Айя Style сулуулук салону.

      Айя style

Талас шаарында сулуулук салондорунун саны арбын, бирок ага карабастан уламдан-улам саны көбөйүүдө.  Бирок  бул салондордун көбөйүшү ар бир эле айымдын көңулун көтөрөт эмеспи.  Мисалга алсак Талас шаарындагы эң көрүнүктүү   Айя Style салонунун жетекчиси  Шүкүрова Айя алдыда дагы бир салон ачам деген максатым бар  деген ойлорду айтууда. Негизинен эле Шүкүрова Айя айымдын айтымында:

Мен өзүм ар нерселерди кооздоп жасоого кызыгам, ошондуктан мен башкача айтканда жасалгалоо жагын тандадым десем болот. Сулуулук дүйнөсүнө аралаша баштаганыма 7-8жылдын узуру болуп калды, ал эми сулуулук салонун ачканыма жакынкы арада 3 жыл болот.   Мен эч убакытта башка салондордон айырмаланып турам же озгочолукторум бар деп айта албаймын, бир гана озумдун чеберчилигимди онуктурүү үчүн Бишкек шаарына барып ар кандай семинарларга катышып келем.  Ал эми чач жасалгалоо боюнча айта  кетсем, чач кыркуу 150 сомдон ойдо  ал эми  чач жасоо 350 сомдон ойдо. Жакынкы арада биздин Талас шаарыбызга АйяStyle2 аттуу сулуулук жана үлпот койноктор салонун ачтым, дагы алдыда дагы бир салон ачам деген үмүттөмүн. Биздин салондо  чач жасоо,  макияж жасоо жана тырмакка маникюр жасоо болумдору оз кызматын атткарышыт.

Ал эми Айя Style салонунун тырмак жасоо бөлүмүндө Асель аттуу айым эмгектенет. Асель айымдын тырмак жасоо менен алектенгениме 2 жыл болду. Мага өзүмдүн жумушум өтө оордукту жаратпайт себеби мен жумушума өтө кызыгам.  Тырмак жасоонун көптөгөн турлөрү бар мисалга алсак  эң жөнөкөйү 200 сом,  ал эми мындайча айтканда эң кымбаты десем 1500 миң сом болот. Ал эми кардарлардын саны бир күндө ар кандай  бул сезонго жараша десем болот.

Ал эми ошол эле салондо  макияж жасоо менен эмгектенген  Нурзада айымдын айтымында

Мен макияж жасоо менен алектенгениме 2-3 айдын жузу болду. Мен бул кесипти тандаганымдын себеби кичинемден сүрөт тартууга кызыкчумун балким ошондон болсо керек. Ал эми макияж жасоонун түрлөрү коп, ошого жараша баалары кымбат, арзан болуп бөлүнөт.

Негизинен эле бул дүйнөдө ар бир айым  бири- биринен ашкан сулуу десек болот,  жана ошол сулуулукту көрктөндүрүү үчүн сулуулук салондоруна барып өз көңүлүңүздөрдү көтөрүп кетсениздер болот.

Даярдаган: Тимурова Толгонай.

 

Кыргызстанда жаңы банкнота.

Сом — Кыргыз Республикасынын акча бирдиги.
Улуттук валютанын бардык банкноттору жана монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана кайсы жылы чыгарылгандыгына карабастан, төлөм каражаты катары төлөөгө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги сом өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин, 1993-жылы 10-майда жүгүртүүгө чыгарылган.

17 ноябрь 2017 жылдан тарта, Кыргызстанда 2000 сомундагы эстелик банкнота чыгарылды.

Кенениреек маалыматты, аудио файладан уксаңыздар болот.

      Кыргызстанда жаны банкнота_24 11 2017

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

Айдоочу сак бол, жол тайгак!

      Айдоочулар_жол_тайгак_27 11 2017

Аба ырайынын шарттарына ыңгайлаша билүү зарыл. Кыш бизге жагымдуу жана анчалык жагымдуу болбогон жаңылыктарды алып келүү менен өзүнүн ишине киришти. Кар көздү кубандырып жатканы менен көк жылгаяк болгон жолдор дайыма шайыр жүргөн адамдарды дагы анчалык кубандырбайт.

Аширбеков Байыш Каналбекович

Талас шаарынын патрулдук милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниниги Аширбеков Байыш Каналбекович кышкы убакытта көп айдочуулар жайкы дөңгөлөктөрү менен жүрүшөт деп айтып кетти.

“Азыркы убакытта бизде жол кырсыгын азайтуу максатында рейддер жүрүп жатат. Жана айдочуулар менен түшүндүрүү иштерин өткөзуп жатабыз”

Жалпысынан 2017 жылдын 11 ай ичинде 94 жол кырсыгы катталып, 25 адам каза табып, 87 адам жаракат алды. 2016 жылга салыштырмалуу жол кырсыгы азаюда.

Жол коопсуздук көзөмөлдөгөн кызмат кырсыктардын көбү катуу ылдамдыктан жана жол эрежелерин сактабагандан келип чыгарын айтып келүүдө.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова

“Эконом” супер маркети.

      Эконом супер маркети mp3

 

Талас шаарында негизинен супер маркеттердин саны арбын. Бирок канчалык көп болсо да элдердин саны көпчүлүк супер маркеттерде  жетиштүү десек болот. Алардын ичинен өзүнүн ыңгайлуулугу менен жана арзандыгы менен айырмаланып турган маркеттердин бири бул Эконом. Себеби базар баасынан бир кыйла баада арзан, башкача айтканда өз капчыгынызга коп оордукту келтирбейт. Бул тууралуу кененирээк маалыматы Эконом маркетинин жетекчиси Бексултан мырзанын айтымында

Аты айтып тургандай Эконом супер маркетинде баардыгы үнөмдүү. Негизинен эле маркеттин ачылганына бир жыл аралыгы болду. Биздин максатыбыз Талас элине кызмат кылуу жана элди арзан баадагы азык-түлүктөр менен камсыз кылуу, жана дагы алдыда чоңойобуз деген үмүттөр бар.

Талас элинин супер маркеттерге болгон көз караштары кандай?- деген суроо боюнча биз Эконом соода маркетинде соода кылып жүргөн Бурул айымга кайрылсак, Бурул айымдын айтымында мен бааларына деле көп басым жасабайм  бир гана мага жакканы тазалыгында жана сапатты жакшысында деген жооп кайтарды.

Албетте баарыбыз эле биринчиден таза жана ыңгайлуу жерлерден соода кылганды жакшы көрөбүз. Ошол талаптардын баарына жооп берген Эконом супер маркетине барып эң төмөн баада соода кылып кетсениздер болот.

   Даярдаган: Тимурова Толгонай

Сулуулук дүйнөнү сактайт.

      Сулуулук дуйнону сактайт Mixdown 1

Ар бир эле адамдын оюуна “Канткенде сулуу боло алам?”- деген суроо келиши мүмкүн. Ал үчүн эч убакытыңызды коротпой өз сулуулугуңузду көрктөндүрүү  үчүн  үй шартында же болбосо убакытты үнөмдөп сулуулук салондоруна кайрылсаныз болот.  Мисалга алсак Датка комплексинде өз ден соолугуңуздан баштап, сырткы келбетиңизге чейин сулуулап ажарыныздарды ачып кетсениздер болот. Датка комплексинин кожойкеси Роза Исаеванын айтымында

Датка комплексинде кызматтардын тырмагыңдын учунан баштап чачтын  учуна чейин жасалгалоочу бөлүмдөрү бар.  Ар бөлүм өз кызматын так жана канааттандырарлык аткарат  келген кардарларды көңүлкош калтырбайт. Негизинен эле Роза Исаеванын сулуулук салонун ачканына эки жыл болду жана өзгөчөлүгү үлпөт көйнөктөрү жана Турция, Кытай өлкөлөрүнөн түз алынып келинген саргеч кийимдер дагы бар жана эң маанилүүсү ден соолугунуздарды чындоо үчүн фито бочка жана кыргызчылык жол менен даарылоочу болуму бар.

Ал эми макияж жасоочу бөлүмүндө Эрдешбаева Айнура Узаковна макияж жана татуаждын түрлөрүн жасап эмгектенет. Айнура айымдын сулуулук дүйнөсүнө аралаша баштаганына он жыл болду. Айнура айымдын макияж жасоосунун өзгөчөлүгү бул өтө оор кылбоосунда, анын айтымы боюнча ар адамдын өз сулуулугун касметика менен жабып салбай, тескерисинче касметика менен көрктөндүрүүгө аракеттенет. Ал эми макияждын  баалары болсо туруктуу бир гана июнь, июль айларында акция уюштурулат.

Жана ошондой эле Датка комплексинин чач жасалгалоочу болүмүндө Кудайбергенова Гандира айым эмгектенет. Чач жасалгалоонун көп түрлөрү бар. Алардын ичинен эң кымбаты 1500 сом ал эми чач кырктыруу 150 сом. Гандира айымдын чач жасалгалоо менен алектенгенине 7 жыл болду жана өзгөчөлүгү колдонгон каражаттарынын кымбаттыгында.

Датка комплексинин  маникюр бөлүмүндө дагы Нурлан кызы Элизат эмгектенет.  Элизат айымдын эмгектенгенине 8ай болду  ал маникюрдун баалары болсо жөнөкөйү 150 сом, шеллак 300 жана башка дагы  түрлөрү дизайнына жараша кымбат арзан болуп бөлүнөт. Ал эми өзгөчөлүгү бул лактардын фирмасынан жана маникюр жасоочу адамдын чеберчилигине байланыштуу дизайнынан айырмаланат.

Биринчи байлык ден соолук демекчи Датка комплексинде ден соолукту чындоочу фито бочка бар жана тамыр кармап даарылоочу эжекелер эмгектенет. Бул массаж жасоо 10 күнгө 7000 мин сом. Ал массаж жасоонун ичинде баардык дарылоочу каражаттар кирет жана эң маанилүүсү мындай каражаттар бир гана Датка комплексинде бар.

Жогорудагыдай сулуулук дүйнөнү  сактайт демекчи ар бир айым өз  сулуулугун көрктөндүрүү максатында  Датка комплексине барып  өз маанайыңыздарды көтөрүп сулуу жана ден соолукта болуп кетсеңиздер болот.

Даярдаган:   Тимурова Толгонай

Талас шаарында мончо мезгили ачылды

      Таласта мончо мезгили ачылды_ 23 11 17

   

    Азыркы заманда арзан жана суроо-талапка жооп берген мончо бизнеси Талас шаарында өнүгүүдө. Бир убакытта жуздөн ашык кардарларга кызматын көрсөткөн мончолор саналуу болсо, бөлмө-мончо бизнеси менен иштеп акча тапкандардын саны  арбын.

Талас шаары боюнча бир нече чоң мончолор иштесе, кичи бөлмөлүү мончолордун саны  шаар боюнча  10 ашык. Баардыгыбызга белгилүү болгондой мончо сезону күз мезгилинен жаз мезгилине чейин уланат.

Арыков Нурдин Расулович, “Достук” мончосунун ээси

“Баардыгы билгендей мурда убакытка ылайыктуу заманбап мончо Талас боюнча жок болчу. Ошол себептен 5 жыл мурун биз өнөктөшүм Талант экөөбүз мончо курууну чечкенбиз. Биздин мончо саат 9:00дан кечки 23:00 чейин кызмат кылат. Кардарлар үчүн ар кандай шарттар тузүлгөн, мисалы жылуу пол, кафе-бар, бассейн, пиллинктин түрлөрү, массаждык бөлмө жана сулуулук бөлмөсү. Дагы бир өзгөчөлүгү, пенсионерлер жана согуш ардагерлери үчүн шейшенби жана шаршенби күндөрү 50% арзандатуу. Антан тышкары мончодо кичи кабиналуу мончолор иштейт, бир жарым саатына 250 сом. Кудай буйруса жазында дагы бир жаңы мончо куралы деп пландап жатабыз.”

«Муслим» мончосу

“Муслим” мончосу 4 жылдан ашык элге кызмат кылууда, бул мончонун өзгөчөлүгү онго жакын бөлмөлүү мончолор иштейт. Айталиев Эркин Жылдызбекович мончо башчысы, анын айтымында ар бир бөлмөнүн баасы ар башка, квадратурага жараша.

“Бул мончо атайын мусулмандар үчүн ылайыкташтырылган. 2013 жылдан баштап иштеп келе жатабыз. Биз үй-бүлөөлөр үчүн ылайык болсун деп, 3-4 адам бата турган бөлмө мончо курганбыз. Баасы киши башына 50 сомдон 80 сомго.”

«Эламан» мончосу

Дагы шаарыбыздын борборунда жайгашкан “Эламан” мончосунун ээси, аты жөнүн билдиргиси келген жок. Бирок мончо боюнча айтып берди. Биз билгендей бул мончо, башкалардан айрымаланып дааратканасы, намазканасы жана  душ бөлмөсү  бар.

“Эламан мончосу 7-8 жылдан бери иштеп келе жатат. Баасы 100 сомдон. Мончобуз чакан, үч кызматкер тейлейт.”

Биринчи мончолордун негиздөөчүлөөрү бул Байыркы Грек, Рим жана Египет элдери. Белгилүү болгондой мончо адамдагы болгон терс энергетиканын баарын тер менен алып чыгат.

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова, Зоотбек Ботукеев

Таласта студенттер укуктук сабаттуулугун жогорулатышууда

Талас шаарындагы «ИСИТО» кесиптик колледжинде, Талас облустук сотунун төрагасынын орунбасары Токтосун уулу Каныбек студенттерге  лекция өттү.

Лекциянын жүрүшүндө  бүгүнкү күндө балдардын укугун коргоо чөйрөсүндө болуп жаткан өзгөрүүлөр жана жетишкендиктер туурасында кеңири айтып берилди.  Ошону менен бирге жаштар арасында кылмыштарды жасоо себептери, тенденциялар жана көйгөйлөрүн студенттер менен бирге талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Мындан тышкары  колледждин студенттерине    сот тутуму, курамы жана түзүлүшү боюнча дагы түшүндүрмө  берилди.

Жолугушууда Токтосун уулу Каныбек келечекте мындай иш-чаралар системалуу түрдө Талас облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары менен биргеликте өткөрүлөрүн белгилеп, студенттерге окууда жакшы жетишкендиктерге ээболуп,  ар  бири мамлекеттин мыйзамдарын жакшы билип, сыйлап, жашоосунда позитивдүү өзгөрүүлөр болушун каалап кетти.

Талас облустук  сотунун басма сөзкызматы

Жаш муундардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу колго алынууда

2017- жылдын 17-ноябрында Талас облустук сотунда  Талас шаарынын № 1 – мектебинин  9-классынын  окуучулары үчүн «Ачык эшиктер күнү» уюштурулду. Бул  иш-чара жаш муундардын  укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана сот тутумуна ишенимди  арттырууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сыйлоого, ошондой эле сот адилеттигинин ачык-айкындуулугуна багытталган.

Жолугушуунун алкагында төраганын орун басарлары Токтосун у. К. жана  Жамангулов Ж.  сот имаратында окуучулар үчүн  экскурсия жана маектешүү өткөрүп, анын алкагында судьялардын жана соттун аппарат кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири айтып беришти. Мындан тышкары фемида өкүлдөрү   Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» кодексине ылайык балдардын укуктары туурасында,  мыйзамдарды  урматтоо жана аларды милдетүү түрдө аткаруу  боюнча дагы  маалымат беришти. Жыйынтыгында   судьялар окуучуларга билим алууда ийгиликтерди каалап, келечекте  мыкты кесиптин ээси болууга чакырышты.

Талас облустук сотунун басма сөз кызматы

Ден-соолук өмүр булагы

Биринчи байлык ден-соолук дегендей адам баласына эн маанилүү болуп ден-соолук эсептелет.Көп адамдар үй-бүлөөсүн,балдарын багыш үчүн ден-соолугун карашпайтта, көп ооруларга кабылышат.Ошол себептерден улам ар кандай ооруларды алдын-алуу максатында, Нарын районунун Жерге-Тал айылынын дарыгерлер тобуна «Азыркы учурда кандай оорулар пайда болууда,себеби эмнеде?»деген суроо менен кайрылдык Үй-бүлөөлүк эмчи айым Максʏталиева Айзада тɵмɵндɵгʏлɵрдʏ айтып ɵттʏ:

Учурда Жерге-Тал айылында сарыктын А тʏрʏ жʏрʏп жатат. Жайлата 20-30 бала ооруду. Сарык менен ооругандардын кɵбʏнчɵсʏ ооруканага жатып даарыланышты, ал эми калганы ʏйʏндɵ эле даарынын жардамы менен болушту.  Сарыкты санитардык жол менен жойсо болот. Буга чейин биз садик, мектептерге тʏшʏндʏрмɵ иштерин жʏргʏздʏк.

ʏй-бʏлɵɵлʏк эмчи айым Турдумбаева Мээрим тɵмɵндɵгʏлɵргɵ токтолду:

 

   Мага азыркы учурда аз кандуулук менен жабыркагандар жана мите курт оорулары боюнча кайрылгандар кɵп болуп жатат. 2 жаштан 5 жашка чейинки балдардын арасында аз кандуулук оорулары ɵтɵ кɵп. Биз элдерге туура тамактануу боюнча тʏшʏндʏргɵнгɵ аракет кылып жатабыз.

Бул ооруну алдын-алууда туура тамактанууну ʏйрɵнʏш керек-деп эмчи айым билдирди.

Дени сак улут-кʏчтʏʏ мамлекет дегендей айыл жериндеги тургундарыбыздын ден-соолугу чын болушуна ɵздɵрʏ ɵбɵлгɵ болуусу зарыл, андыктан спорт менен маашыгып туура тамактануу керек.

      Ден-соолук 2

 

Даяардагандар: Гулипа Амангелдиева

Мырзайым Сʏйʏнбекова

Назима Бакытбекова

Кыргыз киносунун жаралган күнү/

      Кыргыз Киносу Куну_17 11 2017

17 ноябрь күнү Кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет.  73 жылдан бери кыргыз кино ишмерлери кесиптик күнүн 17-ноябрда белгилеп келишүүдө.Кыргыз киносунун тарыхы 1941-ж. түзүлгөн көркөм, документалдык жана анимациялык тасмаларды өндүрүүчү «Кыргызфильм» киностудиясы менен тыгыз байланышкан.

1967 жылы Талас шаарында Кырк-Чоро кинотеатыры курулуп бүтүп ишке берилген. Ошол кундөн тарта үзгүлтүксүз иштеп келе жатат.

Андарбек Жусупбекович Майылбеков,  Кырк-Чоро кинотеатырынын жетекчиси болуп иштеп келе жатат, анын айтымы боюнча көрармандардын аудиториясын көбүнчө жаштар түзөт

“Аксакалдар көп келишпейт, алар  үчүн биз атайын майрамдарда бекер кино көрсөтөбүз. Мисалы алганда Ата-мекен согушутун эмгек  ардагелери үчүн жана ошондой эле пенсионерлерге дагы белек катары карылар күнүнө карата кирүү бекер.”

Ырыскеди кызы Сайкал, 17 жашта

“Мага тарыхий кинотасмалар жагат мисалы Үркүн, Саякбай. Күндө эле кинотеатырга барып турамын.”

Кырк-Чоро кинотеатыры

Кыргызстандын киноисскуствону жараткан бардык инсандарды майрамы менен куттуктайбыз жана чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова