“ЫЙМАНЫМ ЫЙЫК МУРАСЫМ”- АТТУУ ТЕМАДА ТАЙМАШУУ.

      ыйман

Кыргыз республикасынын призиденти Алмазбек Атамбаев белгилегендей  эле 2017-жыл ыйман, адеп жана маданият жылы болгондуктан Талас облусунун ыйгарым укуктуу    өкүлүнүн апаратында социалдык манитордук жана өнүгүү бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси Дүйшөкеева Динара    айым бүгүнкү күндө Талас шаарынын Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепте  атайын азыркы жаштарды ыймандуулукка чакыруу менен ыйманым ыйык мурасым  деген темада  мектеп окуучулар жана студенттер арасында  таймаш өткөзүүдө. Албетте мындай иш чараларга азыркы жаштар муктаж десек болот, жана дагы бул  боюнча Динара айымдын айтымында:

Негизинен эле өткөрүп жаткан иш чарабыз Кыргыз республикасынын призидентинин жарлыгынын негизинде ыйман,адеп жана маданият жылынын алкагында ыйманым ыйык мурасым таймашуу  өткөрүлүп жатат. Бул облустук жыйынтыктоочу туру, буга чейин билим берүү мекемелеринин арасында жана коледжтердин арасында жана кесиптик литцейлердин арарсында өткөрүлүп келген, ошолордун ичинен тандалгандары бүгүн жети команда облостук деңгээлде беттешип жатышат. Бизге бул идеяны Талас мамлекеттик университетинин дотценти, ыйман сабагынын автору Калманбетов Манас агайдын сунушу болду жана биз ушу жобону иштеп чыгып азыркы учурда жаштарды ыйманга чакыруу максатта иштеп жатабыз.

Албетте ыймандуу болсоң кана сени баардык жакта сыйлашат жана өзүңдүн адамдык, инсандык сапатың жогорулай десек жаңылышпайбыз. Ал эми ошол сынактын катышуучусу  Жуматаев Бекжан мырзанын айтымында:

Мен Жуматаев Бекжан азыркы учурда Талас шаарындагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин 11 классынын окуучусу болом.  Азыркы учурда Талас шаарында Талас облустук жаштар кеңеши бар, алар менен биз чогу иш жүргүзүп  ушул Талас шаарындагы тогуз мектепти биримдүүлүккө чакырабыз деген ойдо иш алып барып жатабыз. Менин оюмча азыркы учурда ыйманга же достукка чакыруучу иштер көп болсо эң жакшы болмок, жана азыркы болуп жаткан иш чара да жаштарды жакшы жакка калыптандырат деген ойдомун.

       Даярдаган:Тимурова Толгонай

Биздин жердешибиз Жапонияда.

      жапониядагы жердешибиз

Албетте билимдүү болсоң кана баарына туруштук берип жана көп нерсени көтөрүп кете аласың. Айтылат ко “Билим ийне менен  кудук казкандай “-деп, анысы карындай билим алуу бул азыркы учурда оңой иш эмес. Азыркы учурда көптөгөн жаштар канчалаган окуулардын төбөсүнө чыкпай же өз кесибин аркалай албай калышат. Бирок мунун баарына ар бир адам өзү себепкер, себеби кимде-ким максат коюп аракет жасаса анда ал адам сөзсүз каалаган максатына жете алат. Мисалга алсак азыркы учурда кайраттуу, окуйм деп жугуруп жүргөн жаштардын саны да жок эмес алардын арасынан Сариев Мелис мырза  азыркы учурда Жапонияда Фукуока шаарында тил мектебинде окуп жана өзүн каржылоо үчүн окуудан кийин газета таратып иштейт,жана дагы өзү жөнүндө кененирээк маалыматты Сариев Мелис мырзанын айтымында:

Мен Сариев Мелис Талас шаарындагы Жонарык айылында  1997-   жылы төрөлгөм, азыркы учурда Жапонияда Фукуока шаарында тил мектебинде окуйм , жана мектептен тышкары газета таратып иштеймин.  Мен башында Талас шаарындагы балдарга билим берүү борборунда окугам  андан соң Аниме аттуу мультфилмди көрүп кызыгуулар пайда болду жана Жапон тилин үйрөнүп азыркы учурда окуп жатам. Мага башында Бишкек шаарындагы  тил жана маданият  борбору  Жапониядагы окуу  жайына төлөнүүчү каражатты каржылап беришкен андан соң өзүм иштеп азыркы учурда өзүмдү-өзүм каржылап жатам жана мага мектептен  Жапониядагы билим берүү министирлигинен 30000 иен стипендия берелет. Негизинен эле менин алдыга койгон максатым АЙТИ жагына жогорку окуу жайга өтүу жана Кыргызстанга максатыма жеткен соң кайтып барам.  Албетте Кыргызстанды абдан сагындым жана баардык Кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм, ушул келе жаткан жаңы жыл жакшылыктардын жылы болсун.

     Даярдаган:Тимурова Толгонай:

 

 

 

 

“Короли танцпола” сынагы.

 

      Бий падышаасы

Биринчи байлык ден-соолук демекчи ар бир адам ден соолугуна кам көрүүсү керек. Себеби ден соолугуң болсо кана сен бул дүйнөдө адамсын дегендей ден соолугуңду чыңдоо үчүн эч убактыны аябай дайыма ар кандай көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Мисалга алсак бий кружокторуна баруу же деги эле азыркы заманда ден-соолук үчүн ар кандай машыгуучу  жерлерге баруу. Мисалга алсак Талас шаарындагы жаштардын курамынан түзүлгөн АЙКӨЛ бейөкмөт аттуу уюум“КОРОЛИ ТАНЦПОЛА” аттуу сынак жарыялашып,азыркы учурда финалы болуп жатат, жана АЙКӨЛ уюумунун мүчөсүнү  Сайкал Алымбекованын   айтымында:

Чындыгында эле азыркы учурда баардык жаштар жаман жакка кызыгуу менен калыптанууда.  Негизинен  эле биздин максатыбыз жаштарды жакшы жакка үндөп, азыркы  ар кандай алаксытуучу компьютер оюндарынан алыстатуу, же көчө таптап жүргөн жаштарды кызыктыруу десем болот. Албетте жакшы же жаман болуу ар адамдын колунда, бирок аны курчаган чөйрөнүн да таасири тийиши мумкун. Биз буга чейин да көптөгөн иш чараларды, жыйындарды өтөрүп келгенбиз жана бүгүнкү иш чарага мектеп окуучуларынан түзүлгөн топтор жана бий топтору катышты, жана бул бий топтору үч жолу сынактан өтүшүп жана бүгүнкү сынактын жеңүүчүлөрү 15000 сом баш байге алышат. Алдыдагы биздин максатыбыз зор жана ушундай сынактарды уюуштуруу.

Албетте мунун баары азыркы заманда койгойлүү маселе десек жаңылышпайбыз себеби азыр кызыктыруучу жана көз каранды кылуучу оюундардын саны арбын, бирок мунун баарын туура багытта колдонуу ар бир адамдын колунда десек болот, жана “Короли танцпола” сынагынын катышуучусунун  айтымында:

Мен негизинен бул сынакта “MDclub” тобу менен катышам, жана катышканымдын себеби өзүм бийге  абдан кызыгам. Албетте азыр абдан толкунданып, башкача сезимдер болуп жатат жана мен үчүн финалга чейин жетүү чоң сыймык.

  Даярдаган: Толгонай Тимурова

ЖАНЫ ЖЫЛГА ДАЯРДЫК.

      Жаңы-жыл

Кереметтүү кычыраган кыш менен чогу келген жаңы жыл  ар бир эле адамды  кубандырбай койбойт.  Албетте, жаны жылда ар бир адамдын көңүлү көтөрүлүп айрыкча кичинекей балдар аяз атаны кызыгуу менен күтүшөт, жана ар мектептерде жаны жылдык балатылар, кечелер өткөлүлөт.  Бул майрамдарга билим берүү бөлүмүнүн адиси Чалов Чынгыз мырзанын  айтымында.

Бул жаңы жылга карата балатылык кечелер жылда кайталанып келет жана  үйгө же кафе, ресторандарга чоң класстар барууга тыйуу салынган. Албетте дайыма эле массалык отуруштарга тыйу салынып келет ошондуктан ар бир мектеп өздөрү  мектептерге кечелерди уюштуруп олтурушат, жана ар бир мектеп биздин көзөмөлдө болот.

Ушул эле тема боюнча№1жалпы билим берүүчу орто мектебинин уюштуруучусу Райма Расылканованын  айтымында:

Жаңы жылдык балаты майрамы ар жыл сайын бизде майрамдалып келет. Бирок, туура бизге массалык отуруштарды жасоого тыйу салынган жана биз коюлган талаптарга ылайык  ушул №1 орто мектебинде 9-10-11 класстарга жаңы жылдык балатыны өзүн-өзү башкаруу уюму менен биргеликте уюштуруп жатабыз -деп билдирип кетти.

 Даярдаган: Толгонай Тимурова

ТОКСИКОМАНИЯ.

      Токсикомания

“Эненин оюу балада

Баланын оюу талаада”- демекчи ар бир ата эне өз баласынын эч убакытта жаман жолго баруусун каалабайт эмеспи, дайыма кайда жүрбөсү ар бир  эне баласын ойлоп сарсанаа болуп турат. Бирок азыркы учурда ошол баланы эч  кимден кем кылбай багуу үчүн жаш, тарбияга муктаж балдарын таштап чет өлкөлөргө кетишүукдө.Бирок албетте ар бир ата эне муну бир кана балдары үчүн жасайт. А бирок бул учурда ар бир бала өзүн эркин сезип жаман жолго түшүп кетүүсү ыктымал жана ушул тема боюнча АЙКӨЛ борборунун жетекчисинин жардамчысы  Улан кызы Анаранын айтымында:

Азыркы учурда көптөгөн жаштар кароосуздуктун же тарбия жоктугунун натыйжасында кызыгуу менен наркотик каражаттарын колдонушууда, жана мунун натыйжасында наркотик же спирт ичимдиктерине көз каранды болушуп, акыры өзүнүн өмүрүнө кол салышууда. Буга эмне себепкер десек албетте аны курчаган айлана чөйрө жана анын ата-энеси, себеби баланы жөн эле финанстык жактан эмес маралдык жана матереалдык жактан дагы камсыз кылуу керек. Азыркы учурда көптөгөн жаштар мектептен кийин  бош жана алардын бош убактысы достору менен же керексиз иштер менен өтөт. Ошондуктан биз балдардын ата- энелери  үчүн  балдарды кантип тарбиялоо же кантип туура жолго салуу керек деген темада жыйындарды өткөзүп жана балдардын ата-энелеринен комитет шайладык себеби алдыда алар өздөрү маалыматты элдерге таратуусу үчүн. Алдыда бизде көптөгөн максаттарыбыз бар алардын ичинен декабрь айында   “Короли тацпола” аттуу кече болот бул да болсо жаштарды жакшы жакка үндөө десек болот.

 Даярдаган: Тимурова Толгонай

 

ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ жана анын кыял жараткан китептери.

      Чынгыз Айтматов

Бизди дүйнө жүзүнө тааныткан, кыргыз элинин сыймыктанаарлык жазуучусу Айтматов Чынгыз Төрөкуловичти азыркы учурда Көк-Ой айылында окуучуларына ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ жана кыял жараткан китептери аттуу темада чоң жыйын өткөрүлдү. Бул жыйын тууралуу уюуштуруучусу Калбу айымдын айтымында:

Бизде бүгүн ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН 89- жылдык юбилейинин эскерүү кечеси болуп өттү. Биздин максатыбыз окуучуларга жазуучуларды таанытуу жана китепке болгон кызыгуусун арттыруу.

Негизинен биздин эскерүү кечебиз КЫЛЫМ КААРЫТААР БИР КҮН аттуу романдан үзүндү болду, жана келген окуучуларга чоң деген жакшы үмүттөрдү калтырдык деген үмүттөбүз.

Ушул эле китепкананын мүдүрү  Айталиева Зуура айымдын айтымында:

Албетте ар бир инсан Айтматов Чынгыз Төрөкуловичти таныбай койбойт. Бирок менин билишимче азыркы учурда китепке болгон кызыгуу төмөндөөдө, ошондуктан биз бүгүнкү эскерүү кечеге окуучуларды чакырдык. Бирок бизде мурун кыргызча китептер аз болчу ошого байланыштуу USAID фирмасына чоң ыраазычылыкты билдирем. Себеби кыргызча китептердин түрүн бизге алып келип беришти, жана азыркы учурда окуучулардын кызыгуусу арбын.

КИТЕП БИЛИМ БУЛАГЫ-БИЛИМ ӨНӨР ЧЫРАГЫ демекчи ар бир адам жан дүйнөсүн китеп аркылуу гана байыта алат. Ошондуктан келгиле урматтуу жаштар китепке болгон кызыгуубузду арттыралы.

   Даярдаган: Тимурова Толгонай

КАЙРЫМДУУЛУК КОНЦЕРТИ.

      Кайрымдуулук кон...

Адамдын эң асыл сапаттарынын бири бул кайрымдуулук десек болот. Себеби азыркы учурда жардамга муктаж адамдардын саны арбын. Кимдир бирөөгө  жардам кылып соопчулук иш кылсак,анда ал адам инсан катарын толуктай алмак.  Мисалга алсак Талас шаарына караштуу Бекмолдо айылынын тугуну Султанбек уулу Азаматка азыркы учурда  Турциядан бөйрөгүн алмаштыруу үчүн 2000000 сом керектелет, жана азыркы учурда жардамга мукташ. “Коп түкүрсө көл болот,

Көл толкуса сел болот.”- демекчи  Талас элине жардам сурап кайрылган жана бултууралуу дагы  анын айтымында:

Мен эң биринчиден Тамадалар ордосуна чоң рахмат айтмакчымын, себеби азыркы болуп жаткан кайрымдуулук марафонун да Тамадалар ордосу өткөрүп берип жатат, жана Талас элине да чоң рахматымды айтам.

Негизинен эле айтылат ко ден-соолугуң болсо гана адамсың деп ошого байланыштуу Тамадалар ордосунун мүчөсү Сүймөнкул мырзанын айтымында:

Биз тамадалар ордосу буга чейин да кайрымдуулук иштерди жасап келгенбиз жана азыркы учурда  Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектепке чоң ыраазычылык билдиребиз, себеби ушул марафонду бекер өткөзуп берип жатат. Ал эми баалары боюнча айта кетсем, негизинен бул Турцияда өтүлүүчү операцияга 2000000 сом каражат керектелет. Ал эми Бекмолдо айыл өкмөтүнөн 70000 сом жана 15 кой, 3 тай, 1 жылкы берилди. А бүгүнкү болуп жаткан марафондон 19000 сом топтолду, ал эми азыркы учурда банкта 262000 сом бар. Дагы бир айта кетчу нерсе биз жер үйгө дагы көпттөгөн кайрылууларды жазадык бирок дагы деле жооп ала албай жатабыз бирок жооп келет деген үмүттөбүз.

Ушул эле Тамадалар ордосунун жетекчиси Жумагулов Мелис мырзанын айтымында:

Биз көп жылдардан бери эле кайрымдуулык кылып келебиз, жана бизге чон жардам көрсөткон Талас элине жана  Радио Мостко чоң рахматымды айтмакчымын.

Жогоруда айтып өткөндөй эле жардамга муктаж адамдар абдан көп ошондуктан жардамын аябаган кайрымдуу адамдар Султанбек уулу Азамат мырзага окшогон адамдарга жардам берсеңиздер болот.

      Даярдаган: Тимурова Толгонай

 

Памирликтерге Кыргызстан абдан жакты.

      Pamirlikterge_Jakty_Sujet_JergeTal_Gotovyi

Биз  Куланак  айыл  аймагына  барганыбыздын  себеби, ал жактагы  Памирлик  кыргыздар  менен  маектешип, алардын  ою  менен  тең бɵлʏштʏк. Биз  алардын  Памирдеги    жашоосу  менен   Нарындагы  абалдын   айырмасын  сураганыбызда тɵмɵнкʏлɵрдʏ  айтып  ɵтʏштʏ.

Биз барганда    кɵздɵрʏ  кʏлʏп  турган,  кызыл  узун  кɵйнɵк  кийген , мойнуна  акак  таштуу  мончокторду  таккан  14  жаштагы  Анжирге  жолуктук. Ал  Кыргызстанга  келгенден  бери  билим  алып  жатканын  бизге  толкунданып, бир  чети  уялып, кыска-кыска  жооп  берип  жатты:

—         Саламатсызбы? Сизге  бул  жер  жагып  жатабы?

—         Жагып  жатат.

—         Бул  жакта  эмне  менен  алек  болуп  жатасынар?

—         Окуу, мектеп  иш  менен.

—         Бул  жактын  эмнеси  жакты?

—         Мектеби. Баардыгы  жакты. Жакшы  экен.

Кийинки  маектешибиз  15  жаштагы  Нурулхудо  Анжирден  айырмаланып Ооганстанда  билим  алган  экен. Бирок,  ал  жакта сабактар ооганча жана  англис  тилдеринде  окутулаарын  ал  бизге  минтип  айтып  берди:

Сиз англис  тилин  кайсыл жерден  ʏйрɵнгɵнсʏз?

—         Англис  тилди  мен  Ооганстандын  борбору Кабул шаарында  мектептен  ʏйрɵнгɵнмʏн. Бирок  мен  ал  жерде  4 жыл  эле  билим  алып  калдым.

Учурда  Памирден  келген  балдар  кыздар  кыргыз  тилин  ʏйрɵнʏп  жатышат. Аларга  кʏн  сайын  Куланактагы  мектеп  мугалимдери  сабак  берип  жатышат. Бул  балдар  кыздар  Кыргызстанда  5  жыл  билим  алышат  экен.

Памирден  Кыргызстанга  дагы  100дɵй  окуй  турган  балдар алынып  келинмекчи. Мындан  ары дагы  Кыргыз  Республикасы Памирлик  боордошторубузду  камсыздап,  кɵзɵмɵлдɵп  турушат  деген  ойдобуз.

13 октябрьда  Памирдеги  кыргыз  боордошторубуз  Нарын  районуна  караштуу  Куланак  айылына  кɵчʏрʏлʏп  келишкен. Азыркы  учурда  алар  Куланактагы  №86  кесиптик лицейдин  жатаканасында  жашап, окуп  жана  андан  сырткары  кол  ɵнɵрчʏлʏктʏ, заманбап  тиричилик  техникасында иштɵɵнʏ  ʏйрɵнʏп  жатышат.

Даярдагандар:  Айдана  Токонова     Нурай  Эсенгулова

 

ОРХИДЕЯ ДҮКӨНҮ.

      Орхидея

Ар бир аял заты гүйлдөрдү сүйбөй койбойт эмеспи. Анткени ар бир гүл бөлмөлөргө эң чоң кооздукту тартуулап көздун жоосун алат. Негизинен эле бөлмө гулдөрү бир кана көрк бербестен бөлмө ичиндеги абаны тазалап, ар кандай жаман жыттарды өзүнө тартып алат. Бирок гул өстүрүү ар бир эле кожейкенин колунан келе бербейт, анткени ар бир гүлду өзүнчө температурада ар кандай каражаттарды колдонуп кароо керек. Мисалга алсак азыркы учурда гүлүмдү кууратып алдым, эми мындай гүлдү кайдан табам деген учурлар ар бирибизге кездешпей койбойт. Бирок бул учурда эч капа болбой  Талас шаарында эң биринчи жолу ачылган ОРХИДЕЯ бөлмө гулдөрүн сатуучу дүкөнгө барып өз купулуңузга толоорлук гүлдөрдү алып кетсеңиз болот. Дагы бул тууралуу ОРХИДЕЯ  бөлмө гүлдөрүн сатуучу дүкөндүн мүдүрү Дуйшөнбеков Кубан мырзанын айтымында:

Негизинен эле Талас шаарына бөлмө гүлдөрүн ачууга мага  гулдөрдү сүйгөн байкем түрткү  берди десем болот. Себеби ал гүл алуу учун Бишкекке барып алчу, анан дайыма айтаар эле Таласта да ушундай бөлмө гүлдөрүн саткан жер болсо деп, ошондуктан байкемдин жана элдердин каалосу боюнча мен ушул дүкөндү ачтым десем болот.  Биз гүлдөрдү Галандиядан алып келебиз кышкы убакта 15 күндө бир, ал эми жайкысын  7 күндө бир. Бизде гүлдөрдүн баасы 50 сомдон 5000 сомго чейин жетет, ал эми гүлдөрдүн баасы жайкыга караганда кышкысын  50 сомго кымбаттайт. Бизге келген кардарлардын баары чоң кызыгуулар менен кайтышууда жана  келген кардарлар уктоочу бөлмөгө кандай гүлдөрдү койсок болот деген суроолорду көп беришет, бирок мен айтаар элем үктоочу бөлмөгө гүл койбой койгон туура, себеби гүлдор күндүз кычкыл текти бөлүп чыгарса, ал эми кечкисин көмүр кычкыл газын чыгарат ошондуктан гүлдөрдү башка бөлмөлөргө койгонуңуз оң. Алдыда дагы бизде  Талас шаары үчүн чоң пландар бар.

Гүлдү сүйгөн гүлдөй назик айымдар ОРХИДЕЯ бөлмө гүлдөрүн сатуучу дүкөнгө барып  өз оюунуздагыдай гүлдөрдү сатып алсаңыздар болот.

Даярдаган: Тимурова Толгонай 

 

Балдарга билим берүү мекемеси.

      Доц билим берүү комп....

“Билими күчтүү миңди жыгат,

Билеги күчтүү бирди жыгат.”- демекчи билимдүү болсоң дайыма озүңдүн сүйгон кесибиңди аркалап каалаган максатыңа жете аласың.  Бирок билим алуу оңой олтоң иш эмес, себеби айтылат ко “Билим алуу ийне менен кудук казкандай”- деп ошондуктан өз максатына жетүү үчүн азыртадан талыкпай мээнет кылуу керек.  Ошондо кана өзүн көздөгөн максатыңа жетсең болот. Азыркы учурда техника өнүккөн заман каалаган учурда керек нерсеңди  интернет баракчаларынан тапсаң болот жана өз билимиңди тереңдетүү үчүн Талас шаарындагы Кабылбек Коңурбаев атындагы БАЛАСТАН балдарга билим берүүчү жайга барып өз келечегиңди азыртадан түптөп ар кандай кружок сабактарына катышсаң болот. Бул тууралуу дагы  кененирээк маалыматты БАЛАСТАН балдарга билим берүүчү  мекеменин мүдүрү Сарыгулова Чолпон Исламовнанын айтымында:

 БАЛАСТАН балдарга билим берүү мекемесинде миңдеген  окуучулар бар, алардын арасынан ден соолугу жагынан начар же көп бир туугандуу же жетишпеген жашоодо жашагандар  акча төлөшпөй окушат. Мисалга карасак бизде баары миң окуучу окуса  алардын арасынан эки жүздөйү кана акча төлөп окушат.  Бизде көптөгөн ийгиликке жетишкен окуучулардын саны арбын алардын арасынан Даткайым бий тобу ар кандай сыйлыктарга жетишип Турция жана Кипрге барып фестивалдарга катышып келишкен.

Баластан балдарга билим берүү мекемесинде Япониядан келген Таалай мырза Япон тилин үйрөтүп сабак берет. Анын айтымында:

 

Менин кичинемден эле максатым сабак берүү болчу.Мага өзүмдүн кесибим  жана Кыргызыстан  абдан жагат деген билдирүулөрүн калтырды.

Кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан Манас сабагы да  Баластан мекемисинде бар. Манас таану сабагын  Анарбек Жумалиев аттуу мырза берет. Анын айтымында:

Манас таану сабагы баардык окуучуларга керек деп ойлойм, себеби Манас атаны тааныбай коюуу болбос. Азыркы учурда окуучулардын саны он чакты, келген окуучулардын баары чоң ийгиликтерге жетишип кызыгуу менен окушат.

Билим кана адамды бийик жана эркин кылат демекчи  баарыбыз билимдүү болуп өз келечегибизди өзүбүз куралы.

           Даярдаган: Тимурова Толгонай