Дөөтү колдогон- Аманкул аке

Турмушта адамга эн керектуу темир, жез, миз, мүйүз, сөөк, жыгач, тери, кайыш, таш жана башкалар  менен шуулданган адамды кыргызда  уста  деп коёт. Улуттук кол өнөрчүлүк мына ушул,  Аманкул акелерге окшогон колунан көөрү төгүлгөн  адамдар  кылымдан кылымга кыргыз өнөрүн  өлтүрбөй, өчүрбөй алып келишкен. Мындай адамдардын шыгы, кыялы дайыма ишке ашат. Алардын өлбөс- өчпөс өзүнүн  өнөрү  эч качан эч кимге пайдадан башка  зыяны тийбейт. Коомду өнүктүрүүдө билинбегени менен булардын таасири чоң . Ал эми Аманкул акеге окшогон темирге жан салган усталарды- дөөтү  колдогон адам дейт. Себеби, алар жасаган буюмдарды илгертеден эле, эл турмуш-тиричилигине күн сайын  пайдаланып келишкен.

Аманкул акенин өз чарбасы негизинен темир усталык экен. Ал кетмен, күрөк, соко, така, мык,  казык, атүгүл сотосунан ажыратып, жүгөрү, талкан, жем жасай турган, сок чыгара турган апаратты да жасап, керек болсо темир буюм-тайымдарды  ширетип, Шекер айылында өзүнүн ордун , кадыр-баркын өйдө көтөрүп жүргөн  мыкты инсандарыбыздын бири. Бул акенин иштерин айта берсек ага  сан жетпейт. Себеби, күн сайын ошол айылдын кызыкчылыгы үчүн  мүмкүнчүлүгүн, убактысын аябай тирилигин кылып,  үй-бүлөсүнө   каражат тапкан адам. Темир уста Аманкул Курманалиевдин айтымында:

« Азыр элге керектүү жеке ишкана ачтым. Орусча кузня, кыргызча төкөл деп коёт. Темирлерди эритип, жумшартып, така, казык жасайбыз. Илгери союз тарагандан кийин,  ат  кошторду жасачубуз.  Жугөрү, шак чыгара турган,  сотолой тарта турган станокторду жазадым. Азыр талкан, жем тартып, керектүү кетмен, күрөктөрүн жасап жана ширетип беребиз. Жайында алма бышкандан кийин,  согун чыгарабыз”,-деп айтты Аманкул Курманалиев.

Шекер айылынын тургундары дагы станоктор жана башка темир буюмдарына  ыраазы болушууда. Себеби, Аманкул Курманалиев чыгарган станоктор өз керегин элге тийгизүүдө. Айыл тургуну Нуржамал Шаадаканованын айтымында:

“ Аманкул акебиздин ишканасына абдан сыймыктанабыз. Шекер айылында биз билгенден ушул адам жасап берет. Ошондуктан биз Аманкул акенин кызматына ыраазычылыгыбызды билдиребиз”,-деп билдирди Нуржамал Шаадаканова.

Дагы бир айыл тургуну Рысманбет Шаадыкан уулунун айтымында:

“ Аманкул чон атабыздын станокторуна жем,  жүгөрү тарттырабыз. Айылга абдан керектүү экен жана   башка айылдарда ушундай нерселер болуусун каалайт элем”,-деп билдирди Рысманбет Шаадыкан уулу.

Элдик усталардын бөтөнчөлүгү — алардын  чеберчилигинде жана талыкпай эмгек кылганында экен көрсө. Баса, Аманкул акенин дагы бир өзгөчөлүгү  анын айылдаштары үчүн куруп  койгон кичи ГЭСи (мини ГЭСи) кызмат кылып жатат. Болгону анын диаметри 2 жарым,  3 метрге тете,  жөнөкөй эле арыкка орнотулган.

Даярдаган: Саадат Нуржан кызы.

Алып барган: Саадат Нуржан кызы.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *