамдык маанайды тартуулоо. Биз абдан Талас элине жана конокторго ыраазы болдук, себеби акция кечинде өткөнүнө жана эшикте кар жааганына карабастан көп адам келип катышышты,”- деп билдирди.

Бул акцияга келген Талас тургундары жакшы маанайда майрамдап, ыраазычылыгын билдирип жатышты.

Талас тургуну Гүлшан Муханбетованын айтуусунда:

“Бул акция жөнүндө инстаграм баракчасынан көрүп келгем. Жана акция өз койгон максаттарына жетип, ошондой эле жогорку деңгээлде өттү деп ойлойм. Торттордун түрлөрү абдан көп болду, баардыгынан даам татып көрдүм. Алар абдан даамдуу, кооз жана ар бир торт өзгөчө фантазия менен жасалыптыр. Бирок мага жаккан “Олжобай менен Кишимжан” жана “Сахара” деген тортторду таңдап, сатып алдым”,- деди Гүлшан Муханбетова.

“Мен бул акция жөнүндө “Радиомост” үналгысынан угуп келгем. Торттордун даамы таттуу, бизге аябай жакты. Биз “Коко” деген тортту сатып алдык. Акция эң жакшы маанайда өттү”,-шаар тургуну Мээрим Сагынбаеванын айтымында.

Даярдаган: Саадат Нуржанова

                    Сезим Эшанкулова

Радиомост, Талас

 

 

 

Федералдык таэквандо “ITF”

Талас шаарында таэквандо биринчи жолу ачылды. Бул спорттун түрүнө бир гана балдар барбастан, кыздар дагы барышат

“Алихан” спорт залынын таэквандо боюнча машыктыруучусу Урмат Мамыровдун айтымында:

“Ачылганыбыздын максаты Талас шаарынын жаш спортчуларды республикалык жана  областык деңгээлине чыгарсак деген тилектерибиз бар. бул жакка бир гана балдар келбестен, кыздар дагы келип жатышат. Декабрь айында ачылганыбызга 15 кун болгондо Бишкек шаарында мелдеш болуп өтту, ал жакка Талас облусунан 4 бала чыкты. Алардын ичинен 3 балабыз учунчу орунга, ал эми  бир кызыбыз экинчи орунга ээ болду. Буйруса алдыдагы мелдештерде жакшы эле жетишкендиктерге жетебиз деген үмүттөбүз. Ал эми алдыга койгон максатыбыз биздин жаштарыбыз бангизат, тамеки  жана башка ден-соолукка зыяндуу нерселерден алыстатуу жана сергек жашоого чакыруу”,-деп айтты.

Ал эми аз убакытка карабастан ийгиликтерди көрсөтүп жаткан Жылдыз Качкынбекованын айтымында:

“Менин агаларым таэквандого катышат,  аларды көрүп мен дагы кызыгып катышып жатам. Ал эми азыркы убакта менин ийгиликтерим жок, ийгиликтер али алдыда”,-деп белгилеп кетти.

Жылдыз Качкынбекованын атасы Бакытбек Мамыровдун айтымында:

“Менин кызым өзү кичинесинен эле катышам деп жүрчү. Катышканы мени, албетте,  канаттандырат  анткени мен ойлойм спортко катышса өзүнө эле жакшы деп”,-деди ал.

Ал эми 13 жаштагы Адил Качкынбеков жаш спортчунун айтымында:

“Менин жетишкен ийгиликтерим Кыргыз Республикасынын 5 жолку чемпиону жана эл аралык  мелдештердин 3 жолку чемпиону болгом, эң акыркы кубок надеждыны алгандан кийин мен “Кондидант мастера спорта” алдым. Бул спорттун түрүнө мага апам түрткү болду, мени кичинемде таэквандого апам алып барып журчу, ошодон кийин өзүмдүн кызыгуум пайда болуп катыша баштадым”,-деп белгилеп кетти.

Даярдаган: Сезим Эшенкулова

Радиомост, Талас

 

 

21-февраль “Эне тил” күнүнө карата семинар өткөрүлдү.

Талас шаарындагы А. Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинде Талас облусунда баардык мектептердин тарбия завуч мугалимдерине арналган семинар болуп өттү

Төмөндө аталган мектептин тарбия завучу жана ошондой эле семинардын уюштуруучусу Райыма Расылкановна кенерирээк айта кетсе:

“Негизги максаты мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу. Бүгүнкү семинар 4 темада өтүлдү. 1-темасы “Даңктайм сени эне тил”, 2-темасы “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”, 3-темасы “Жакшы китеп жаш шеригим” жана “Кулк мүнөзүңдү билесиңби?” тарбиялык саат ал эми 4-темасы “Музыкалык кече”. Бүгүнкү семинарга райондордун мектептеринин уюштуруучулары келишти, саны 35. Мугалимдердин бул жакка келген себеби тажрыйба алмашуу. Жана мен бүгүнкү семинарды жакшы деңгээлде өттү десем болот. Себеби, окуучулар форма менен келишип, активдүү катышышты”,-деп айтты.  

Ал эми семинардын катышуучусу Гулкайыр Мусаевнанын айтымында:

“Мен Бакай-Ата районунан келдим. Семинар жакшы деңгээлде өткөрүлүп жатат. А. Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин окуучулары абдан активдүү катышышат экен”,-деп билдирди.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас

Кыргыз Мамлекеттик медициналык кайра окутуу жана билим деңгээлин жогорулатуу институту.

С. Б. Данияров атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык кайра окутуу жана билим деңгээлин жогорулатуу институту үй-бүлөлүк дарыгерлердин  борборунда үй-булөлүк дарыгерлерди, ФАПтын фельдшерлерин  жана үй-бүлөлүк  мед айымдардын билим деңгээлин жогорулатууда

Талас облусунда окутуучу борбор үй-бүлөлүк дарыгерлерге, ФАПтын фельдшерлерине жана үй-бүлөлүк  мед айымдарга бир жумалык семинар өткөрүлүп жатат. Ал эми окутуучу борборунун ассистенти Мунайым Сейдалиева кенерирээк айтып берсе:

“Биз  Бишкек шаарындагы  Кыргыз институтунун филиалы болобуз.  Негизи биздин филиал 2001-жылы ачылган. 18 жылдан бери биз үй-бүлөлүк дарыгерлерге, мед айымдарга жана  ФАПтын фельдшерлерине ар бир жылы бир жумалык семинар өткөрүп окутуп турабыз. Биздин негизги максат бул мед айымдардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлердин медициналык  дээңгелин көтөрүшүбүз керек”,-деп айта кетти.

Ал эми семинардын катышуучусу Нүргүль Аманкулованын айтымында:

“Мен Бакай-Ата районунан келдим. Мен бул семинардан пайдалуу нерселерди абдан ала алдым. Бул бир жумалык семинардан биз окуу билим жана медициналык дңгээлибизди жогорулатып жатабыз”,-деп билдирди.

 

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас

 

Кош бойлуу аялдарга акысыз берилүүчү ММК Полиси.

Кыргыз Республиканын өкмөттүнө караштуу медициналык камсыздануу фондунун кош бойлуу аялдарга акысыз берүү ММК Полиси берилет

Кыргыз Республиканын өкмөттүнө караштуу медициналык камсыздануу фондунун Талас аймактык башкармалыгынын жетекчи адиси Эльмира Сулайманкулованын билдирүүсү боюнча:

“Бизде көбунчө кош бойлуу аялдардын каны аз болот. Ошондуктан төрөгөндөн кийин ымыркайдын дагы каны аз болуп калышы мүмкүн. Ошол учун фонддо ММК Полиси чыгарылат. Ал кош бойлуу аялдарга бекер берилет. Кош бойлуу аял аны алгандан кийин дарыканаларга барып, дарыларды жеңилдетүү менен алыша алат. Кепилденген 200дөй дары-дармек каражаттарынын тизмеси “ММКнын Кошумча программасы жана Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча орду толтурулуучу дары-дармек каражаттарынын маалыматнаамасында” келтирилген, бул маалыматнаама врачта, дарыканада жана ММК фондунун сайтында бар. Маалыматнаамада башка дары-дармек менен катары төмөнкү каражаттары бар: фолий кычкылы, кош бойлуулуктун биринчи уч айлыгында кабыл алуу зарыл болгон, курамында йоду бар препараттар, ошондой эле кош бойлуу аялдардын аз кандуулугунун алдын алуу үчүн темир препараттары. Кош бойлуу аялдын кан аздуулугуна профилактика жүргүзүүгө үй-бүлөлүк дарыгерлер дары жазып беришет. Андан тышкары Полис аркылуу башка дарыларды дагы сатып алышса болот жана кийин төрөгөндөн кийин кош бойлуктан сактаныш учун дарылар бар. Ал эми кан аз болгон жөнүндө айта кетсем, жакшы дарылаш керек. Себеби, кан аз аялдарга бул доо кетирет да жана аябай коркунучтуу болуп кетет. Мисалга айтсам, төрөт учурунда кан кетиши мумкун, андан тышкары эненин курсагын дагы баланын өсүшү начарлайт. Андан тышкары толгоо учурунда толгосу туура эмес жүрүшү мүмкүн, төрөттөн кийин кан агышы мумкун”,-деп айтты.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас