Баскетбол спорту жакшы ийгиликтерди жаратууда.

Талас шаарында“Бакубат”баскетбол тобу 2016-жылы ачылгандан баштап биринчи орундарга ээ болууда жана чоң ийгиликтерди жаратууда.

“Бакубат” тобунун катышуучулары өз ойлорун айта кетишти:

“Мен Нурболот Дүйшөнбеков азыркы учурда “Бакубат” тобунун капитаны болом.Катышканыма үч жыл болду,ушул үч жылдын ичинде көп эле ийгиликтерге жетиштим.Бул спортко мен мурдатан эле кызыкчым анан эле катышып баштагандан кийин,мен үчүн адатка айланып кетти”,-деди ал.

“Мен Дастан Замирбеков,9-классынын окуучусу болом.Баскетболго катышканыма 3 жыл болду.Баскетболго мени алгач досторум алып келген, анан өзумдүн кызыгуум менен катышып кеттим”,-деп белгилеп кетти.

“Бакубат” тобунун машыктыруучусу өз пикирин айта кетти:

“Мен Эркин Байболсунов Талас шаардык спорт мектебинин машыктыруучусу болом.Бизде 4 группа бар 15 баладан,баардыгы биригип 60 баланы түзөт.Мен алгач кыздар менен иштеп баштагам,алар Талас облусу боюнча эки жолкусунда тең экинчи орунга ээ болушкан, ал эми азыркы учурда балдар менен иштешебиз.Балдар үч жылдан бери биринчи орунга ээ болууда.Алдыга койгон максатым ушул Талас облусунда баскетболдун өнүгүүсүнө чоң салым кошкум келет жана ошондой эле Республикалык масштабтагы баскетболдук мелдештерде алдынкы орундарды алуусуна тилектешмин”,-деп айтып кетти.

Даярдаган:Сезим Эшенкулова

Радиомост,Талас

 

 

 

Сетевой маркетинг деген эмне? Алдообу, амалбы же?…

Дегеле биздин коомдо “сетевой маркетинг”, пирамида, ар кандай депозиттер, бат байуунун жолдорун көрсөткөн ар кандай уюмдар, жаңы терминдер, жаңы түшүнүктөр кийинки убакта өтө тездик менен өрчүүдө.

Дегеле биздин коомдо “сетевой маркетинг”, пирамида, ар кандай депозиттер, бат байуунун жолдорун көрсөткөн ар кандай уюмдар, жаңы терминдер, жаңы түшүнүктөр кийинки убакта өтө тездик менен өрчүүдө.  Анда эмесе жогорудагы биз үчүн чооң убадаларды берген ар кандай финансылык пирамидалар  жөнүндө сөз кылалы. Чү дегенде эле баарыбызга түшүнүктүү болушу үчүн тарых таржымалынан жана алгачкы түзүлгөн схемаларынан баштайлы.

Понци схемасы

Бул: «классикалык» пирамида аны  Чарлз Понци атуу  адам ойлоп таап  Америка Кошмо Штаттарынын биринчи каржы пирамидасын түзгөн. Бул пирамиданын башка пирамидалардан айрымасы атайын түзүлгөн схема  иштейт. Маселен көп баскычтуу пирамидалардан айырмаланып жаңы кардарларды аркасынан жаздыртуу кардарларды тартууну жана  табуунун кереги жок,  себеби бул жерде жарнаманын жардамы чоң болот. Мындай пирамидаларга  жарнамадан угуп алып, жаңы кардарлар келе баштайт. Ар бир келген кардарга дивиденттер төлөнө баштайт бирок, бул пирамиданын түзүүчүсү өз кардарларын алдаганы аныктала баштаганда алар өздөрүн банкрот жарыялап, элден түшкөн каражаттарды алып көздөн кайым болушат.

 

Көп баскычтуу пирамида схемасы

Көп баскычтуу пирамида схемада биринчи эле талап жаңы адамдарды тартышыбыз керек жана  ар бир жаңы кардар салым акысын төлөөгө тийиш. Андан кийин  ал адамдардын аркасынан да  бир нече адамдарды чакыруу зарылдыгы айтылат

Эреже катары, чү дегенде эле канча адам тартсаң ошончолук айлык акыңдын өсүүсүнө алып келет деп билдиришет.

Бул схема биринчи келген катышуучуларга өтө тездик менен абдан чоң киреше алып келет. Бирок, канчалык тездик менен өссө ошончолук тездик менен түшүп кетет.себеби: акча салуучулардын саны геометрикалык тездик менен өйдөгө өсүүсү өтө зарыл. Бул пирамиданын тагдыры жана келечеги толугу менен кыйрап, алгачкы салым кошкондор гана акчалуу болуп, калгандары арызданып, ыйлап кала беришет а уюштуруучусу өзүн өзү банкрот жарыялап же качып жок болот.

20-кылымда дүйнөнү дүңгүрөткөн ири пирамида схемалары

 

Джон Ло Пирамидасы

Дүйнөдөгү эң чоң пирамидалардын бири 1716-жылы Шотландиялык Джон Ло аттуу жаран ойлоп тапкан жана ал өзүнүн схемасын Франциядан баштаган . Ал 1716-жылы ошол кездеги Франция өкмөтүнүн коргоосунун негизинде жеке менчик банк ачып, ал жерден акцияларды чыгарат. Ошол убакта өзү чыгарган акциялардын бир даанасы 500 ливрга барабар болот (ливр-Францус акчасы). Анын чыгарган акциялары өтө тездик менен баасы көтөрүлүп, 1-даана акциясы 15000 (он беш миң) ливрга чейин жеткен. Бирок салымдарын кошкон кардарлардын көпчүлүгү Джон Лонун акциялары эч кандай пайда алып келбегенин билип калышып акциясынын наркы тездик менен төмөндөп, 1720-жылы Джондук акциялары нолго барабар болгон.

 

Мейдофф алдамчылык пирамида системасы

Дүйнөдөгү эң ири жана узак мөөнөткө иштеген пирамидасы болгон. Бул пирамиданын уюштуруучусу  атактуу финансист Бернард Мейдоф болгон. Ал 1960-жылы  Madoff Bernard L. Madoff LLC аттуу инвестициялык фонд түзүп, анын кирешеси 12-13% дан түшө баштаган

Эң кызыгы  Бернард ири жана белгилүү эл аралык NASDAQ  биржасынын төрагасы болгон. Ошон үчүн Бернардга көптөгөн миллионер кардарлар ишенип, 3-миллиондон ашык кардарлар ага акча каражаттарын салышкан .Бернарддын ири пирамидасынын ураар алдындагы акыркы күндөрүндө анын жүгүртүүсүндө  17 миллиард доллар болгон. Жыйынтыгында Бернардын алдамчылык системасы аныкталып, миллиондогон адамдардын акчасын алдап кеткендиги үчүн 150-жылга эркинен ажыратылган. Бул пирамида 1960-жылдан 2008-жылга чейин ишин алып барган.

 

 

 

Ал эми өзүбүздүн эле Орусияда ачылган белгилүү МММ – инвест пирамидасына токтоло кетели

 

Мавроди Сергей  башында турган  өлкөнүн ири каржы пирамидасы болгон. Ал 1989-жылдан бери эле бар болгон жана соода каржылык иш алып келген. 1992-жылы, «МММ-Invest» катары кайра каттоодон өтүп 1994-жылы акцияларын чыгара баштайт ар бир акциянын баасы 1000 рублга чейин чыгып, 4-жылдын ичинде наркы 127 эсеге өскөн. Бирок, мамлекет бул система жакшылыкка алып келбеерин байкап, МММ-аракеттерин чектей баштаган. Ошентип МММ – инвести 1997-жылы өзүн өзү банкрот деп жарыялап, аманат акчаларынын берилүүсу кан буугандай токтогон. Айта кетчи маселе Мавродий 3-4 жылдын аралыгында Россия мамлекетинин думасына да Эл өкүлу болуп шайланган. Бүгүнкү күнгө чейин аманатчылардын так саны белгисиз бойдон калууда болжолдуу аманатчылардын саны 2-миллиондон 15-миллионго чейин болгон деп айтылып жүрөт.

 

Финансы пирамидасын кантип аныктаса болот.

Каржы пирамидасына негизги көрүнүштөрдү көрүп. каржылык пирамида таануу төмөнкү негиздер боюнча болушу мүмкүн:

  1. Сатыла турган товардын жоктугу— жөн эле олтуруп алып, каражат табууну сунушташат.
  2. Башчысы ким экени белгисиз — Уюштуруучу ким экени белгисиз жана ал өзүн белгисиз бойдон калууну каалайт.
  3. Түшүнүксүз схема — уюштуруучу пирамидасынын же маркетингинин схемасынын жыйынтыгы кандай болот?, акчалар кайсы даталарда төлөнөт?, канткенде пайда табам деген суроолорго так жооптун жоктугу.
  4. Ири суммадагы акча каражаттарын төгүү – Бул пирамида сенин төкөн каражаттарынан жашайт деген аракет.
  5. Кирешелердин өтө тез көбөйүшү жана салган акча салымынды эки жуманын ичинде алып кетесиң- Мындай убадаларды шылуундар гана береерин унутпоо зарыл.
  6. Кирешелерге кепилдик берүү – Мындай кепилдик базар экономикасынын туруксуз болуп турган учурда кирешелерге кепилдик берүү мүмкүн эмес,
  7. Товардын кымбат баада болушу— Сизге сунушталып жаткан товардын 100 грамын 5000 сомго сунуштаса, ошол эле жазалган товардын базар баасы 1-килограмын 500- сомго алаарыңызды унутпаңыз.

 

Канткенде пирамидалык схемаларды алдын алса болот?

Ар бир салымды салаардан мурун төмөндө турган  бир нече суроолорду берип тактоо зарыл болот

  1. Бул уюмдун ачык-айкындуулугу кандай? Эмненин негизинде каржы табасыңар?
  2. Уюм канча жылдан бери өз ишин жүргүзүп келет? Канча аманатчылар бар? Канча аманатчы ийгиликтүү?,  алданган аманатчылар барбы?
  3. Канчалык денгеелде салган аманаттар күйүп кетпешине кепилдиктер бар?, Эгер кандайдыр бир жагдайда салган аманаттарыңызга зыян тийсе кайра кайтарып берүүгө кандай кепилдиктер бар?
  4. Эмне үчүн баштапкы төгүлө турган акча төлөнөөрүн билүү зарыл жана Сиз төлөгөн акча каражаттары кандай жол менен коротулат? Же дагы башка нерсе барбы?-деген суроону сөссүз берүү зарыл.
  5. Акыркы 1-2 жылда кандай иштер жасалган. Мамлекеттик төлөмдөргө канча каржы төлөнгөн.

Албетте бул баардык бериле турган суроолор эмес. Мындан тышкары да көптөгөн суроолор берилиши шарт.

Урматтуу окурман, пирамидалар боюнча ар кандай кызыктуу маалыматтар жана биздин Кыргызстанда пирамидаларда иштеп кандай жыйынтыкка келгендери?, эмне тапканы?, өкүнгөндөрү тууралуу маалыматтар жана акча каражаттарыңыздарды төгүп алып ала албай калсаңыз эмне кылуу керек экени кийинкиде болсун.

Даярдаган: Шамиль Мурат

Радиомост, Талас

Сүрөттөр жана кээ бир маалыматтар интернет булактарынан алынды

 

“Мээрим” жалпы билим берүү лицей кыздары жакшы ийгиликтерди көрсөтүүдө.

Талас шаарындагы  “Мээрим” жалпы билим берүү  лицей кыздары жакшы ийгиликтерди көрсөтүүдө жана сапаттуу билим берүүдө

Сабактар так илимдер окуучунун англис тилин мыкты дээңгелде оздоштүрүү максатында, жалан гана анлис тилинде өткөрүлөт. Бул окуучуну SAT, TOEFL, IELTS  сыяктуу сынактарды жакшы тапшырууга абдан жардам берет. Ошондой эле математика, кыргыз тили, кыргыз адабияты сабактары тереңдетилип окутулат. “Мээрим” жалпы билим берүү  кыздар лицейинин мүдүрү Алтынбек Эркинбековдун айтымында:

“Талас “Мээрим” жалпы билим берүүлицейинде 2018-2019-жылдан баштап эмектенип келе жатам. Бүгүнкү күнгө чейин 458 бүтүрүүчү кыздарыбыз, дүйнөнүн алдынкы окуу жайларда билим алууда. Бир гана бул эмес шаардык олимпиадаларда дагы жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатышат”,-деп айтты.

“Мээрим” жалпы билим берүү кыздар лицейинин англис тилинин мугалими Камила Апасова өз оюн айтты:

“Мен “Мээрим” жалпы билим берүү кыздар лицейин 2007-жылы бүтүрүүчүлөрдүн бири болгом. Окуучулар сабактан тышкары түрдүү тамак жасоо, комуз, кол онөрчүлүк сүрөт, кытай тили, бий, шахмат ушул сыяктуу ийримдерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп берет. Жана ошондой эле биздин лицейибизге алытан бери келип окушат”-деп билдирди.

Ал эми төмөндө аталган кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү Бурмачач Нурадилова өз пикирин айта кетти:

“Мен бул “Мээрим” жалпы билим берүү кыздар лицейинде окуп жатканыма абдан сыймыктанамын. Себеби мугалимдер, тарбиячылар бизге татыктуу тарбия берип, ар тараптуу инсан болуп калыптануубузга жардам берет. Лицей окуучуларга терең билим берүү менен жаркын келечектин эшигин ачып берет”-деди.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева, Амина Муратбекова

Радиомост, Талас

 

Жаштарды сергек жашоого тарткан-Бегимай.

№5 орто мектебинин 10-классынын окуучусу жаштайынан хореограф болуп алектенет жана Messтобун ачты

№5 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Бегимай Темирбекованын айтымында:

“Негизи азыркы учурда хип-хоп жана k-pop аябай өнүгүп жаткан мезгили. Бирок, Таласта баары эле элдик бийди бийлеп жатышат. Ал эми Таласта заманбап бийдин түрү такыр эле жок, ошол себептерге байланыштуу ачтым. Азырынча демөөрчүлөр жок, студияны жана башка керектүү нерселердин баарын өзүбүздүн күчүбүз менен кылып жатабыз. Биздин “Мess” тобубузда тогуз кыз бар, ал эми окуучулардын саны 10дон ашат. Алдыга койгон максатыбыз Таласта заманбап бийи жок болгондуктан, биз Талас шаарын башка шаарларга жана башка өлкөлөргө тааныткыбыз келет”,-деди. 

“Мess” тобунун катышуучусу Дильназ Мамырбекова айтты:

“Катышып жатканыма 3 ай болот. Башка бийлерге караганда мага заманбап бийлери жагат. Буйруса алдыда чоң максаттарыбыз бар, жакында ишке ашат деген ойлор бар”,-деп билдирди.

Ал эми төмөндө аталган “Mess” тобунун катышуучусу Дильназ Мамырбекованын апасы Анаркан Карагулова өз ойун билдирди:

“Менин кызым “Mess” тобунун катышуучусу экени мени канаттандырат.  Себеби, кызым заманбап бийлерге абдан кызыгат”,-өз оюн айта кетти.

Даярдаган: Сезим Эшенкулова, Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас

Ардагер кеңешинин мүчөлөрү жаңы долбоор ишке ашырууда.

Талас шаарындагы ардагер кеңешинин мүчөлөрү жаңы долбоор ишке ашырууда. “Кыргызстанда муундар аралык жана гендердик чектер алкагында коомчулуктарды гендердик зомбулукка каршы күрөшүү”  долбоор ишке ашырылып жатат

Бириккен улуттар уюмду аялдар тузуму тарабынан жана «ХелпЭйдж Интернейшнл» фондусу тарабынан (кары адамдар менен иштешкен) эл аралык уюм. Талас шаардык ардагерлер кеңешинин катычысы Айыма Асанбекова кененирээк айтып берди:

“Биз ушул долбоор алкагында топту түзгөнбүз. Биздин топтун мүчөлөрүнө Талас шаарынын ардагер кеңешинин мүчөлөрү киришти жана Талас шаарынын активдүү жаштары мүчө болушуп, чогу иш чараларды жүргүзуп жатабыз. Алардын ичинде: Мектептердеги чоң класс окуучулары эрте никеге туруунун, ала качуунун терс көрүнүштөрү боюнча маалымат жеткирип турабыз. Тактап айтканда №4 жана №5 орто мектептеринин окуучуларына биздин топтун жаштары жолугушууларды өткөрүштү. Ноябрь жана декабрь айларында “Супер кайната” мелдешин уюштурдук. Сынакка ардагерлер активдүү катышышты. Бул сынактын негизги максаты жаштарга, жалпы эле жашоочуларга, туура багыт берип, эрте никеге туруу, кыз ала качуу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюу болот”,-деди Айыма Асанбекова.

Ал эми “Супер кайната” мелдешинин  катышуучусу Алымбек Мырзабековдун  айтымында:

“Бизде азыркы убакта кыз ала качуу боюнча көптөгөн көйгөйлөр болуп жатат. Кыз ала качуу- эски коомдон калган жаман көрүнүш деп эсептеймин. Үй-бүлө курууда баарыбызга белгилүү болгондой эле эки жаштын бир тараптан макул болуш керек. Ошол үй-бүлөлүк маселеси боюнча деле биздин улуу жазуучубуз Ч. Айтматов агабыз  деле өз чыгармаларында көп кайрылган. Мисалы: “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Бетме-бет” ушул үй-бүло темасына байланыштуу жана мааниге ээ болобу ал озүнчө бир чоң маселе да.  Азыркы жаштардын үй-бүлө куруу максатында салт деп таянышып, кыздарды ала качып кетип жатышат. Кыз ала качууну тоткотуу боюнча азыркы учурда иштер дагы жүрүп жатат. “Кыз ала качуу” жана “Супер кайната” темасын жакшы тандашкан, себеби кыз ала качууну жаштарга туура түшүндүрүп аракет жазадык, биз ойлойбуз алар туура түшүнүштү”,-деп билдирди.

Гендердик маселелер боюнча  машыктыруучу жана Талас шаарындагы  “Маана” кризистик борборунун психологу Зарина Турукманова өз оюн билдирди:

“Кыргызстан да башка өлкөлөргө караганда кыздарга карата кандай түрлөрү бар, булар албетте: ала качуу жана эрте никеге туруу. Ала качууда кыздардын макулдугу жок зордук-зомбулук кабылышат, ала качып кетишип. Зордук-зомбулуктан башталган үй-бүлөлөр бар, ошолүй-бүлөлөр аягында эмне болушат-бул албетте алар ажырашып кетишет. Ал эми эрте никеге туруу маселеси болуп турат. Жашы жете элек кыздар төрөп коюп жатышат. Өтүп кеткен жылы Талас облусунда  6 окуя болду. Негизинен эрте никеге туруу-бул  кылмыш болуп саналат. анткени, үй-бүлө куруу 18 жаштан кийин куруу мүмкүнчүлүк бар, 18 жашка чейин бул кылмыш болуп эсептелинет”,-деп айтты.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас

“Тогуз коргоол” оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Талас районундагы Кырк-Казык айылында мелдеш болуп өттү

Талас районундагы Кырк-Казык айылында тогуз коргоол оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдештин уюштуруучусу Талас шаардык балдар өспурүмдөр спорт мектебинин тогуз коргоол  боюнча машыктыруучусу жана ошондой эле Талас облустык тогуз коргоол федерациясынын президенти Керимбек Өмүралиевтин айтымында:

“Мелдешке жалпысынан 100 гө жакын спортсмендер катышышты. 10 жаштан баштап 18 жашка чейинки окуучулар катышышты. Мелдешке Талас шаарынын 2 районунан келип катышышып жатышат. Алдыга койгон максаттарыбыз абдан чоң. Алардын бирин айта кетсем жакын арада мектептер арасында спартакиаданы жакшы дээңгелде өткөргөнгө даярданып жатабыз”,-деди.

“Мен тогуз коргоол ойногонума 4 жыл болду. Бүгүн мелдеш жакшы өтүп жатат. Мен тилекке каршы орун ала албай калдым, бирок кийинки мелдеште биринчиликти алам деп максатым бар”,-деп билдирди Диана Нурланова.

“Тогуз коргоол ойноп жатканыма көп жыл болуп калды. Мен бүгүнкү мелдеште биринчиликти алдым. Абдан сүйүнүп жатам”,-деп айтты Жазайым Молдокулова.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас

 

Апрель революциясына 9-жыл.

7-апрель революциясына быйыл 9 жыл болот. Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйын залында чогулуш болуп өттү

7-апрель революциясы быйыл 9 жылга толот. Таласта баш аягы 8 коомдук уюмдар апрель революциясына байланыштуу  иш алып барып жүрөт. Бирок толук коомдуу иш жүрбөй, миссиялары ишке ашпай, ич ара нааразычылыктар болуп, максаттарына жетпей келет. Ошондуктан Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү  ушул 8 уюмдун башын бириктирип, чогу иштейли, көздөгөн максатыбызга жетейли, биз колдойлу,-деген сунуш киргизилди.Бул сунушту колдогон төмөнкү уюмдар өз пикирин айта кетишти:

“Жаңыдан бирикме болуп уюшулган “Баатырларга таазим” коомунун төрөайымы Кишимжан Таштакеева уюму тууралуу көзү өткөн балдарга “Эл баатыры” наамын алуу макамына аракет кыла баштаганбыз жана ошондой эле мен баласын жоготкон эне катары айтарым бул,-ушунча жылдан бери окко учкан балдарга алиге сот чечими чыга элек, тийиштүү макам бериле элек, мен ушуну ишке ашыруу үчүн болгон мумкүнчүлүгүмдү жумшайм”,-деди ал.

“Акыйкат” коомдук уюмунун жетекчиси Умар Анарбековдун айтымында:

“Мындан ары да эл ичиндеги бузулган укуктарга көз салып, элдин тынчтыгын коргоого салым кошобуз”,-деп айтты.

Ал эми “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Күмүшбек Бекмуратов өз оюн билдирди:

“Эл арасында апрель революциясынын ролун көтөрүп, бийликке кол кабыш кылып жүрүшкөн 64 мүчөсү бар экенин алар менен эл арасында кадыр бакттуу экенин белгиледи”,-деди.

Негизинен бул жерде катышкан уюмдардын баардык мучөлөрү Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевге ыраазычылыгын айтышты, мындан ары да биз менен бирге иш алып барууну макулдашты.

Даярдаган: Арсыкан Момунтаева, Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас

Аманбек Карыпкулов атындагы орто мектебинде семинар болуп өттү

Талас районундагы  Кара-Суу айылындагы А. Карыпкулов атындагы орто мектебиндеги окуучуларга   “Кылмыштуулукту алдын алуу” семинар өтүлдү

Төмөндө айтылган семинарды А. Карыпкулов атындагы орто мектебинин тарбия завуч мугалими  Жылдыз Текейова бешинчи класстан  баштап он биринчи класска чейинки окуучуларга өттү. Анын айтымында:

“Семинардын максаты азыркы учурда жаш өспүрүмдөр арасында көп чырчатак жана суицидга алып келип жатат. Ошол себептерге байланыштуу бул семинарды өткөрүп жатабыз”,-деп айтты.

А. Карыпкулов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Касиет Жакшылыкова семинар жөнүндө өз ою менен бөлүшүп кетти:

“Бул семинар мага жакшы таасирин тийгизди. Абдан глобалдуу жана актуалдуу маселелер көтөрүлүп, түшүндүрүү иштери өтүлдү. Азыркы учурда жаш өспүрүмдөрдүн арасында болуп жаткан чырчатактардын негизинде  суицидге алып келээри алдын ала айтылып түшүндүрүү иштери жүргүзулдү”,-деп билдирди. 

“Азыркы учурда  жаш өспүрүмдөрдүн ортосунда болуп жаткан рекетчиликти балдар арасындагы эле эмес, кыздар арасындагы болуп жаткандыгы байкалды,ошондуктан мындай көрүнуштөр алдын алуу алыш үчүн  бүгүнкү семинардан өтүлдү жана катышуучулар өздөрүнө жакшы таасир ала алат деген үмүттөмүн. Себеби кылмыштуулуктун жана суициддин аягы жакшы нерсе менен бутпөйт”,-деди Мээрим Сапарбекова.

Даярдаган: Бермет Жакшылыкова, Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас

 

Талас районундагы Кара-Суу айылында жаңы спорт зал ачылды.

Талас районундагы Кара-Суу айылында мурдагы мечиттин имаратында жаңы спорт зал ачылып, жаш өспүрүмдөр катышып башташты

Төмөндө айтып кеткен спорт залдын мүдүрү Канатбек Асанкул уулунун айтымында:

“Ачылган максаты биздин айылда спорт зал жок. Жаш балдар кыштын кечки убагында эшикте жүргөнчө, спорт залга келишип машыгышса өздөрүнө да жакшы болот. Биздин айылдагы балдардан жакшы чемпиондор чыгышса деген максатта ачкам. Спорт залдын ачылганына 5 айдан ашты.  Азырынча демөөрчүлөр жок, баарын өзүм кылып жатам. 2-класстан баштап 11- класска чейинки балдар катышып жатышат”,- деп айтты.

Спортко кызыгышып, машыгып жатышкан Кайрат Керимбаев жана Нурсултан Кадырбеков өз ойлорун билдиришти:

“Менин келип катышып жатканыма 3 ай болду. Мен өзүмдүн каалом менен келгем, озүм спортко абдан кызыгам. Алдыда буйруса чоң ийгиликтерди жаратам деген ишеништемин”,-деп айтты Нурсултан Кадырбеков.

“Мен бул спорт залга келип жатканыма 4 ай болду. Мен бул спорт зал ачылганча Талас шаарына барып машыкчымын, эми бул жактан эле машыгып жатам”,-деди Кайрат Керимбаев.

Эскерте кетсек: Спорт залдын ачылышы боюнча машыктыруучу Канатбек Асанкул уулу демилге көтөргөн.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас

Талас шаарында форум болуп өттү

Таласта, 2019-жылдын 10-январында ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында форум болуп өттү

2019-жылдын 10-январында  “Аялдар, тынчтык, коопсуздук коомдук угуу” деген темада ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында форум болуп өттү. Ал форумга Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова жана юрист-эксперт Курманбек Турдалиев, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Марат Мураталиев, Канимет Осмонбеков, Азият Жаркыналиева, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү жана коомчулук катышышты.

Анын айтымында:

«Форумдун негизги максаты  Жогорку Кеңештин  чечимине айымдарды катыштырууга активдештирүү жана бириктирүү болуп саналат. Кыргызтанда ушундай жыйналыштарды өткөзүп жатабыз»-деп билдирди Курманбек Турдалиев.

 

Мындан тышкары Талас облусунун райондорунан шайлоочулар жана дыйкандар  келишип өз көйгөйлөрүн Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Жогорку Кеңештин депутаты менен бөлүшүштү, суроолорду берип, жооп алышты.

Жогорку Кеңешинин депутаты Гулкан Молдобекованын айтымында:

«Биз 2 күндөн бери шайлоочулар менен жолугуп жатабыз. Алардын көтөргөн эң көйгөйлүү маселелери мектептер, ооруканалар болуп жатты. Биз бул маселелерди билип, 2-3 жолу Талас облусуна келип жатабыз. Мындай көйгөйлөрдү өкмөт менен чечкенге аракет кылабыз. Депутат кийинки сапарында тийешелүү комиссия жогору айтылган көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө убада берем»-деп айта кетти Гулкан Молдобекова.

Роза Жээналиева

Катышуучу Роза Жээналиева форум жөнүндө өз ою менен бөлүштү:»Бул «Аялдар, тынчтык, коопсуздук коомдук угуу» атту форум  туура эле өткөрүлүп жатат. Себеби, бул дагы өтө маанилүү жана көйгөйлүү маселелердин бири. Бугүн аябай кызыктуу маек болуп өттү жана биз берген суроолорго толук жооп алдык»,- деп билдирди.

Даярдаган: Саадат Нуржанова, Амина Муратбекова, Айнуру Керимбаева

Радиомост, Талас