Талас шаарына эки таштанды ташуучу машина алынды

1 жума мурун  Талас шаарына алынган 4 млн 673мин сомдук таштанды ташуучу камазга айдоого адис жок, ишке бериле элек.Бул тууралуу Талас шаардык комуналдык чарба болумунун жетекчиси Эркин Аскаров билдирди.

      таштанды унаа

Айтымында: Бизге 4млн 673миң сомдук таштанды ташуучу камаз өнүктүрүү фонду тарабынын каржыланып берилди. Бул камазтарды көптөгөн текшерүүлөрдөн өткөрдүк. Камазтын ишке берилбей тургандыгынын бирден бир себеби айдоочу адис жок болуп жаткандыгында. Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе таштанды ташуучу камаз 2014-жылы чыккан жана 12 куб таштанды көтөрө алат. Ал эми алдыда көчө жууп-тазалоочу эки камаз келүүсү күтүлүүдө деген ойлору менен бөлүштү.

                Даярдаган: Зоотбек Ботукеев

Талас шаарынын казыяты маданият чөйрөсүндөгү адамдарга ифтар өткөрдү

Ар бир жылдын бир кана айы баардык мусулмандар үчүн эң ыйык ай эмеспи. Рамазан айында орозо тутукан адамдын кылган күнөөлөрү кечирилип, тозок отунан сактанат деп айтылат. Бирок бир кана тозок отунан эмес мусулман адамдын кылган иштерине туура келбеген ыплас иштерден да сактай турган ай. Айтылат ко Рамазан айында кимде-ким орозо туткан инсандарыбыздын оозун ачырса анда бир канча сооп иштерди кылганга барабар деп, анысы карындай Талас шаарынын казыяты жана аты аталбаган биздин инсандарыбыз Талас шаарынын маданият чөйрөсүндө иштеген орозо туткан инсандарыбызды чакырып ооз ачырды, бул тууралу кененирээк маалыматка көңүл бурсак.

      Орозо

“Майрамбек уулу Нурсултан АДЕП-БАШАТЫ фондунда эмгектенем. Бул ооз ачыруу негизинен эле маданият чөйрөсүндөгү байке-эжекелерибизге арналган. Айымдарды Ташманбет-Ата кафесине ал эми мырзаларды Айдың-төр ресторанына чакырып ооз ачырдык. Ал эми ушул ооз ачыруунун демөөрчүлөрү аты-аталбаган биздин инсандарыбыз десем жаңылышпайм,”- деген сөздөрүн кошумчалап өттү.

“Мейман келе тургандай үйүңүдү, өлүм келе тургандай жүрөгүңдү таза тут”-демекчи биздин орозо туткан ыйымдарыбыз да келип өз ыраазычылыктарын айтышты.

“Мен Жусупова Моймол  Талас мамлекеттик Университетинде эмгектенем. Азыркы учурда биз Ташманбет-Ата кафесине ооз ачууга келдик. Биз жалпы аял заты эң биринчиден эле Адеп-Башатына ыраазычылык билдирмекпиз, себеби бул ооз ачырууну  ар бир жылда өткөрүп келет жана ошондой эле бир кана ооз ачыруу эмес ар кандай жетишпеген үй-бүлөлөргө социалдык жактан да жардам берип келе жатат,”- деген ойлорун айтып өттү.

Жогоруда айтып өткөндөй эле жалпы аял заты ыраазы болуп өз баталарын берип кетишти жана алардын арасынан дагы бир катышуучунун айтымында.

“Мен Насыйкат Курманбековна жалпы эле аял затынын атынан уюштуруучуларга ыраазычылыгымды билдирмекчимин жана орозо туткан инсандарыбыздын орозосу кабыл болуп тилеген тилектеринин кабыл болушуна тилектешмин,”- деп өз ыраазычылын билдирди.

Албетте урматтуу радиоугармандар биз дагы жогоруда айтылган сөздөрүн баарына кошулабыз жана туткан орорзоңуздар кабыл болушуна тилектешпиз.

                      Даярдаган: Толгонай Тимурова

Өрт коопсуздугу боюнча консультациялар өтүлүүдө

Акыркы мезгилде болуп өткөн кемерова окуясынан кийин элдерге өрт чыккан учурда өзүн-өзү кандай алып жүрүү  жана кантип алдын алуу, өрт чыкканда кандай аракеттерди жасоо керек экендигин Талас шаардык өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуучу өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн кызматкери Талас шаардык биргелешкен ооруканасында элдин саны көп болгондуктан консультация өткөрүүдө жана ошол тууралу бизге сөз кылып бермекчи.

      пожар

“ Мен улук лейтенант Челетиров Мишель, өзүңүздөр билгендей эле акыркы учурдагы болуп өткөн кемеровадагы окуя баарыбызды капалантып жана ошонун негизинде апрель айынын баарын биз өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуучу кызматкерлер баардык аймак-аймактарга консультацияны практика  жүзүндө көрсөтүп бердик. Өтүлгөн консультацияда биз өрт чыккан учурда өзүн өзү кандай алып жүрүү керек экендигин жана кантип алдын алуу керек жана өрт чыккан учурда кандай аракеттерди жасоо керек экендигин жогоруда айтып өткөндөй практика жүзүндө көрсөтүп бердик,”- деп өтүлгөн консультация тууралуу сөз кылып берди.

Албетте азыркы учурда кооптондурган имараттардын саны да жок эмес, ошондуктан ар бир адам коопсуздук үчүн эрежелерди билип жүрүүсү зарыл.

                         Даярдаган: Толгонай Тимурова

Кара — Буура райондук сотунда ачык эшиктер күнү болду

Бүгүн, 2018-жылдын 28–майында Талас облусунун Кара — Буура  райондук соту Кара — Буура  районунун Кызыл-Адыр айылындагы Токтогул Бабанов атындагы лицей-интернатынын сегизинчи, тогузунчу, онунчу класстарынын   окуучуларына ачык эшиктер күнүн уюштуруп берди. Райондук сотунун судьясы Узак Ташматов конокторго соттун эшигинен баштап имараттын жайланышы, кеңсенин кабинети, сот жыйналышынын залдары, судьялардын, консультанттардын, судьянын жардамчыларынын жана сот жыйналышынын катчыларынын жумуш кабинеттери менен тааныштырды.

      Сот

Бөлүм башчысы Айман Манасбаева соттун аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттери жөнүндө айтып берди. Ошондой эле окуучулар жарандык ишти кароо боюнча ачык сот отурумуна угуучу катары катышышты.  Мындан тышкары, судья Узак  Ташматов иш чаранын катышуучулары менен укук таануу жаатында маек куруп, өзүнүн насааттарын айтты.

Белгилей кетчү нерсе, аталган иш чаранын максаты жаш муундардын укуктук маданиятын көтөрүү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу болуп саналат.

Окуучулар өз кезегинде, четте калбай маектешүүгө жигердүү катышып, жарандык – укуктук жөнгө салуу жаатындагы үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу, эмгек мыйзамдары жөнүндө, ошондой эле соттордун ишмердүүлүгү боюнча суроолорун беришти.

Иш чаранын соңунда фемида өкүлү  окуучуларга лицейди  аяктагандан соң ийгиликтүү окуу жайларга өтүшүн каалап кетти.

День открытых дверей в Кара-Бууринском районном суде

Сегодня, 28 мая 2018 года, Кара-Бууринский районный суд Таласской области организовал день открытых дверей для учеников восьмого, девятого, десятого классов Лицея-интерната имени Токтогула Бабанова в селе Кызыл-Адыр Кара-Бууринского района.

Судья районного суда Узак Ташматов встретил гостей у парадного входа здания суда и показал старшеклассникам кабинеты судей, канцелярии, консультантов, секретарей судебного заседания и зал судебных заседаний.

Заведующая отделом Айман  Манасбаева рассказала учащимся о служебных обязанностях работников аппарата суда. А затем ребята приняли участие, в качестве слушателей, в открытом судебном заседании по рассмотрению гражданского дела. Кроме того, судья У. Ташматов провел беседу с участниками мероприятия в области права и дал им свои наставления.

Необходимо отметить, что целью данного мероприятия является поднятие уровня правовой культуры молодого поколения, повышения доверия граждан к судебной системе, а также доступности правосудия.

Ученики, в свою очередь, активно участвовали в беседе, задавали вопросы, касающиеся гражданско-правового регулирования в области семейных отношений, трудового законодательства, а также вопросы о работе судов.

В завершение мероприятия служитель фемиды пожелал ребятам исполнения всех желаний, реализации смелых идей и проектов и после окончания лицея успешного поступления в учебные заведения.

 

Назгуль Кулушева,

пресс-секретарь Таласского областного суда

Кургак учук оорусуна чалдыккаандарга акысыз дарылоо

Азыркы учурда кургак учук оорусуна члдыгуулар коп катталып жаткандыктан Талас шаарынын ОМС фондунун дарыгери  Сулайманкулова Элмира сөз кылып бермекчи:

      Фомс

Мен Сулайманкулова Элмира ОМС фондунда дарыгер болуп иштейм. Азыркы учурда кургак учук оорусуна чалдыккандарга акысыз дарылоо жүрүп жатат. Кургак учук оорусу менен ооруп калган адамдар даарыгерге көрүнүү үчүн кезекте турбай жана акысыз дарылануу менен бирге акысыз маска жана сүлгү берилет. Кургак учуктун көп түрлөрү бар жана дарылануу канча бир айдан эки жылгы созулат.

Ал эми  дагы бир сиздерди кызыктырган суроолор болсо анда акысыз 113 номуруна кайрылсаңыздар болот.

              Даярдаган: Толгонай Тимурова

Кайрымдуулук концерт

Албетте азыркы учурда жардамга муктаж адамдардын саны аз эмес. Бүгүнкү күндө жардам берүү ар бир эле адамдын колунан келе бербейт, бирок ага карабастан Талас шаарынын ИСИТО колледжинин студенттери демилге көтөрүп Жардам Талас аттуу уюм ачып жетишпеген, аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк менен жана материалдык жактан көп жардам бере албаса дагы маралдык жактан ден-соолугунан жабыр тарткан адамдарга жардам берип келүүдө. Ал эми азыркы учурда Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте Жардам Талас уюму кайрымдуулук концертин уюштуруп түшкөн каражатка интернаттагы балдарга ачык саат өтүү менен бирге белек-бечкектер менен кичине да болсо жүздөрүнө күлкү тартуулап, ал эми калган каражатка Рамазан айында орозо туткан инсандарыбыздын оозун ачырып жардам берүу максатында өткөрүп жатат.

      жардам талас

“Мен Талгат кызы Жылдыз азыркы учурда ИСИТО колледжинин информатика сабагынан мугалими болом. Кайрымдуулук концертти биз ачылгандан бери экинчи жолу өткөрүп жатабыз. Ал эми белет баасы 50 сомдон, түшкөн каражатты мурдагыдай эле интернаттагы балдарга белек берип жана ооз ачырайын дегенбиз. Бизди колдогон спонсорлор деги эле жокко эсе жана дагы да болсо биздин Москвада иштеп жүргөн жаштарыбыздын кээ бирлели миң, эки миң сомдон которду,”- деп өз ойун айтып өттү.

Жогоруда айтып өткөндөй эле Жардам Талас уюмунун курамы ИСИТО колледжинин студенттеринен түзүлгөн жана ИСИТО колледжинин студентинин айтымында:

“ Мен Тогонбаева Эркайым ИСИТО колледжинин студенти болом. Бул болуп өткөн концерттин катышуучулары Жардам Талас уюму жана жардам берем деген Таластын таланттары. Жардам Талас уюму ачылгандан бери көптөгөн кырктан ашуун үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим кече менен жардам бердик ал эми кайрымдуулук концерттен түшкөн каражатка дагы көптөн жакшы иштерди кылабыз деген үмүттөмүн,”- деген ойлорун кошумчалап өттү.

ИСИТО колледжинин студенти Тогонбаева Эркайым айтып өткөндөй эле Жардам Талас уюмуна каалочулар катталып жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтсө болот. Бирок бир кана материалдык жактан эмес мисалга алсак Талас шаарынын тургуну 1-класстын окуучусу да өз өнөрү менен кайрымдуулук концертке катышып кичине да болсо өз салымын кошту десек жаңылышпайбыз.

“Мен Нурканов Нурсултан Жардам Талас уюмунун мүчөу болом. Мен бул кайрымдуулук концертте комуз чертип Манас айтам, мен дагы жетишпеген үй-бүлөлөргө жардам бергим келет,”- деп айтып өттү.

“Көп түкүрсө көл болот,

Көл толкуса сел болот.”- демекчи Жардам Талас уюму каалаган  адамдарды жаш курагына карабай кабыл алат. Ал эми дагы бир кошумчалай кетчү нерсе инстаграм баракчасындагы jardam_talas аттуу  баракчасына тиркелип өз салымыңыздарды кошсоңуздар болот.

                    Даярдаган: Толгонай Тимурова

Таласта энелер күнүндө 13 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Талас облостук Ч.Мамбетов атындагы оруканада 6 ымыркай 3 кыз 3 уул төрөлгөн.

      Энелер кунундо

Манас райондук биргелешкен  оруканасында 1 кыз төрөлгөн.

Кара-Буура райондук оруканада 1 эркек.Бакай-Ата райондук оруканада 5 ымыркай 3 кыз 2 эркек төрөлгөн.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей 2013-жылдан 2017-жылга чейиг Талас облосунда баатыр эне орденин алгандардын саны 603 катталган. Ал эми «Эне-Даңкы»медалын алгандардын саны 276.

 

Спорттук мелдешинин облустук этабы Бакай-Ата районунда өткөрүлүп жатат

    «Дени сак улут өнүгүп  жаткан өлкө » урааны астындагы спорттук мелдеши өтүүдө .  Бул тууралуу аталган райондук админстрация тарабынан билдиришти ..

      спорт

Мында мыкты деп табылган ордо , кол күрөш , жеңил атлетика , тогуз коргоол ,футбол ,күрөш , волейбол боюнча мыкты оюнчулар тандалып ,алдыда Ысык-Көл облусунда  өтүүчү Республикалык турда Талас облусунун атынан барышмакчы ..

Оюндун жыйынтыгы менен Бакай-Ата району жалпы 18 упай топтоп облус боюнча 1-орунга жетишти .  Ал эми 20 упай менен Талас районунун жалпы командасы күмүш ..Кара-Буура командасы 24 упай менен коло орунду багындырса , Манас району 37 упай менен жеңилүү ызасына кабылышты.. Ал эми Бакай-Ата районунун мелдештеги  оюн түрлөрү менен бөлүп карасак ,улуттук күрөштөн ,таяк тартыштан , тогуз коргоолдун эркектер тайпасы биринчи орунду алышты . Кол күрөш ,волейбол аялдар тайпасы,  тогуз коргоол аялдар тайпасы жана жеңил атлетикадан 2-орунга илиништи .. Ошондой эле жөө күлүктөрдө Талас району 1-орунду ээледи .Ордо жана волейболдун эркектер тайпасынан  Бакай-Ата району 3-орунга ээ болушту .

             Даярдаган: Толгонай Тимурова

«PIXEL»- сүрөтканасында арзандатуулар бар

Албетте азыркы учурда 25-май жакындап келе жаткандыктан ар бир мектеп бүтүрүүчүсү сүйүнүп, бир жагынан кайгырып жана жашоонун туура нугун табып кетүүгө аракет жасап жаткан кез. Ошол эле мезгилде мектепти аяктап жатканда бирге окуган классташ балдары менен бирге кете албаса дагы, алар менен бирге түшкөн бир элес катары сүрөтканалардан виньеткага буйрутма беришет эмеспи, жана азыркы учурда  Талас шаарынын сүрөтканаларында кандай арзандатуулар же деги эле кандай ыңгайлуулуктар бар экендигин бизге “PIXEL”- сүрөтканасынын мүдүрү айтып бермекчи:

      фото пиксел

Мен Аскат Тургунбеков аыркы учурда “PIXEL”- сүрөтканасын иштетем. Негизинен эле айта турган нерсе бизге виньеткаларга буйрутма түшкөн күндөн тарта төрт күндүн ичинде даяр болот. Ал эми биздин тарткан сүрөтттөр окуучуга жакпай калса анда кайрадан барып тартып же өзү жактырган сүрөттү коюп беребиз. Ал эми бизде албетте арзандатуулар бар, мисалга алсак бир класстан жетишпей жашаган үч окуучуга бекер же кандайдыр бир арзандатуулар менен беребиз. Ал эми эжекелерине дайыма бекер болот.

Азыркы учурда Талас шаарында сүрөтканалар да аз эмес, бирок ошетсе да сүрөтканалар буйрутма алганга да жетишпей калган учурлар кездешет деп кошумчалап өттү Аскат Тургунбеков.

                  Даярдаган: Тогонай Тимурова

Талас районунун Айдралиев орто мектебинде турнир болуп өттү

Талас районунун Көпүрө — Базар айылынын Айдаралиев орто мектебинде Улуу Ата Мекендик согуштун 73-жылдыгына карата маркум Рысбек Айдаралиевтин жаркын элесине арналган Эл аралык турнир болуп өттү. Бул туурасында аймактык кабарчыга Талас районунун спорттук машыктыруучусу Байсейид Бейшекеев билдирди.

      Курош

Бул мелдешке Республиканын бардык аймактарынан Казахстан Республикасынан жалпы 380 спортсмен катышышты. Жыйынтыгында жалпы 14 спортсмен чемпиондуулукка чыгышып медал жана дипломдор менен сыйланышты. Дагы бир жолу кошумчалай кетсек Рысбек Айдаралиевтин уулдары, район жетекчилери, айыл тургундары демөөрчүлүк кылды дейт Байсейид Бейшекеев.

Ал эми биринчиликти жалпысынан 14- катышуучу багындыра алды, айта кетсек Бишкек шаарынан беш катышуучу.

Талас шаарынан алты катышуучу.

Казахстандан  үч катышуучу жеңишке жете алышты.

Ал эми экинчи орунду Нарын облусунан эки катышуучусу багындырса, үчүнчү орунду Жалал-Абад облусунун бир катышуучусу багындыра алды.

Даярдаган: Толгонай Тимурова