Жардам Талас жаштар уюму

 Талас шаарында жаштардан куралган  «Жардам Талас» аттуу уюм түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин  аз камсыз үй-бүлөлөргө , ден — соолугу жагынан жабыр тарткан адамдарга азык – түлүк менен камсыз кылып жана азыркы учурда Талас шаарынын  Эшим Кутманалиев атындагы стадионунда жаштарды чогултуп оюн уюштурушууда.

      Жардам Талас

Мен Талгат кызы Жылдыз ИСИТО колледжинде информатика сабагынан жана менталдык арифметикадан жаш балдарга сабак берем.  Биз бул убакытка чейин көптөгөн иш чараларды уюштуруп келгенбиз, жана бүгүн студенттер менен мектеп окуучуларды чакыргып  оюн уюштурганыбыздын себеби бул Таластагы тогуз мектеп менен сепат, лицей окуучуларынын арасында  ынтымакты бекемдөө. Учурдан пайдаланып дагы бир Талас элине кайрылуу жасап өтөйүн: Мүмкүн болсо биздин инстаграмдагы Жардам Талас аттуу баракчабызга жазылып, болгон сунушуңуздарды же жардам катарында кийим же акчлайбы жардам берүүңүздөрдү өтүнөөр элек.

 

Албетте бул Жардам Талас уюуму уюштурган оюнга Талас шаарынын мектеп окуучулары жана студенттер катышышты, жана катышуучулардын бири Элнуранын айтымында:

Мага абдан жакты, себеби өтө эле кызыктуу оюн болду. Мен бул жакка курбу кыздарым, сиңдим болуп келгенбиз. Алдыда дагы ушундай иш – чаралар болуп турса эң жакшы болмок эле.

Негизинен эле жогоруда айтылгандай бул иш – чара ар жуманын бир күнүн белгилеп Талас шаарындагы стадиондо өтмөкчү.

          Даярдаган: Толгонай Тимурова

Жол кыймылын көзөмөлдөө

      Гаи кызматкерлери

   Талас облусунун ЖКККБ бөлүмүнүн кызматкерлери жана Талас университетине караштуу колледжинин автомобильдик техникалык тейлөө адистигинин студенттери менен биргеликте “ Пешеход”, “Абайлагыла балдар” аталыштагы рейд өткөрүлүүдө.  

Бул рейдтин өткөрүлүп жаткандыгынын бирден —  бир себеби жөө жүргүнчүлөр жол эрежесин көп бузуп  жана айдоочуларга тыгым жаратып жатканына байланыштуу  өтуп жатат. Бул рейддин  негизги максаты жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүү эрежесин жана этикасын уйрөтүү,  жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу.   Бул тууралу дагы кененирээк маалматты Талас облусунун жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүсү жана милициянын кенже лейтенанты Сабит Оморбековтун айтымында:

Биз бул убакытка чейин Потрулдук милиция башкы башкармалыгы менен иш алып барып келсек, бүгүнкү күндө өкмөттүн 734 токтомунун  негизинде жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгы болуп дайындалып 10 93 буйругу менен иштеп жатабыз. Азыркы учурда Талас облусунда 112 мектеп бар болсо ошонун баарына бирден милиция дайындалып жолдо жүрүү эрежелери боюнча сабак өткөрүлүп жатат.

Негизинен  азыркы учурда жол кырсыгы көп катталып жатат, жана ошонун негизинде биздин ГАИ кызматкерлерибиз иш алып барып жаткан учур.

            Даярдаган: Толгонай Тимурова

Жаштардын талантын тандоо

      Баластан Билим беруу борбору

    Азыркы учурда жаштар бош убактыларын кээ бирлери интернет баракчалары менен өткөрсө кээ бирлери өз шыктарына карап бий кружокторунабы же чет тилдерин үйрөнүүгө жумшашат. Ал эми  мурунку учурларда ар бири үйүнөн даярданып кыйналса,  бүгүнкү күндө каалаган  кружоктордун түрү бар. Мына мисалга алсак Талас шаарындагы Баластан балдарга билим берүү борборунда 3 жылдан бери Билим берүү министрлиги менен ЮНЕСКО биригип баардык аймактардан бий жана вакал жагынан сынак уюштурушуп жеңүүчүлөдү Бишкек шаарындагы Филармонияга алып кетишүүдө. Бул тууралу да кененирээк маалыматты Баластан балдарга билим берүү борборунун мүдүрү Чолпон Исламовнанын айтымында.

Бизде бул сынак үч жылдан бери болуп келүүдө . Негизинен эле Таласта үч билим берүү борбору бар ошолордун баары жана мектептер катышууда. Азыркы учурда 140 баланын ичиненен 76 сы өттү эми азыр үчүнчү турду күтүп жатабыз.

ЮНЕСКО менен Билим министрлиги азыркы учурда бир кана Талас шаарында эмес баардык аймактарда сынак өткөрүүдө жана кененирээк маалыматты   Балажан тарбия берүү борборунун мүдүрүнүн орун басары Молдалиева Замира айымдын айтымында.

Негизиенен эле бул Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам аттуу  жекече бий жана ыр сынагы Балажан борборуна жүктөлгөн. азыркы учурда жер жерлерде сынактарды өткөрүп жатабыз.

Албетте өнөрүң, билимиң болсо жерде калбайсың, ошондуктан  азыртадан жаш убагыңда  эч нерседен ээринбей мээнет кылсаң, өз учурунда үзүрүн көрөсүң деп айтмакчыбыз.

        Даярдаган: Толгонай Тимурова, Зоотбек Ботукеев

“Манас Ата” гүлзар багы жашылдандырылды

      Манас ата гулзар багы

Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин аймагында “Манас Ата” гүлзар багы орун алган. Гүлзар бактын жалпы аянты 4га. Көрктөндүрүү үчүн бакка 1200 түп карагайлар, 100 түп мажүрүм тал, 100 түп кайың, ар кандай декаративный өсүмдүктөр жана 1200 түптөн ашуун роза гүлдөрү отургузулган. Гүлзар бактын көркүнө көрк кошуп турган роза гүлдөр. Роза гүлдөрдү өстүрүп кароо үчүн атайын адистер иштеп келет.

Жыл сайын гүлдөрдү жаңыртуу үчүн роза гүлүнүн көчөттөрү алынып келинип, комплекстин кызматкерлери тарабынан отургузулуп турат. Бул гүлдөр “Манас Ата” гүлзар багынын көркүн чыгарып, өзүнүн аңкыган жыты менен келген коноктордун көңүлүн өзүнө бурууда.Бул тууралуу Манас ордо комплексинде уюштуруу иштери боюнча башкы адис Зулхар Мамыров билдирди.

Даярдаган: Зоотбек Ботукеев

27 март Таласта театр күнү белгиленүүдө

      Театр куну

       Капар Медетбеков  атындагы    музыкалык  драм  театрда  театр күнү белгиленүүдө. Бул майрамда  Талас облусунун маданият ишмерлери  майрамдашууда. Маданияттын мыкты кызматкери  Сабира Күмүшалиева жана  Даркүл  Күйүкова   атындагы сыйлыктын  лаурияты  Кыргыз Респубиликасынын ардактуу айымы   Алмагүл Алсейитованын айтымында:

   Бир жылда бир келүүчү театр майрамында   театрдын  жааматы өзүбүздүн ичме чайыбызды ичип жакшы сөздөрдөн айтып   маңдай тескей отуруп алып чекебиз тердесе  бул дагы жаман эмес,   элге  журтка өзүбүздүн чыгармаларыбызды көргөздүк. Өзүмдүн окуучуларым бар,  алар мени сыйлап  театр  майрамы  менен куттуктады.  Алмагүл Алсейитова эжебиз Кыргызстандыктарды да  майрамдык кече менен куттуктап өттү.

 

Албетте, кыргыз эли илгертеден эле сөзгө чечен, акылман  болушкан. Мына бүгүнкү күндө да кыргыз элинин чыгармалары жерде калбай акын- жазучуларыбыздын жазган чыгармалары театрлаштырылып  элге көрсөтүлүүдө.

Даярдаган: Кожошов Эржан

Медициналык жардам берүү жактан жарандарга маалымат

      фомс 11

Азыркы учурда жарандарыбыздын көбүнчөсү материялдык, финансылык, жана ошондой эле  медициналык жактан да жардамга муктаж. Мына бүгүнкү күндө ошол тууралу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Талас аймактык башкаруу аймагынын  мүдүрү Улан Сагыновичтин айтымында:

Бул убакытка чейин бизге өкмөт тарабынан жылына  10800000 сом өлчөмдөгү акча каражат которулган, анын баардыгын ФОМС кызматкерлери жетишпеген адамдарга бекер дары-дармек таратып, жана жеңилдиктерди көрсөтүшкөн. Ал эми бул жерден айта кетчү нерсе кош бойлуу аялдарга эң чоң жардам кылып дары, жана жетишпеген нерселер менен камсыз кылынган.

Албетте жогоруда айтып өткөдөй эле жардамга муктаж адамдардын саны арбын, жана дагы бир айта кетчү нерсе 2018-жылга да 10800000 сом  өлчөмдөгү акча которулган.

Даярдаган: Толгонай Тимурова

24-март буткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү күнү

      кургак учук 1

Албетте азыркы учурда кургак учук оорусу кеңири таралып, адамдардын жалпысы болбосо да 30% жабыр тартты. Негизинен эле баардык ооруну алдын алса болот, ошондуктан Кызыл-ай коому бүгүнкү күнгө чейин Талас элине ар кандай кургак учукту  алдын алуу боюнча тегерек столдорду уюштурушуп кеңеш беришкен, жана бүгүнкү күндө да Кызыл-Ай коому буткүл дүйнөлүк кургак учук менен күрөшүү  күнүн белгилеп Талас шаарынын борбордук аянтчасына ыктыярчылар менен бирге акция уюштурушту, жана дагы бул тууралу кененирээк маалыматты Кызыл-Ай коомунун потранаждык бөлүмүнүн кызматкеринин айтымында.

Биз буткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күнүнө карата USAID  коому менен биргеликте акция уюштуруп Талас элине медициналык маалыматтарды берип жана брашураларды таратып акция өткөздүк.

Негизинен эле акция уюштурулгандан тышкары Кызыл-Ай коомунун ыктыярчылары флешмоб бийлешип чакан концерттик программа менен аяктады.

           Даярдаган: Толгонай Тимурова

«Алиппе»

      Алиппе Mixdown 1

Нарын районуна  караштуу  Жерге-Тал аймагында  Асанбек  Табалдиев  атындагы  орто  мектебинде  22-23-мартта  «Алиппе» майрамы  болуп  өттү. Жогорку деӊгээлде өтүп жатат. Бул майрам жылына өтүп турат. 1-классынын  окуучусу  Асанбекова  Аянанын  апасы  Кайыркүл  эже  төмөндөгүлөрдү айтып өттү:

Мен  кызымдын  Алиппе  майрамына  келгем. Абдан  жакшы  болуп  жатат. Кичинекей  балдарыбыздын  өнөрлөрүнө  күбө  болуп  жатабыз. Ата-энелери  да  келип  жакшы  маанайда  олтурушат».

Ал эми  ата-эне болуп келген 10-классынын  окуучусу   Лаззат Ишембекова   өз оюн билдирди:

«Мен сиӊдимдин «Алиппе» майрамына келдим. Жогорку деӊгээлде өтүп жатат. Окуучулардын катышуусунда, ошондой эле ата-энелердин көрүүсүндө өтүп жатат».

 Ошондой эле 1-классынын  окуучусу  Фатима  Бөкөнбаева мындай деди

«Бүгүн  Алиппе  майрамыбыз  болду. Аябай  жакшы  өттү».

Буга  чейин  да  Алиппе  майрамдары  болуп  келген.Аябай  жакшы  деӊгээлде  өттү. Башталгыч  класстын  окуучулары  мындан  ары  да  жакшы  окуп,мыкты  инсандардан  болот  деген  ишеничтебиз.

Даярдаган: Гүлипа  Амангелдиева 

Жерге-Тал айылында Мугалимдер жааматы тарабынан ишембилик өтүүдө.

      Ишембилик готовый сюжет

Жаздын  келиши  менен  айлана-чөйрөнү  тазалоо  иштери  башталды.    Жерге-Тал  айылынын  Асанбек  Табалдиев  орто  мектебинин  мугалимдер  жамааты  24-март  күнү  ишембилик  кылууда. Мугалимдердин  маанайы  абдан  жакшы. Бул  ишембилик  боюнча  Асанбек  Табалдиев  орто  мектебинин  директору  Баатыр  Сманбаев  агайга  кайрылганыбызда  төмөндөгүлөрдү  билдирди:

Бул  ишембилик  жылда  өткөрүлөт.Атайын  өкмөттүн  токтому  менен  3 айлык айлана-чөйрөнү  тазалоо  жашылдандыруу  кабыл  алынган. Бүгүн  жалпы  коллективдештерибиз  менен  ишембилик  болуп  жатат  жана  бардык  мекемелер  дагы  чыгып  жатышат. Биздин  башкы  максатыбыз, милдетибиз-таза  коомдо  жашоо. Таза  болсок  ден-соолугубуз  чыӊ болот.Айыл  ичинде  дагы  ушул  ишембиликти  көтөрүп  чыгабыз. Окуучуларыбыз  каникулдан  келишсе  да  айлана-чөйрөнү  тазалоо  иштери  жүргүзүлөт. Биздин  бүгүнкү  максатыбыз — жакшы  жашоого  карай  умтулуу».

Ал  эми  ушул  эле  мектептин  тарбия  иштери боюнча  уюштуруучусу  Абай  Адиев  мындай  деди:

« Бүгүнкү  иш-чара  аябай  жакшы  деӊгээлде  өтүп  жатат.Атайын  иш-чара  кабыл  алынган  жашылдандыруу  көрктөндүрүү  боюнча. Быйыл  мурункуга  караганда  эртерээк  башталды  бирок  ага  карабастан жакшы  жумуштар  болуп  жатат. Бүгүн  мугалимдер  жамааты  келип, мектептин  айлана-чөйрөсүн  тазалап  жатабыз. Бул  район  боюнча  кабыл  алынган  иш-чара. Эртеӊден  баштап жалпы  айыл-ичинде  тазалоо  иштери  жүргүзүлөт».

Асанбек  Табалдиев  орто  мектебинде  көп  жылдан  бери  эмгектенип  келе  жаткан, орус тили  мугалими  Баян  Бекболотова бүгүнкү  ишембилик  аябай  жакшы  деӊгээлде  өтүп жатат, маанайларыбыз  абдан  жакшы  деп  билдирди:

«Бүгүн  бизде  ишембилик  жүрүп  жатат. Жалпы  мугалимдердин  маанайы  абдан  жакшы. Кары-жашы  дебей  баардыгыбыз   келип  иштеп  жатабыз. Биздин  бүгүнкү  максатыбыз-тазалык жана  жашылдандыруу.

«Сен  таза  болсоӊ, мен  таза  болсом, коом  да  таза  болот»,-  демекчи, тазалыкты  ар  бир  адам  өзүнөн  баштоо  керек. Ошондо  гана  өлкөбүз  өнүгүп өсөт  деген  ойдобуз. Ал  эми  бүгүнкү  ишембиликке  келген  Асанбек  Табалдиев  орто  мектебинин  мугалимдер  жамаатына  тереӊ  ыраазычылык  билдиребиз

Даярдагандар: Нурай  Эсенгулова , Мээрим  Жумабекова.

Таласта 4 райондо тең нооруз майрамы белгиленди

      4 район Нооруз

Талас облусунда нооруз майрамы 4 район 1 шаарда белгиленип бүттү.Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бакай-Ата,Кара-Буура,Манас,Талас райондорунда Ноорузга иш-чаралар боз үй тигилип,улуттук оюндар ойнолуп коштолду.

Бакай-Ата районунда окуучулар арасында сармерден өтүп,Нооруздун тарыхын райондук китепкана театралдаштырып көрсөттү. Кара-Буура районунда боз үйлөр тигилип апалар кечээтен бери сүмөлөк жасашып,конокторго таратты.Ал эми Манас районунда башка улуттун бийлери,этностор аралык тамак жарманкелер өттү.

    Даярдаган: Ботукеев Зоотбек