Д.Казакбаев атындагы илимий китепкана

Китепкана – ар бир адам үчүн ыйык жер, илим-билимдин, акылмандыктын булагы. Ал окуу-тарбиялык, илим-изилдөө даражасын маалымат менен камсыз кылуучу, ошондой эле билимди, бекем карым-катнашты жайылтуучу коомдун бирден-бир алдыңкы катардагы универсалдуу каражаты болуп саналат.

      зоотбек

Талас мамлекеттик университетинин илимий китепканасы дагы студенттердин жана профессордук-окутуучулар курамынын маалыматтык муктаждыктарын камсыздоого, китепканалык жана маалыматтык-библиографиялык тейлөө көрсөтүүгө негизделген.

Азыркы мезгилде Талас университетиндеги Д.Казакбаев атындагы китепканада 7 кызматкер иштейт. Китепкананын бөлүм башчысы Рейна Бикеевнанын айтымы боюнча. Бүгүнкү иш чара Д.Казакбаев атындагы илимий китепканада болууда.Бул китепкана 2005 жылы окумуштуулардын чечими менен Д.Казакбаев агабыздын наамын  берген.2 жыл ичинде атайын Казакбаевдын фонду ачылды. Фонд көптөгөн китептер менен толукталды. Рейна Бикеевнанын айтымында Д.Казакбаевды студенттерге айтуу биздин чоң бир милдет дейт.

Д.Казакбаев атындагы илимий китепканасы 1997-жылдын февраль айында түзүлгөн. Китепкананын ачылышына жана анын китеп фондун толуктоодо И.Арабаев атындагы, Таластагы институттун мугалимдери демөөрчүлүк жардамдарын көрсөтүшкөн.Ошондойле фонду 209000 сом өлчөмүндөгү жана 2087 даана китепти алып берген.

Самат мырзанын айтымында.Белгилүү филосо жазуучу Д.Казакбаев агабыздын илимий китепканасында китептерди тапшыруу аземи болуп өтүүдө.Катышуулар мыкты деңгээлде болуп жатат. Д.Казакбаев агабыздын жубайы Бөлөкбаева Ырысжан эжебиз 1000 ге жакын баалу китеп ошондой эле Казакбаевдын сүрөтүн тапшырууда. Окуу жылы башталганда студентер китептерди колдонсо болот дейт самат мырза.

Ал эми студенттердин көз карашы жана айтымы боюнча бул китепканага абдан кызыгууда жана окуу жылын башталуусун күтүдө.Окуу жылы башталганда китептерди окуурун айтты.

Достор илим-билим адамдын чоң байлыгы, байлыгыбызды бекем кармайлы.

Даярдаган: Зоотбек Ботукеев

 

Унаа жуучу жайлар

 Тазалык-өмүр булагы деген кыргызда жакшы сөз бар. Бул албетте бекеринен айтылган эмес. Бүгүнкү күндө шаарыбызда көптөгөн унаа жуучу жайлар ачыла баштады. Алардын ар бирөөсүн кандай тейлейт экенин ар бир адам эле биле бербейт. Ал эми бул чыгарылышта биз унаа жуучу жайлар  жөнүндө сөз кылабыз.

      Унаа жуучу жайлар

Талас шаарыбызда 20дан ашуун унаа жуучу жайлар бар. Кээ бирөлөрү бир эле кызмат аткарса, айрымдары бир нече кызматтарды аткарышат. Шаарыбыздын тургундары кайсыл унаа жуучу жайга барышат жана тейлеген кызматкерлери канаттандырабы ушул жана башка көрсөтүлүүчү кызматтары тууралу кененирээк маалыматты Эшим-ата унаа жуучу жайдын жетекчиси  Илгиз мырза берди.

Эшим-Ата унаа жуучу жай 2014 жылдан баштап ишке кирген. Эшим-Ата унаа жуучу жайы унааларды, килемдерди жана паластарды тазалайт  жана химчистка кылат.Шарттары абдан жакшы. Кардаарлар үчүн Wi-fi жана сын алгысы бар.

Чаткал-Ата унаа жуучу жайдын жетекчиси  Талантбек мырзанын айтымында  унаа жуучу жай 2009-жылдан бери ишке кирген. Чаткал-Ата унаа жуугучу унааларды таза  жууйт, автосервис кызматы авто унаалардын бузулуп калган жерлерин оңдойт, авто унааларды сатыкка дайындаган кызматтарды аткарат.

Чаткал-Ата унаа жуучу жайдын жетекчиси Таланбек мырза

Унаа жуучу жайлардын кызматкерлери бир күндө 10-15унаа жууп тазалаганга жетишет. Кыйынчылыктары абдан көп болот,унаа кир болгондо, суу чыкпай калганда жана башка  техникалык себептерден улам кыйынчылыктар жаралат.

Ал эми Эшим-Ата унаа жуучу жайдын кызматкерлеринин айтымында бул жерге унаалар көп келет,себеби унаа жуучу жайдын экинчи кабатында тез тамактануучу жай бар. Түштөнүүгө келген кардаарлар унааларын таштап тамактанып чыкканга эң ынгайлуу деп айттып өттү.

Мындан сырткары ар бир кардарларга жеңилдетүүлөр каралган.

Чаткал-Ата жана Эшим –Ата  унаа жуучу жайлардын жумуш убактысы эртен мененки саат 09:00 — 22:00го чейин иштейт. Кардаарлар тейлөөсү канаттандырат деп билдиришти.

Даярдаган: Саадат Нуржан кызы

Талас облустук сотунда иш кагаздарды жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча семинар өткөрүлдү

2017-жылдын 16-июнунда Талас облустук сотунда «Жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлери үчүн иш кагаздарды жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу» деген темада семинар өткөрүлдү.

Бул семинар Кыргыз Республикасынын сот тутумун реформалоодогу милдеттерин жүзөгө ашырууга багытталган.

Семинардын ишине Талас облусунун жергиликтүү сотторунун аппаратынын 22 кызматкери катышты.

Иш-чара Талас облустук сотунун демилгеси менен өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө Талас облустук сотунун төрагасынын орун басарлары Жамангулов Ж.Ж., Токтосун уулу К., судья Султаналиева А.К. иш кагаздарды туура жүргүзүү жана процессуалдык документтерди туура толтуруу учурларына кеңири токтошту.

Иш-чаранын максаты — соттордун аппарат кызматкерлери судьялар сыяктуу эле, соттордун ишинин ачык-айкындуулугун ишке ашырууда чоң салымын кошорун, ал өз учурунда иш кагаздарды жүргүзүүдө нускамалардын так аткарылышы жана сакталышы менен байланыштуу экендигин түшүндүрүү.

Мындан тышкары, семинардын катышуучулары иш кагаздарды жүргүзүүнүн практикасы менен байланышкан оорчундуу маселелерди судьялар жана кесиптештер менен деталдуу талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Талас облустук башкармылыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Кожокулова А.А. — ар бир аппарат кызматкери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын жана жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин этикасы жөнүндө Кодексин жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бекем сактап, так аткаруусу зарыл экендигин түшүндүрүп кетти.

Талас облустук сотунун басма-сөз кызматы

Талас мамлекеттик университети өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнө арнап бүтүрүү аземин өткөрүштү.

Талас Мамлекеттик Университетинин Табия таануу жана педагогика факультетинин 4-курстардын студенттери үчүн бүтүрүү кечеси болду.Кечеде баардык бутурүүчү курстардын студенттерин факультеттин деканы жана кафедра башчылары кызуу куттуктап, аларга ийгиликтерди каалап, келечекте мыкты адисттерден болушун жана факультет менен тыгыз байланышта болгула деп баса белгилеп кетишти.

      Бутуруу кечеси

Факультеттин деканы Мырзабекова Укен Жаныбердиевна мыкты адистерди даярдоого аракет жасадык,быйыл 56 студен окуу жайыбызды ийгиликтүү бүтүп жатат,алардын арасынын мыкты студенттер дагы бар,эми кийинки муундарыбыздагы булардай активист,мыкты студенттер келишине ишенебиз деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул аземге бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо үчүн  профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер келишти. Коштошуу аземинде  бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, студенттер чакан концерттик программасын тартуулады.Факультеттин мыкты студенттери грамоталар жана чакан белектер менен сыйланды.

Илим, билим, акыл адам баласына ыйгарылган өзгөчө бир дөөлөт эмеспи.Билим алсаң, урмат-сый алып келет,Билим сага акыл-ой, кубат берет демекчи билим адам үчүн соолбос булак жана бакыт ачкычы экени кылымдардан бери айтылып келе жаткан талашсыз чындык деп эн барктуу,ошол эле учурда кыйын коптогон эмгекти талап кылган мугалимдик кесиптин ээси болуп турган бүтүрүүчүлөрүбүз мугалимдерге терең ыраазычылык билдиришти.

Биология адистигинин бүтүрүүчүсү Исламбеков Азамат

Салтка айланган кичүү курстар бүтүрүчүү курстарды узатып,силер дагы бизди тосуп алдынар эле эми мына жылдар жылып,айлар айланып келип биз силерди узатуудабыз деп куттуктоо сөздөрүн айтышып бүтүрүчүүлөргө белектерин тапшырышты.

Артыкчылык диплом менен буткөн бүтүрүүчүлөр

Толкундануусун жашырбаган бүтүрүүчү Б-1-13 тайпасынын куратору Венера Абдырахманова 4 жыл бою өз балам,кызымдай болуп калды эле деп бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалады.

Даярдаган: Рахат Камчыбекова

Ак-бешик балдар бакчасы

«Баланын бары да азап, жогу да азап» деген сөз бекеринен келип чыкпаса керек. Бир үйдү бир эле бала базар кылып, үч көтөрүп, ата-энесинин эсин оодарып коёт. Ал эми күнүгө 30-60 баланы баккан бала бакча тарбиячысынын түйшүгүн элестетип жатсаңыз керек. Бул чыгарылышта Талас шаарынын Ак-бешик бала бакчасы тууралуу сөз кылабыз.

      Ак-Бешик бала-бакчасы

Ак-бешик балдар бакчасы 1990-жылдан тарта ишке кирген.Учурда 200дөн ашуун балдар тарбияланууда.

Бала-бул бакыт  деп бекеринен айтылган эмес дал ушул бала бакытына чөмүлгөн Ак-бешик балдар бакчасына барып көптөгөн кичинекей балдар менен маек курдук.

Кичинекей бөбөктөрүбүз тартынбастан келечектеги максаттарын айтып беришти.

Ак Бешик балдар-бакчасынын мүдүрү Салтанат Орозалиева бала бакчанын тарыхынан тартып учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Ата-эненин толонуучу акысы  айына 600 сомду тузот.Толонгон акы балдардын тамак-ашына жумшалат.

 Даярдаган: Саадат Нуржан кызы.

 

 

 

 

 

Талас шаарында Юстиция министрлиги жарандарга акысыз укуктук колдоо көрсөтүү акциясын өткөрүүдө.

«Укугуңду бил» -деген акция  3 күнгө созулат ,21-22-23-июнь күндөрү Талас шаарынын борбор аянтында А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин алдында акысыз укуктук колдоо көрсөтүү кызматы эл кызматында.

      Юстиция акысыз кенеш

Талас облусунун Юстиция башкармалыгынын башчысы Таалайбек Эралиевтин айтымында Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин демилгеси менен үч жылдан бери  “Укугуңду бил”деген акция өтүлуп келет деп иш чара туралуу кененирээк маалымат берди.Бүгүнтөн тартып, 23-июньга чейин ведомство кызматкерлери шаарыбыздын тургундарына ар кыл маселелер боюнча кеп-кеңеш берет. Иш-чаранын негизги максаты – калктын аярлуу катмары арасында укуктук коргонуу деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелет.

Талас шаарынын жана Талас районунун мамлекеттик Натариусунун кызматкери Динара Ташманбетова кардарларга ар тараптуу кеңештерди жана юридикалык акысыз жардамдарды берип шаардын тургундарына кененирээк маалымат алуу учун китепчелер таркатылууда деп билдирди.

Акцияга келип кезекте турган жарандарыбыз кандай маселе менен келгенин айтып өтүү.

Акмат Ноорузбаев шаарыбыздын тургуну: Жер маселеси боюнча суроолорума толук кандуу жооп алдым.

Мындай акция бат-бат уюштурулуп турса деп ыразычылык билдирди.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлиги кызматташууга чакыруу менен,укугубузду сактоого,мыйзамдарды аткарууга жана өлкөнүн жаркын келечегине бирге арыш жасоого чакырат.

Даярдаган: Рахат Камчыбекова.

 

 

Ден соолук чындоочу борбор.

Эс алуу — адамдын чарчаганын жоготуп, ишке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүчү иш-аракеттер же тынч абал.Эс алуу мезгилинде клетка өзүнүн демейдеги составын калыбына келтирет. Активдүү эс алуу организмге пайдалуу.

      Бассейн

Белгилүү физиолог И. М. Сеченов өтө чарчаган бир колдун жумушка жөндөмдүүлүгү эки кол тең кыймылсыз эс алганга караганда мурда иштебеген колду иштеткенде тез жана толук өз калыбына келерин далилдеген.

Эс алуунун туура режимин тандоо көп факторлорго, айтсак эмгек шартына, кишинин жашына жараша түзүлөт. Биздин өлкөнүн эмгекчилеринин эс алуусуна мамлекет жана коомдук уюмдар камкордук көрөт.

Аптапка чыдабай сууга чумкугусу келген шаардыктар эмгек өргүүсүнө чыгып, Ысык – Көлгө барууга мүмкүнчүлүк тапкыча борбордогу бассейндерге жөнөшөөрү анык. Талас шаарыбызда саналуу кана бассейн иштейт.Кээ биринде эс алуу борборлору бассейн эле эмес, сауна, кафе-ресторан, бильярд залдары менен кардарларды өзүнө тартат. Бул сапар айрым бассейндердин тамырын тартып, шарт-баасы кандай экенин окурмандарга жарыя кылууну тура көрдүк.

Талас шаарында мындан 15-жыл мурун сүт комбинатынын жетекчиси Мырзакан Давлеталиев жалпы эмгек жамааты менен бассейн курушкан.Учурда бул бассейнге келип эс алгандардын саны көп. Өзгөчө жаш балдардын сүйүктүү жайына айланган.

Сүт комбинатынын бассейниндеги суу күн сайын  алмашылып, тазаланып турат. Ошондой эле бассейндин суусунан эч кандай ооруларга чалдыккан учурлар болгон эмес ,жана бассейндин тазалыгына чоң маани беребиз,-  деп билдирди жетекчиси Карачач Ташиева.

Карачач Тишиева Бассейндин жетекчиси

Бассейнде ар дайым мончо жана душ иштеп турат, душка кирүү акысыз.Суунун температурасы +25+27 градус, тереңдиги 2 метр.Бул борбор төлөмү эң арзан бассейндердин катарында.Ар бир кардар үчүн түшүү убактысы чектөөсүз.Балдар үчүн  80 сом, чоңдор үчүн 120 сом төлөнөт.

Бул эс алуучу борборго келип ден соолугун чындап жүргөн шаарыбыздын тургундарынын ой пикирлерин угуп көрдүк.

Талас шаарынын тургуну Дастан

Майрамбек мырзанын айтымында сүт камбинатынын бассейни жылуулук ,тазалык жана элге кызмат көрсөткөн жагынан эң бир мыкты деңгээлде деди.Ушу себептен Майрамбек мырза үйбүлөсү менен ар дайым сүт камбинат бассейнине денсоолукту чындоо борборуна келет.

Талас шаарынын тургуну Майрамбек мырза.

Талас шаарындагы байссейндерди санитардык абалын көзөмөлдөгөн мекеменин адиси Сурия Амировнанын, айтымы боюнча бассейндер баардык санитардык нормаларга жооп берет:

Сурия Амировна врач

“Биздин мекеменин коммуналдык бөлүмү бассейиндер менен тыгыз байланышта, бассейн ээлери бир жумада бир күн бассейндин тазалоосун жургүзөт.Талас шаарыбызда эки бассейн бар ал экөө тең тазалык жагынан мыкты деңгээлде.

Ар бириңиздер ден соолугунуздарды чындоо үчүн убакытты туура пайдаланып эс алуу күнүнүздөрдү туура колдонуңуздар.

Даярдаган: Зоотбек Ботукеев.

Жайкы сынак үчүн

Быйыл 2017-жылы,жайдын ысык саратанында кандай түстөгү кийидер мода?

Сулуу, ошол эле маалда стилдүү болуу — бардык айымдардын кыялы. Бирок кийимди бири-бирине төп келтирип кийгенди баары эле биле бербейт.Убакыт өтүп мезгил алмашкан сайын мода дагы өз багытын тез-тез өзгөртүп тургандыгы баарыбызга белгилүү. Кечээ эле жаңырткан модалуу гардеробду бүгүн карасаң эскирип калгандай. Бугунку кундо кийимди жараштырып кийуу бир түскө кайсы түстөр жарашат бул жөнүндө кененирээк маалымат алдык.

      Саркеч кийин

 

2017-жылы кенен, шалбыраган,оюм-чийимдери башкача айтканда улуттук арнаменттер менен кооздолгон кийимдер мода. Бул  жагымдуу жаңылык. Денеге чыпташпаган, бош турган кийимдер ар кандай денеге сонун жарашат. Ал эми жасалгаларды (аксессуарларды) туура колдонуу менен сулуулугуңузду баса көрсөтө аласыз.

Моданы кууп кийүү туурабы,кандай кийинүү керек бул жөнүндө шаарыбыздын тургундары жана саркеч кийимдерди саткан сатуучу айымдарыбыздын ой пикирлерин угуп көрдүк.

Быйыл 2017-жылы,жайдын  ысык саратанында кандай түстөгү кийидер мода?Бул суроо ар бир айымдын жооп алгысы келген суроосу болсо керек….

Анда шаарыбыздын дүкөндөрүндөгү сатуучулар, атайын стилист айымдарыбыздын ой пикирлерине назар салыныздар.

Сиз үчүн кийимдериңиз дайыма ыңгайлуу болушу шарт.Заман талабына ылайыктуу мода кууп кийинген курбуларыңыз сизди жашоодон таптакыр артта калгандай сезишет. Бул учурда сиз өз ордуңузду таппай ыңгайсыз абалда болосуз.Бирок кайгыруунун кажети жок,себеби моданы кууп кийбей эле өзүнүзгө жарашыктуу,жашынызга  ылайыктуу кийингениниз оң.Кээде өткөн кылымдагы кыздар кийген этеги чубалган узун көйнөктөрдү кийип, ошол учурдагы жашоону башыңыздан кечиргиңиз келет. Ал замандагы кийимди азыр да кийсеңиз болот, бирок аксессуарларды жараштырып тагынып алуу сунушталат.Кийинүүдө тең салмактуулукту сактай билүүнү үйрөнүңүз.

Быйылкы жылдын модасы жашыл,ак,кара,бос түстөгү кийим,сумкалар мода,андыктан жарашыктуу,ынгайлуу кийинүү сиздин колунузда.

Жашыл түс — жөнөкөй, назик, тирүү өң. Адамдарды эс алдыруучу түс. Жашыл — тынчтыкты, сүйүүнү жана коопсуздукту билдирет. Бул түстү Мексикада, Австралияда, Ирландияда жана Египетте жакшы көрүшөт. Кытайда жашыл түс — бай жашоону жана жаштыкты түшүндүрсө, Индияда — тынчтыктын жана үмүттүн белгисин туюндурат.

Белгилүү болгондой, түстөр көп нерсени түшүндүрүп, адам тууралуу дагы көп маалымат бере алат, же болбосо, биз адамдын кийип турган кийиминен анын учурдагы абалы тууралуу дагы кабар алсак, болот. Соңунда айта кетчү нерсе, өңдөргө көз каранды болбостон, кандай гана түстөгү кийимдерди кийбейли, ар дайым көңүлүбүз көтөрүңкү болуп, тегеребизге жакшы маанай тартуулоого аракет кылалы…

Даярдаган:Рахат Камчыбекова.

 

 

 

 

 

Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы.

Шаардын мээ чарчаткан ызы-чуусунан арылып, ажайып кооз  жерге жетип барганга эмне жетсин. Бүгүнкү күнү Ала-Арча жашообуздун айрып алгыс бөлүгү сымал сезилет. Ал эми туура 40 жыл мурун Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркы деп негизделген.Бул чыгарылышта дал ушул керемет кооз жаратылыш паркынын тарыхына,учурдагы абалына токтолобуз.

      Ала-Арча атайын чыгарылыш

Кыскача тарыхы

Ала-арча жаратылыш паркы 1976-жылы негизделген.Ала-Арча деген ат арчанын жыш жайгашкандыгынан келип чыккан.Ала-Арча жаратылышка бай келгендиктен жана Бишкек шаарына жакын жайгашкандыктан парк катары тандалып алынган.

 

Аларча улуттук табият паркы-мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк. Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түн  тарапты карай созулуп жаткан Аларча капчыгайын ээлейт. Бишкек шаарынан 35 км түштүк тарапта. Аянты 19,4 миң га. Деңиз деңгээли 1600–4200 м бийиктикте; орточо бийиктиги 3300 м.

Аларча жанаша жаткан капчыгайлардан табигый шарты башкача бир топ айырмаланат.Кыргыз Ала-Тоосунун негизги кыркасынан ажырап, түндүктү карай жапыздап, чыгышынан Аламүдүн, батышынан Жыламыш капчыгайларынан бөлүнүп турат.

Керемет кооз жаратылыш паркында 37 жыл бою үзүрлүү эмгектенип келген Алкан Нурканович бизге Мамлекеттик Ала-Арча жаратылыш паркынын кыскача тарыхына токтолуп,парктагы өзгөрүүлөрдү айтып жана учурдагы абалы менен тааныштырды.

Паркта канаттуулардын 161 түрү,сут эмүүчүлөрдүн 30,амфибиянын жана омурткасыздардын 5,курт-кумурскалардын 4 жана балыктын 1 түрү бар.

Өсүмдүктөрү да башка капчыгайлардан өзгөчөлөнөт. Аларчадагы тяньшань карагайы коңшулаш капчыгайларда кездешпейт, ошондуктан ал коргоого алынган.Өсүмдүктөрдүн 600дөн ашуун   түрү бар.Алардын эң белгилүүлөрү Кызыл жана ак мандалак,суукчул ,бото көз.

Айбанаттары: тоо эчки, илбирс, түлкү, карышкыр, элик ж. б.; канаттуулары: кекилик, чил, улар, көгүчкөн, бактек ж. б. Коргоого алынгандан кийин мурда жоголуп бараткан сүт эмүүчүлөр кайра коё берилген.Учурда  токойду калыбына келтирүү максатында карагай, арчалардын көчөттөрү отургузулууда.

Паркта үч негизги дарыя бар,алардын ичинен эң ириси Ала-Арча дарыясы жана анын Ак-Сай жана Адыгине деген куймалары болуп эсептелинет.Алыскы жана коңшу өлкөлөрдөн эс алууга келген меймандарыбыздын ой пикирлерин угуп көрдүк.

Ала-Арча төрт негизги зонага бөлүнөт.

Эс алуу зонасы,жаныбарларды тоюттандыруу жана аларга көз салуу зонасы,спорт-альпинизм жана калыбына келтирүү зонасы.

Эс алуу зонасы  эс алуучуларга коопсуз жана жаратылыш кучагында эс алуу үчүн шарт түзөт.

Тоюттандыруу жана жаныбарларга көз салуу зонасынын максаты жаныбарларды адамдын терс таасиринен алыс сактоо.

Спорт альпинизм зонасы тоого чыгуу көнүгүүлөрүн өткөзө турган зона.Бул зонада Советтер союзунун учурунда белгилүү болгон чокулар дагы  бар.

Калыбына келтируу зонасында жаныбарлар коргоого алынган,ошого байланыштуу адамдардын терс таасиринен коргоо максатында меймандар киргенге тыйуу салынган.

Мамлекеттик Ала-арча жаратылыш паркына келип окуу-талаа практикасын өтөп жүргөн студенттер бул жерге жетекчилерибиз менен келип кызыл китепке кирген жаныбарларды зоологиялык музейден көрүп жаратылыш паркынын кооздугуна суктанып турабыз деп  ой пикирин үчүнчү курсттун студенти Перизат Асымбаева билдирди.

Паркта  туристтик агенттиктер профессионалдуу даярдалган адистердин жардамы менен ар кандай  саякаттарды уюштурушат, экскурсияларды орус, кыргыз, англис ж.б.чет тилдеринде өткөрүшөт.

Даярдаган: Рахат Камчыбекова.

 

 

 

 

 

Талас облустук сотунда биринчи инстанциядагы соттордун 2017-жылдын 1-кварталындагы иштери боюнча кеңешме өттү

2017-жылдын 9-июнунда Талас облустук сотунда биринчи инстанциядагы соттордун 2017-жылдын 1-кварталындагы иштери боюнча кеңешме өттү.

Анын жүрүшүндө облустук соттун төрайымынын орун басарлары Ибраимов М.И., Жамангулов Ж. Ж. жана Токтосун уулу К. жергиликтүү соттордун иштеринин сапаттары боюнча маалымат беришти, анда сот адилеттигин жүргүзүүдө биринчи инстанциядагы соттор тарабынан келтирген оң нерселерди да, жол берилген кемчиликтерди да белгилеп кетишти.

Мындан тышкары, соттун төрайымы К. Калиева 5-9-июнь күндөрүндө облустук соттун судьялары жергиликтүү соттордун жайгашкан жерине барып практикалык жардам көрсөтүү боюнча жыйынтыгын айтып берди.

Судьялардын соттук иштерди кароодо материалдык жана процессуалдык укуктук ченемдерин туура колдонулушуна көңүл бурулуп, кемчиликтерди жоюу жана жол бербөө максатында сунуштар берилди.

                                                                Талас облустук сотунун басма-сөз кызматы