Тогуз коргоол оюну

Байыркы замандан калган кыргыздын улуттук оюндары адамдардан тунук сезимди,  ан-сезимдүүлүгүн, кыраакылыгын арттырып келген. Ал эми дал ушул чыгарылышта кыргыздын улуттук оюндарынын бири тогуз коргоол жөнүндө сөз кылабыз.

      Кыргыздын улуттук оюну- тогуз коргоол

Тогуз коргоол — так эсептөөнү, стратегтүү ойлонууну, тапкычтыкты, логикалык ой жүгүртүүнү талап кылган жана аны өнүктүргөн оюндардын бири болуп саналат.  Тогуз коргоол оюнунун кыргыздардан башка улуттар ойноп келишет. Мисалы:  кытай, казак, өзбек, каракалпак жана  түрк элдери.

Тогуз коргоол оюну азыркы учурда жаңыча   өсүп-өнүгүү жолунда турат. Ошондуктан ата-бабадан калган акыл оюнун элге кеңири жайылтуу, кийинки муундарга калтыруу-алдыбызда турган парз.

Тогуз коргоол оюну жөнүндө кыскача маалымат берген, Талас шаардык балдар өспурүмдөр спорт мектебинин тогуз коргоол  боюнча машыктыруучусу жана ошондой эле Талас областык тогуз коргоол федерациясынын президенти Керимбек Өмүралиевичтен  суроолорубузга жооп алдык.

Бирден тогузга чейинки турмушта колдонулган сандардын баарын катыштырып, негизги математикалык амалдарды уйрөтүүгө максатында ойлоп чыгарылган логикалык, спорттук оюн.

Жеңишке жетишүүгө умтулуу токтоолук, сабырдуулук көп тармактуу касиеттерди өзүнө камтыйт. Кыргыздар жаш муундарга жашоо-турмушта эң  керектүү болгон сапаттарды ушул оюн аркылуу негиздегенге, таалим- тарбия берүүгө аракет кылган.

Тогуз коргоол оюнунун мыкты оюнчусу Касиет Эркинбековтун айтымында, тогуз коргоол оюну мага  жагат, кичинекей кезимден бери ойноп келем. Тогуз коргоолду мен бир жумада өздөштүргөм,- деп билдирди.

Тогуз коргоол оюнун жаңы гана ойноп баштаган жаш досторубуз  дагы аз эмес. Алардын бири Малика Радинова

Азыркы учурда тогуз коргоол оюнун 5 жаштагы өспүрүмдөрдөн тарта 90 жашка чейинки кары адамдар ойношот.  Эгер жакшылап көңүл буруп ойносо, анда 1-2 саттын ичинде үйрөнүп кетет.

 

Даярдаган: Айнуру Керимбаева, РадиоМост Талас.

Витаминдерге бай — дарбыз.

Жай мезгилинде мөмө жана жер-жемиштен өткөн пайдалуу азык жок экени талашсыз. Алар организмге керектүү витаминдерге бай. Алардын ичинен витаминдерге өтө бай бул дарбыз.  Бул жемиштердин сезону июль айынын экинчи жарымында башталаарына карабастан, дарбыз менен коон базарларда катуу сатыла баштады.

 

      Витаминдерге бай- дарбыз

ДАРБЫЗДЫН ХИМИЯЛЫК КУРАМЫ

Дарбыздын 90 пайызы суудан турат. Анда жеңил сиңе турган фруктоза, глюкоза жана сахароза 13 пайызга чейин жетет. Андыктан кант диабетинен жабыркагандар да жей берсе болот. Бирок аз көлөмдө гана жегенге уруксат. Мындан сырткары В1, В2, С, РР витаминдерине, темир, магний, кальций, натрий, фосфор жана кислоталарга да бай. 100 грамм дарбыздын азыгында болгону 38 килокалорий бар. Учурда дарбыздар көбүнчө дары менен өстүрүлүп калгандыгына байланыштуу, аны 2 жашка чейинки балдарга берүүгө болбойт.

ДАРЫ МЕНЕН ӨСТҮРҮЛГӨН ДАРБЫЗДЫ АЙЫРМАЛОО

Мындай дарбыздын жемиши билинер-билинбес сыя жана жылтырап турат. Ал эми жакшы дарбыздын эти бүртүкчөлөнүп турат. Ошондой эле сыртындагы ак түс саргыч келет. Дарбызды кичине кесип алып, айнек идиштеги сууга салып көрүңүз, эгер дарбыз жакшы болсо, суу жөн эле булганат, зыяндуу болсо, суу кызыл же кызгылтым түскө боёлот.

Таалайбек Өскөнбаев

Дарбыздын ичиндеги химиялык курамын Талас райондук ооруларды алдын алуу жана  санэпидемстанция борбору көзөмөлдөйт. Таалайбек Осконбаевдин айтымында, баардык жер-жемиштерде химиялык  элементтер сөзсүз түрдө болот. Мөмө-жемиштин ичинде химиялык заттардын болушу бул норма.

 

 ЖОЛДО САТЫЛГАНДАРЫ ЗЫЯНДУУ

Жол жээктеринде сатылып жаткан дарбыздарды алуудан качыш керек. Анткени дарбыз автоунаалардан чыккан уулуу заттарды өзүнө бат сиңирет. Андыктан адистер дарбызды тандоодо жабык турган жайлардан сатып алууну сунуштайт. Аларды жерге төгүп салбастан, атайын товар коё турган орундарга коюп сатыш керек. Жерге ыргытылып коюлган дарбыздардын билинбеген жаракалары аркылуу чаң менен зыяндуу микроорганизмдер кирип кетиши мүмкүн.

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ

Дарбыздын курамында суу коп болгондуктан адамдын саламаттыгына пайдалуу жактары да арбын. Ширеси бөйрөктөгү таштарды эритип, өттөгү уулуу заттарды, денедеги шлактарды айдап чыгат. Бул үчүн 4-5 күн ач карын 2 килограммдан жеш керек. Заң чыгарууну жакшыртат. Денеси шишип, цистит, унутчаактык ооруларына, жүрөк-кан тамырларга , бөйрөгү начар иштеп жаткандарга дагы дарбыздын бөлүп чыгаруу органдарын иштетүүдө  чон пайдасы бар. Жоон ичегинин сезгенүүсүндө жардамы чоң. Ошондой эле аны арыктоодогу мыкты азык  дешет.

 

Адистердин айтымында базардан сатып алган дарбызды уйго алып барып  сыртын таза жууп, 1-2 саат сууга салып кою керек. Себеби, ысык жерде турганда дарбыздын курамындагы жер семирткичтердин уулуу заттары көбөйүп кетет, ал эми сууга салганда суу менен кошо чыгат.

Ал эми дарбыз 50-60 кундун ичинде бышат. Ага карабастан  химиялык жер семирткичтерди колдонуп, сатыкка чыгарган айрым сатуучуларыбыз дагы аз эмес.

-Гүлзат айым

Жайдын аптаптуу ысык кундорундо кирешелуу бизнеске айланган дарбыз бизнеси менен алек болгон Гулзат айымдын айтымында, дарбыздарды туштук тараптан өзүбүз барып дыйканчылар менен тандап, көзөмөлдөн өткөрүп сатыкка чыгарабыз деп билдирди.

 

Дилара айым

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын тургуну Дилара айымдын айтуусунда:

«Алгач сатыкка чыккан дарбыздардан тамагыбыз ооруп коркунуч жаратты эле, азыр кудайга шүгүр дарбыздар жакшы чыга баштады.Быйыл дарбыздын баасы канаттандырат»-деп өз оюн билдирди.

Адистер эскертет: эрте бышкан дарбыз менен коон нитраттарга толгон, андыктан абайлаңыздар!

Өзгөчө алар жаш балдарга кооптуу. Өзгөчө жол жээгинде сатылган дарбыз-коондордон этият болуңуздар. Алар өзүнө зыяндуу заттарды сиңирип алганга маш. Көп учурда кардарлар дарбыздын бышканын текшерип көрүү үчүн, ичин кесип берүүнү суранышат. Эч качан андай кылбаңыз! Кесилген дарбызда бактерия өтө тез тарайт. Жугуштуу ооруларды, ал гана эмес  А гепатитине кабылуу коркунучу бар. Дарбызды үйгө алып келгенден кийин, жакшылап жууп жеңиз. Кесилген дарбызды муздаткычка 12 сааттан ашык кармоого болбойт.

Ошондуктан дарбызды жээрдин астында, баардык эрежелерди сактаныздар!

 

Даярдаган:    Саадат Нуржан кызы.

Жайкы сынак учун.

 

Уюлдук телефонду өз убактысында колдонууга чакырабыз.

Бүгүнкү күндө уюлдук телефонсуз жашообузду элестетүү кыйын. Муну заманбап адам тана албастыгы анык. Уюлдук телефон башында байланыш үчүн гана колдонулса, кийинчерээк анын жазуу китепчеси, сааты жана ойготуучу коңгуроосу пайда болду.

      Уюлдук телефон атайын чыгарылыш

Алардын артынан радио, фотоаппарат, интернет жана электрондук почта кошулду. Аны менен катар уюлдук телефондун жардамы менен көңүл ачууга, жакындарды куттуктоого, маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Уюлдук телефондун жаралышы 1973-жылга таандык. Ошондо америкалык “Моторола” компаниясы азыркы уюлдук телефондордун түпкү атасы болгон Motorola Dyna TAC телефонун иштеп чыгарган. Ал эми Кыргызстанда уюлдук телефон 1994-жылы 12-июлда биринчи жолу шыңгыраган. Ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз–Америка телефону) болгон.Азыркы тапка кандай жаны улгудогу уюлдук телефондор чыкты жана аларды кантип туура тандоо керек бул жөнүндө уюлдук телефон саткан дүкөндүн ээси Эрлан Калыгуловичтен суроолорубузга жооп алдык.

Эрлан Калыгуловичтин айтымында уюлдук телефондор Дубайдан алынып келинет,10 жылдан бери бул өлкө менен кызматтышып келебиз деп билдирди.

Азыр жаңы баскан баладан тартып, улгайган кемпир-чалга чейин уюлдук телефон менен сүйлөшөт. Чынында зарыл жумуштарды дароо бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө көпчүлүгүбүз сүйүнүп, чөнтөк телефондун ден соолукка тийгизген зыяндарына кол шилтеп, көз жумуп келебиз.

Өзгөчө бала-бакчадагы балдардан тарта азыр уюлдук телефонду колдоонууну өздөртүрүшкөн,ал эми шаарыбыздын тургандары күнүнө уюлдук телефонго канча убакыт бөлүшөт жана балдарынын колдонуусуна көзөмөл жүргүзөбү деген суроолорубузга жооп издедик.

Дүйнө жүзүндө болжол менен 3,3 млрд телефон бар. Бул орто эсеп менен караганда 100 адамга 158 телефон туура келет. Бир жылда эле 130 млн телефон таштандыга ыргытылат экен.

Себеби, адам баласы улам жаңы чыккан телефонго кызыгып, эскисин ыргытышат тура. Уюлдук телефонду өтө көп колдонгон мамлекет Корея болуп эсептелинет. Кореядагы статистикага таянсак өспүрүм бала бир жылда 21000 СМС жөнөтөт экен.

Кээ бир сапаты төмөн мобилдик телефондор электр энергиясына сайылып, батареясын толтуруп жатканда сүйлөшүүгө тыюу салынат. Себеби, ошондой учурда телефон жарылып кеткен фактылар бар. Бирок телефонду сатып алган көпчүлүк адам анын ден соолугуна кандай залака келтирери тууралуу уккусу деле келбейт экен…

Интернет булактарынан алынган сүрөт.

Уюлдук телефон адам үчүн эң маанилүү буюмга айланып, баарыбызды көз каранды кылып алганы талашсыз. Азыркы заманда ар бир адамдын чөнтөгүнөн табылган бул буюмду өз убактысында колдонууга чакырабыз.

Даярдаган: Айнуру  Керимбаева

Нежла  Амангелди кызы

Рахат Камчыбекова Радиомост,Талас.

JICAнын ыктыярчылары алгачкы жолу Таласта.

6-июнь, бейшемби күнү жааматтык “Радиомост” үн алгысында JICAнын ыктыярчылары 30 мөөнөт түз эфирде болду.

Эфирде ыктыярчылар менен кызыктуу маек курдук. Ыктыярчылар Кыргызстандын кооздугуна суктанып, Талас жергесине алгачкы жолу келгенин айтышып, келечекке койгон максаттары менен бөлүштү. Эфир учурунда Япониядан келген ыктыярчылар угармандарга өз тилинде ырдап беришти.

Эфир соңунда конокторго эркин микрофон берилип,алардын каалоо тилектери менен түз эфир жыйынтыкталды.

Даярдаган: Камчыбекова Р.

SMARTUM менталдык арифметика.

Күндөн-күнгө ата-энелерди таң калтырып, балдардын акыл-эсинин өнүгүшүнө арналган ар кандай жаңы саамалыктар чыгып жатат. Учурда алардын эң популярдуусу болуп менталдык арифметика эсептелет. Менталдык арифметика деген эмне, анын балдарга кандай пайдасы бар, кызыгып көрдүк. 

      Менталдык арифметика

Менталдык арифметика  4 жаштан 16 жашка чейинки балдарга өз потенциалын өстүрүүгө, креативдүүлүгүн жана татаал эмес кызыктыруучу сабактардын жардамы менен аң-сезиминин тездигин жогорулатууга жардам берет.

Ноябрь айынан тарта Талас шаарыбызда бул методика менен сабак отуудобуз деп Смартум эл аралык компаниясынын Таластагы филиалынын регионалдык директору Айбийке Искендерова  Менталдык арифметика тууралуу кененирээк маалымат берди.

Смартум эл аралык компаниясынын Таластагы филиалынын регионалдык директору Айбийке Искендерова

 -SMARTUM менталдык арифметика — бул оозеки эсептөө системасынын негизинде түзүлгөн инновациялык, жогорку эффективдүү интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрдү жогорулатуу курсу.Менталдык арифметиканын негизги принциби болуп баш мээдеги эки жарым шарчанын бир убакта иштеши эсептелет. Өз интеллектисин менталдык арифметиканын принцибинде өстүрүү менен, балдар инсандын мындан аркы ийгиликтерине жана чыгармачылык өнүгүшүнө катуу негиз салышат.

Баарыбыз эле, балабыздын ийгиликтүү адам болушун каалайбыз! Баланы ушундай кылып тарбиялоону кантип аткарыш керек? – Бул маселелер ар бир мээримдүү ата-энени ойлондурат.

Бүгүнкү күндө балдар үчүн окутуу программаларын сунуштаган көптөгөн борборлор жана йиримдер бар. Алардын бардыгы баланын бир тараптуу өнүгүүсүн сунушташат – бул музыка, чыгармачылык, мектепке даярдоо, театралдык студиялар, шахмат ж.б.

Ушул сыяктуу курстардын бири Смартум менталдык арифметика курсуна балдарын алып келген ата-энелерден сабактын натыйжасын сурап билдик.

Менталдык арифметика курсуна барып натыйжада коптогон ийгиликтерге жеткен кенже топтун окуучуларынын  жогорку ылдамдыкта эсеп чыгарууларына кубо болдук.

Талас шаарындагы менталдык арифметика курсунун  кенже топтогу окуучулары менен маек курдук.

Менталдык арифметика курсу интеллектуалдык жөндөмдүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган, балдар, келечектеги академиялык ийгиликтерге жана жеке өнүктүрүүсүнө бекем пайдубал курушат.

 Даярдаган: Саадат Нуржан кызы.