Кара-Буура райондук жана Манас райондук сотунун имараттары капиталдык ремонттон өтүүдө

Талас облусунун Кара-Буура райондук сотунда имарат ичиндеги оңдоо – түзөө иштери 70% аткарылып, аны менен бирге имараттын сыртын жасалгалоо иштерди уланууда.

Айта кетсек,  Кара-Буура районунун Кызыл – Адыр айылында Кара-Буура райондук соту 1968 – жылы курулуп, имаратта оңдоп – түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 2016 – жылы Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешинин чечими менен имаратты  оңдоп – түзөө иштерине мамлекеттен каражат бөлүнгөн.

Ал эми, Манас райондук сотунун имарат ичиндеги капиталдык ремонт иштери аяктап, тосмолорду орнотуу жана имараттын короосуна күзөт бөлмө куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилүү болгондой, Талас облусунун Кара-Буура жана Манас райондук сотторунун имараттары 2016-жылдан бери капиталдык ремонттон өтүп жатат.

«2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү» багытындагы  мамлекеттик максаттуу программанын алкагында 2016-2017-жыл ичинде Талас облусу боюнча Бакай-Ата райондук сотунун имараты толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү.

       Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан сотторго өзгөчө көңүл бурулуп келүүдө.  Мамлекет соттордун ишине ийгиликтүү натыйжа алып келээрине ишеним көрсөтүп, имараттарда өткөрүлүп жаткан капиталдык ремонтторго керектелүүчү чыгымдарды каржылап, соттордун материалдык-техникалык базасы чыңдалып өркүндөшүнө өз салымын кошуп келүүдө.

 

Талас облустук сотунун басма сөз катчысы

Назгуль Кулушева

 

Талас шаарындагы мектеп окуучуларынын олимпиадасы.

      Олимпиада

Талас шаарында ар бир жылы окуучулар арасында олимпиада болуп турат, жана азыркы учурда №2 орто мектебинде райондук олимида болуп өттү, жана ар бир мектептерден окуучулар катышышты. Ал райондук олимпиадада билим деңгээли боюнча жеңүүчү окуучу шаардык олимпиадага барууга жолдомо алат.

Азыркы учурда билимдүү болсоң кана көздөгөн максатыңа жете аласың, ал эми билимдүү болуу үчүн мектептен баштап билимге умтулуп жакшы окуу керек.  Мисалга алсак азыркы учурда олимпиададагы окуучулар мектеп саатынан тышкары окушуп көп нерсени билип алышат, жана азыркы учурдагы болуп өткөн олимпиаданын уюштуруучусунун мүчөсү Сыдыкова Айида Кудайбергенова айымдын айтымында айтымында:

Мен  Сыдыкова Айида  Талас шаардык билим берүү борборунун усулкана башчысы. Болуп өткөн олимпиадага мектеп окуучулары 12 сабактан таймашышат жана жеңүүчүлөрү диплом менен сыйланышат.

Ал эми бул тууралуу  олимпиаданын катышуучусу Жолдошбекова Алтынайдын айтымында:

Мен бул олимпиадага тарых сабагынан келдим. Мага кыйынчылыкты жараткан жок, себеби  бул жакта мага эжекем үйрөткөн суроолор келди, жакшы орундарды багындырам деген ойдомун.

 Даярдаган: Тимурова Толгонай

Фемида өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам беришти

Талас  облусунун  жергиликтүү сотторунун жааматы жана аппарат кызматкерлери  өз демилгеси менен Талас  шаарында  жашашкан  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо ирээтинде  акчалай  жардам көрсөтүштү.

Талас облустук сотунун төрайымы  Клара Калиева  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашаган даректери боюнча үйлөрүнө  барып, ден-соолуктарын сурап, Жаңы жылы менен куттуктады.

Ошону менен катар, фемида өкүлдөрү сот системасында көп жылдан бери иштеген эмгек ардагерлерин эстен чыгарбай, ар дайым алар менен баарлашып, соттор уюштурган салтанаттуу иш-чараларга чакырып келүүдө. Кезектеги Талас облустук сотунун судьялары менен кезигишүүнүн биринде Кыргыз Республикасынын  сот тутумунда көп жылдар бою  судьялык  кызматта эмгектенип,  ардактуу  эс алууда жүргөн, бүгүнкү күндө адвокат катары иштеп келе жаткан,  эмгеги сиңген юрист  Кенжебек Султаналиевге  Талас облустук сотунун төрайымы “Отставкадагы судья” деген  күбөлүгүн тапшырды.

Кенжебек Султаналиев өз кезегинде ыраазычылык  сөздөрүн  айтып, мындан ары дагы сот жана сот сстемасын өркүндөтүү үчүн өз эмгегин жумшарын ишендирип кетти.

Белгилей кетчү нерсе, Кенжебек Султаналиев бүгүнкү күндө да адвокат болуп эмгектенип, сот реформасын ишке ашырууда салымын кошуп келет, сотторго жана жалпы сот системасына ишеним көтөрүү боюнча өз жардамын көрсөтүп, коомчулукта ар кандай түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүп келүүдө. Сот тармагында жаш муундарга үлгүлүү кызматкер катары иштеген эмгек жолу, тажрыйбасы өтө баалуу.

Талас облустук сотунун басма сөз катчысы

Назгуль Кулушева

НУР БАЛА КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ.

      Нур бала 1

“Көп түкүрсө көл болот,

Көл толкуса сел болот”- демекчи  азыркы учурда жардамга муктаж деги эле маралдык же матириалдык жактан эмес ден соолугуна байланыштуу  азыркы баардык балдар окуп жаткан жөнөкөй мектепте окуй албаган балдардын саны жок эмес.  Кимдир бирөөгө жакшылык кылсаң  анда ал жакшылыгың кайра өзүңө эки эселенип кайрылып келет.  Мисалга алсак бир гана Талас шаарында  канчалаган мүмкүнчүлугү чектелген балдар бар, бирок ошол мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берген НУР БАЛА коомдук фонду ошол балдарды окуганга же даарыланганга матириалдык жактан жардам беришет, жана НУР БАЛА коомдук фондунун жетекчиси Наргиза сапарбаевна айымдын айтымында:

Мен Наргиза Сапарбаевна коомдук бирикме Нур баланын жетекчиси болом. Биздин коомдук фонд 25- сентябрда 2009-жылы ачылган.   Биздин фонд мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга маралдык жактан, матереалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн негизинде ачылган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан тышкары тоголок жетим, жетим, социалдык жетим жана үй бүлөлүк кыйын шартта жашаган балдарга жардам беребиз.  Биздин уюумдун натыйжасында бүгүнкү күнгө чейин Талас областында жети реаблитациондук цент ачылган, Талды-Булакта Таң нуру,Таласта Теңир колдо, Көк-Ойдо Бекнур, Ак-дөбө айылында  Ак-Тилек, Манас районунда Аярбала, Кызыл-Адырдан Аяржан деген реаблитациондук центрлер ачылган.  Бизде мындан тышкары көптөгөн долбоорлор болгон жана алардын арасынан эң негизги долбоорубуз  саан уй доолбоору болгон, биз Талас облусунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өтө оор шартта жашаган жана чоң оорусу болгон балдарга биз уйду жардам катары  тартуулаганбыз, азыркы күндө Талас облусундагы бүт айыл аймактарды камтып жакшы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Ал эми азыркы күндө бизде беш жүздөн ашуун балдар уй менен камсыз болгон.  Негизинен эле бул уюмдум Турдугулова Жылдыз,Зарина Турукманова жана мен Сарталиева Наргиза үчөөбүздүн негизинде ачылган. Биз негизи 2009-жылдарга чейин 2008-жылдары EVERY CHILD деген  чоң уюум бар  жана болчу,  биз ал жакта эмгектенчүбүз. Бирок кийин кандайдыр бирсебептер менен ал уюум жабылып калды, негизинен эле биз ал жакта иштеп жүруп биз элестеткенден да көбүрөөк мүмкүнчүлүгү чектелген балдар экенин билип кийин ал уюум жабылса да биз үчөөбүз ушул Талас шаарында азыркы күнгө чейин иш алып барып жатабыз.

 

Албетте  азыркы учурда ден соолук жактан жабыр таркан көптөгөн балдар башка билим алып жүргөн балдар сыяктуу билим алыша алышпайт, бирок азыркы учурда Нур бала фонду ошондой жардамга муктаж балдарды мугалим жалдап мектептерге кошуп окутууда жана азыркы учурда Нур бала фондунда жардамчы мугалим болуп эмгектенген Асел Бектурсунова айымдын айтымында:

Мен Асел Бектурсунова Нур бала коомдук фондунда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутууга жардам берип иштейм. Азыркы учурда сентябрь айынан баштап май айына чейин эки баланы Талас шаарындагы №1 орто мектебинде окутуп жатам. Албетте азыркы учурда кыйынчылыктар болуп жатат,жана мунун натыйжасы да ата- энелерге көз каранды, себеби мен канчалык аракет жасабайын үйүнөн да  ата- энеси көз салып туруусу зарыл. Азыркы учурда мен Карачаев Канат жана Айчүрөк экөөнүн оорусу аутизм жана акыл эси кем балдарды окутуп жатам.

“Жаман адам өз камы үчүн күйүнөт,

Жакшы адам эл камы үчүн күйүнөт.”- демекчи ар бир адам башка адамдарга жардам кылса ал адам инсан катарын толуктай алат.

    Даярдаган: Тимурова Толгонай

 

Талас облустук сотунда ачык эшик күнү болуп өттү

Талас облустук соту Талас шаарындагы «Мээрим – Себат» кыздар лицейинин окуучуларына «Ачык эшиктер күнүн» уюштурду. Бул  иш чара жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын урматтоого үйрөтүү, сот системасына ишенимди жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлдү.

Иш чарага «Мээрим – Себат» кыздар  лицейинин 11-классынын окуучулары  жана англист тил мугалими Саламат Молтоева катышты.

Талас облустук сотунун төрайымы Клара Калиева  жана судьялар Омурлан Тункатаров, Айнура Султаналиева окуучуларга   укуктук маданият, сот тутумунун артыкчылыктары   жөнүндө айтып беришти.  Мындан тышкары фемида кызматкерлери соттун имаратында экскурсия өткөрүп, бүгүнкү күндө сот реформасы кандай жолдор менен ишке ашырылып жатканын, судьялардын конкреттүү  ишти кароодо кабыл алган өкүмү  үчүн жоопкерчилиги жөнүндө баяндашты.  Ошондой эле  сот ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугунун ишке ашырылышынын негизги атрибуттары катары, коомчулукка ачык жана жеткиликтүү болгон sot.kg жайгаштырылган сот тарабынан кабыл алынган соттук актылар жөнундө кененирээк маалымат берилди.

Ачык эшиктер күнүнө катышкан  окуучулар, сот системасы тууралуу, соттук процесске катышкан тараптардын укуктары жана милдеттери жөнүндө, жазык жоопкерчиликтин жана жарандык милдеттердин озгөчөлүктөрү  боюнча  суроолорун беришти.

Соңунда, Талас облустук сотунун төрайымы  Клара Калиева жана судьялар «Мээрим – Себат» кыздар лицейинин окуучуларына  ийгиликтерди каалап, мыкты кесиптин ээлери болушун каалап өтүштү.

Талас облустук сотунун басма-соз катчысы  Назгүл  Кулушева

 Даярдаган: Назгүл Кулушева 

Гулнура – биздин сыймыгыбыз.

      Гулнура биздин сыймыгыбыз

    Адамды өзүнөн эмес ишинен тааны дегендей эле ар бир эле адам  өзүнүн кылган иши жана  сүйлөгөн сөзү менен бааланат.  Азыркы учурда окуулардын деги эле билим өрчүтүүчү мекемелердин саны арбын.  Айтылыт ко, келечек жаштардын колунда деп, анысы карындай ар  бир келечек муундары алдыга умтулуп чет өлкөлөргө чыгышып өз билимин тереңдетүшүүдө. Жакшы менен жолдош болсоң жакшысы жугат,  жаман менен жолдош болсоң кесири жугат дегендей эле ар бир адамдын өсүп өнүгүүсү айлана чөйрөгө да байланыштуу. Бирок, ооба туура ар бир адам өзү үчүн аракет жасап, өзүн жакшы жакка шыктандырса анда ал адам эч убакытта жерде калбайт. Албетте азыр заман өнүгүп англис тили же деги эле чет тилдер жакшы өнүгүп биздин Кыргыз республикабызда да  ар кандай жакшы окуу жайлар ачылып ошол жактан  жакшы жетишкендиктерге жетишүүдө,  алардын арасынан Талас шаарына караштуу Көк- Токой айылынын тургуну Жолдошбекова Гульнуранын айтымында:

Мен Жолдошбекова Гульнура азыркы учурда Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы эл аралык  окуу жайында окуйм.  Мен 19 жаштамын жана окуу жайга чейин Кара-Суу айылында окугам, андан соң мен да азыртадан аракет жасабасам мен үчүн кийин  кыйыныраак  болуп калат, мен  да башкаларга окшоп бир ишке киришейин деген ойдо англис тилине кызыгып Талас шаарындагы  балдарга билим берүүчү борбордо  англис тилин үйрөнүп кызыга башдадым. Менин оюмча мага ошол убакытта түрткү берген менин англис тилчи мугалимим болду.  Андан соң Талас шаарындагы радиомостко келип көптөгөн жакшы маалыматтарды алып, элдер менен кандай сүйлөшүү керек экенин үйрөнүп ар кандай жакшы  радио берүүлөрдү алып барып деги эле жалаң жакшы жакка калыптанып азыркы учурда мага ошолордун жардамы  абдан тийип жатат. Мен англис тилин үйрөнгөндөн кийин менин бактыма жараша Америкага өтүүчү тест келип алардын үч турунан өтүп Американын мектебине бир жылдык окууга өттүм, ал жактан  жалаң кана жакшы жактарды үйрөнүп азыркы учурда  окуу жайда окуп алдыда жакша ой максаттарым бар.

“Жашыңда берсин мээнетти,

Карыганда берсин дөөлөттү” дегендей эле азыртадан өзүң аракет жасап  тырышсаң,  анда келечекте чоң кесиптин ээси болуп, “Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың”.

 

    Даярдаган: Толгонай Тимурова.

ЫРЫСКЕЛДИ ЭМЕРЕК ДҮКӨНҮ.

      Ырыскелди эмерек салону

Албетте адамдын көркү чүпүрөк дегендей эле үйдүн көркү анын жасалгасында. Мисалга алсак ар бир эле үй кожойкеси өзүнүн сулуулугуна эле көңүл бурбастан  үйүнө дагы көбүрөөк басым жасайт.  Бирок бир кана үйдү жасалгалап коюууда эмес, аны туура, таза кармоо да ар бир үй кожойкесине тийиштүү, бирок ар бир буюм көпкө сакталуу үчүн  буюмдун сапаты жакшы болуу керек. Мисалга алсак азыркы учурда Талас шаарында  эмерек дүкөндөрүнүн саны арбын, алардын арасынан Ырыскелди дүкөнүнүн мүдүрү Жанатбеков Бакыт мырзанын айтымында:

Мен бул эмерек дүкөнүн 2002-жылы сатып алгам, азыркы учурда Бишкек шарындагы эмерек жасоочу дүкөндөр менен келишим түзүп иштешип жатам.  Ал эми дүкөндүн аты Ырыскелди болуп калганынын себеби, биринчиден баламдын аты Ырыскелди, экинчиден кыргызда сөз бар эмеспи ырыс кешиктүү болсун же деги эле ушу бизден алынып кетилген буюмдар ар бир үйгө ырыскы алып келсин деген максатта  койгонбуз. Бизде үйгө керектүү баардык буюмдар бар, алардын арасынан  эң жөнөкөйү 10000 сомдон өйдө , ал эми коженныйлары 20000 миң сомдон жогору.

Ал эми бул боюнча дагы Талас районунун Кара-суу айылынын тургуну Динара айымдын айтымында: бул Ырыскелди эмерек дүкөнүнөн дайыма соода кылып турам,  анткени саткан буюмдары сапаттуу жана арзан. Ал эми кардарларга кылган мамилеси да абдан жакшы.

Албетте азыркы учурда Талас шаарында эмерек сатуучу дүкөндөрдүн саны арбын, жана албетте эмерек сатуучу дүкөндөрдүн көбөйүүсү ар бир адамга   тандоо жүргүзүүгө оңой кылып жана жакшысын жана арзанын сатып алууга жакшы шарт түзүлдү десек жаңылышпайбыз.

    Даярдаган:Тимурова Толгонай 

Райондук олимпиада.

      Райондук олимпиада Mixdown 1

Райондук  олимпиада  2017-жылдын  25- декабрында Асанбек  Табалдиев  орто  мектебинде  өткөрүлдү. Жалпысынан  32  мектеп  катышышты. Алардын  ичинен  татыктуулары  орундарга  ээ болушту. Бул  олимпиада  боюнча  Нарын райондук билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Болотбек Акматалиевич  төмөнкүлөрдү  айтып  өттү:

 

« Нарын  району 5  өрөөнгө  бөлүнгөн. Ал  жактан  өрөөндүк  олимпиадалар  өткөрүлүп  1-2-орунду  камсыз  кылган  окуучуларыбыз  бүгүн  райондук  олимпиадага  катышып  жатышат.  Жалпысынан  10  предметтен  ат  салышат. Бизде  орус  класстардан, гимназия, лицейлерден  келген окуучулар жок. 3-4 жылдан  бери  райондук  олимпиадага  өзгөчө  талаптар  коюлуп, таза  өтүшүнө  аракет  кылуудабыз. Нарын  облусу  боюнча  жалпысынан  20  окуучу республикалык  олимпиадага катыша  алышат. Аларндын  ичинен  алдынкы  орундарга  ээ болгон  окуучулар  бар. Мен  баардык  окуучуларга  ийгилик  каалайм.»

Асанбек  Табалдиев  атындагы  орто  мектебинин  11-классынын  окуучусу  Айбек  кызы  Нестан  бүгүн  англис  тили  сабагынан  катышууда. Райондук  олимпиада  жакшы  деӊгээлде  өтүп  жаткандыгын  айтты:

« Мен  бүгүн  англис  тили  сабагынан  катышып  жатам. Жалпысынан  10-класстардан 12 окуучу, ал  эми  11-класстардан  8 окуучу  менен  таймашып  жатабыз. Баардыгы  мыкты  денӊгээлде  даярданып келишиптир. Мен  баардык  атаандаштарыма  ийгилик өзүмө  жеӊиш  каалайм.»

 Алыш  орто  мектебинин  окуу бөлүмүнүн  башчысы  Махабат Курманова  эжей  мындай  деди:

« Биздин  мектептен  өрөөндүк  турдан  5  окуучу  чыккан. Ал  окуучулар  Физика, Кыргыз тили, Орус тили, География, Тарых  сабактары  боюнча   райондук  олимпиадада таймашып  жатышат. Биздин  окуучулар  бүгүнкү  турга абдан  жакшы  даярданышты. Бүгүнкү  таймашта  күчтүүлөрдүн  күчтүүсү  жеӊсин».

Жолдош  Саламатов  орто  мектебинен 10-классынын  окуучусу  Кылымбек  Рашов кыргыз  тили  сабагынан  келди. Бүгүнкү  таймашка  жакшы  даярдыкта  келгендигин  айтты:

«Кыргыз  тили  сабагы  боюнча  бүгүн  жалпы  20 окуучу  келиптир. Алардын  19 кыз бири мен. Атаандаштарым  аябай  жакшы  денгээлде  келишиптир. Баардык  окуучуларга  ийгилик!» 

 Бул  райондук  олимпиада  таза  жана  так  өткөрүлөт  деп  ишенебиз. Бүгүнкү  олимпиададан  облустук  олимпиадага  жолдомо  алган  окуучуларыбызга  ийгиликтерди  каалайбыз.

        Даярдаган: Мээрим  Жумабекова   Гүлипа  Амангелдиева      Нурай  Эсенгулова  

Талас шаарынын окуучулары кышкы эс алууда.

      Кышкы каникул

Албетте ар бир мезгилдин өзүнүн кооздугу жана керемети бар.  Жайкы мезгил жылуулугу, жаз мезгили кооздугу, күз мезгили ар бир жемиштин мөлтүр таза суудай бышып турганы менен бизге жакса, ал эми кыш мезгили аппак  таза каары, жана бетти кызарткан ызгаардуу  суугу менен  айрыкча кичине балдарга жагат эмеспи. Мисалга алсак кышында кыш менен кошо кирип келген  жаңы жыл майрамы. Ал учурда ар бир көчөдө ар бир үйдө кышка камынгандай жаңы жылды тосуп алууга камынышат, жана ар бир кичинекей балдар чанасын көтөрүп мууз тебүүгө же лыжа тебүугө чыгышат.  Жогорудагыдай ар бир мезгил сымал, ар бир мектеп  мезгил сайын эс алууга чыгышат жана азыр мектеп окуучуларынын кышкы эс алуу учуру. Албетте аты айтып тургандай мектеп окуучулары эс алууга чоң-ата, чоң-энесиникине барышат жана алардын арасынан  11-класстын окуучусу Ырыскелдинин айтымында:

Мен азыркы учурда №1 орто мектепте 11-класста окуйм, жана азыркы кышкы эс алууда досторум менен эс алып ,деги эле мурун бүтүрө албай жүргөн иштериме азыр үлгүрүп жатам.

Бул кышкы эс алууда мектеп окуучулары менен ата-энелер да эс алууда алардын арасынан Жуманалиева Самара айымдын айтымында:

Мен кышкы эс алууну абдан жакшы көрөм, балдарым  мектептен эс алууга чыгаары менен  тайэне, тайатасыныкына жиберем жана мени менен да ар кандай эс алуучу жайларга барышат.

Мына көптөн күткөн кышкы эс алууда ар бир баланын жүзүндө күлкү болуп тайэне, тайата, чоң-эне, чоң-апаларынын кучагында олтурган кез.

Даярдаган: Тимурова Толгонай

Талас шаарындагы “НЕМАН” даарыканасы.

      Неман даарыканасы mp3

Албетте азыркы учурда оорулардын саны арбын, алардын арасынан сасык тумоо оорусу  айрыкча кышкы учурларда көптөгөн адамдарда кезигет. Бирок  азыркы учурда алдын алуу , сактануу  үчүн көптөгөн ыкмалар бар эмеспи. Антседа канчалык  аракет жасап тырышпагын жогоруда айтып өткөндөй  кышкы учурларда сасык тумоодон сактануу  өтө эле кыйын. Мисалга алсак мектеп окуучулары же бала бакчадагы  кичине балдар сасык тумоо менен жабыркаган учурда  ар бир ата-эне баласы учун сапаты жагынан жогору, ишеничтүү даарыкана издейт эмеспи. Алардын арасынан жогорку сапаттагы ар бир дарынын  кепилдиги жана сертификаты менен болгон Талас шаарындагы эң эле көрүнүктүү “НЕМАН” даарыканасы өз кызматын көрсөтүүдө жана “НЕМАН” даарыканасынын   мүдүрү Осоналиева Жийде Токталиевна айымдын айтымында:

Негизинен эле “НЕМАН” даарыканасы Талас шаарында  2007-жылы ноябрь айында ачылган, жана азыркы учурда  он жылдын жузу болду. Дагы бир  билдирип кетчу нере бизге келген даарылар текшеруудөн өтүлүп ар бир даарынын  сертификаты болуп, сактоо мөөнөтү жакындаганда борборубуз Бишкек шарынан даарыларды кайтарып берүү буйругу келет. Ал эми даарылар деги эле бизде сатылган товарлардын сапаты жана жарактуу мөөнөттөрү жагынан катуу каралган.

 

Албетте баарыбызга маалым болгондой “НЕМАН” дарыканасы башка даарыкаларга салыштырмалуу арзан баада жана даарылары сапаттуу жана келген кардарлар эмнени каалабасын баардыгы бар.

Даярдаган: Тимурова Толгонай.