Туризм — бүгүнкү күндө адамдардын жашоосунун маанилүү бөлүгүнө айланды. Жылдын төрт мезгилинде мейли, кыш, жаз, жай же күз болбосун миңдеген, миллиондогон туристтер дүйнөнүн төрт тарабына саякатка чыгышууда. Алар жаңы өлкөлөр, элдер, алардын кооз табияты, маданияты, тарыхы менен таанышууга кызыкдар
Туризм — француз тилинен которгондо сейилдөө, сапарга чыгуу дегенди билдирет. Эгерде силер ар түрдүү элдердин жашоосу менен таанышып, жаңы аймактарды, байыркы эстеликтерди, көрүнүктүү адамдардын аттары менен байланышкан, белгилүү окуялар болгон тарыхый жерлерди көргүңөр келсе, — жолго чыгасыңар, демек, силер турист болосуңар.