Ардагер мугалим Исраил Төлөгожоев

Исраил Төлөгожоев 44- жылдан бери Эшманбет Кендирбаев  атындагы орто мектебинде физика  сабагынан балдарга билим берип келет.

«44-жылдан бери мугалимдик кыламын.Адамды түшүнү билүү керек. Ким менен иштешсең ошолорго өзүңө жасаган мамилени кошо жасай билсең, ошондо гана өз ара түшүнүсү болуп турса мына мугалимдик кесип ошону менен ардактуу.12-жыл иштегенден кийин бир фронталдык текшерүү болду минирстверствадан, мына ошол текшерүүнү  мага кандайдыр жакшы ийгиликтерди жаратты. Ошондон кийин мен «Эл агартуу отличник» көрсөтүлдүм, «Мыкты мугалим»  деп  ардак тактыга, районого райком партиянын эшигинин алдындагы чоң доско пачотко сүрөтүмдү илишип бардык тараптан  сабактарга катышты, физик мугалимдер райондон бары катышты кыскасы бардык тараптан кандайдыр бир мактоо жарашып калды окшойт ийгиликке жетиштик. Дагы 1985-жылы күзүндө мугалимдер күнүнө карата «Эл агартуунун отличниги» деген наамды мага ыйгарышты».                                                                              

7- классынын окуучусу Нурбекова  Нуриза агай фикика сабагынан гана эмес башка сабактарды да жакшы өздөштүрүп берет деген оюн билдирди:

«Мен Барскоон айылына караштуу Э.Кендирбаев атындагы  орто мектептин жетинчи классынын окуучусумун. Агайдын жакшы сапаттары бул деген өзү билген нерсени өзүн ичинде кантып калбастан башка  окуучуларга дагы өзүнүн билимин берип билбеген нерсени билтиртип турган сапаты жагат. Агайдын сабак бергенде өзгөчүлүгү бул деген агай бир гана физика менен чектелип калбастан башка сабактардан дагы  өзүнүн билимин берип кетет. Өзү негизи физик агайдын көп сапаттарын биз абдан жакшы  балайбыз. Агай сабакты абдан кызыктуу өтөт. Биз агайга чоң рахмат айтабыз себебинде быйыл физика кошулуп  ушул физика кандай эмне себептен эмне болуп келген  бардык ушул билген жана билбеген нерселерибизди алда канча тереңдеп билип жатабыз».

Жеке эле кесиптеш эмес кошуна катарында жакшы агам макточу жерлери көп санжыра жана айткан сөзүн түп тамырына чейин жеткирет деп кесиптеши Кенжегул Сыдыков билдирди:

« Исраил агай менен жеке эле кесиптеш катары эмес кошуна катары дагы өмүр боюу жашап келе жатабыз. Жакшы агайыбыз бар. Киши билбеген таланттары жөнүндө айта кетсем маңызын чыгарып жакшы айтып берет. Санжыраны жакшы билет деп айта кетсем болот. Коллективдерде Ырысбай Абдыкадыровтун ырын созолонтуп жакшы ырдап берет. Кайда ырдабасын жалаң Ырысбайдын ырларын ырдайт да эмнегедир. Жумушту да жакшы жасайт майдалап, бирок майын чыгара жасайт. Ошол жакшы таланттарын билем».

Исраил Төлөгожоев жаш кезинде инженер болууну кыялданчу. Бир нерселерди оңдоп, жасаганга шыктуу болгон .Бирок мугалим болгонуна учурда өкүнбөйм. Себеби мугалим көп тармактуу билимдүү адам.

Даярдаган : Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев  атындагы орто мектебинин окуучулары Алтынбек Эминказиев, Нуртегин Кусейинов.

                                                                            

Жерүй алтын кенинин аймагында кызыл китепке кирген жоогазын гүлдөрүн көчүрүүдө.

Бүгүн, «Альянс Алтын» компаниясы Кыргыз Республикасынын Экологияны сактоо мыйзамдарынын негизинде экологиялык фирмалар менен иш алып барып ,сейрек кездешүүчү,кызыл китепке кирген  жоогазын гүлдөрүн көчүрүүдө.

      Жоогазын

Иш үстундо

Островский жоогазыны -көп жылдык пияз түптүү чөп өсүмдүк. Пияз түбү жумуртка сымал, диаметри 1,5- 3 см ге жетет.Өсүмдүктүн сабагы ичке, жылмакай келип, бийиктиги 20-30 см. Жалбырактары 2-3төн, жерде төшөлгөн, көгүлтүр , сызгыч-ланцеттей формада.

Апрель-май айларында гүлдөп, май-июнда мөмөлөйт.

Жоогазындарды казып алууда

Жунушов Жанболот

Жунушов Жанболот мырзанын айтымында жоогазындарды калдык сактоочу жайга көчүрүүдө. Жоогазындын  тамыры терең болгондуктан кылдаттык менен иштөөсү абзелин айтты.

 

 

Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жаныкулов Данияр : «Курулуш журө турган аймактан курулуш жүрбөй турган аймактарга бул жоогазындарды көчүрүп жатабыз.»

Жаныкулов Данияр Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы

Улуттук илимдер академиясынын  биология институту менен келишим түзүлүп атайын адистер келип кандай туура отургузу керек ,кайсыл жерге отургузу керек экенин көзөмөлдөп турат.

Орунбаева Айнура Талас Флора уюмунун жетекчиси.

Талас флора уюмунун жетекчиси Орунбаева Айнура островский жоогазыны  тууралу кененирээк маалымат берди.

Жоогазын

Жоогазынды отургузуу

Даярдаган: Камчыбекова Р.

 

 

 

 

Мектептерде көчүрүү экзамендери өтүп жатат.

25-май акыркы коӊгуроо аяктап көчүүрү экзамендери башталды.Экзамен 26-29 майга чейин өткөрүлөт.Ар бир класс эки сабактан экзамен беришет.

      кочуруу экзамени

Көчүрүү экзамендеринин жүрүшү боюнча  Нарын райондук Билим берүү бөлүмүнүн адиси Маралбаев Искендер Калысбековичтин сөзү төмөндөгүдөй:

«Көчүрүү экзамендери талапка ылайык,буйруктардын негизинде өтүп жатыптыр.Ар бирөөнө кирип катышып  чыктык,бардык сабактар боюнча өздөрүнүн  расписаниеси менен өтүп жатыптыр.Бардыгы жакшы.»

               

10-класстын окуучусу Амангелди кызы Гулипа экзаменге  жакшы даяардыкта келгенин айтты:

«Мен бугун биология  сабагынан экзамен бергени жатам,бардыгы 25 билет, 75 суроого даярдык көрдүм , буюурса жакшы берем деп ойлойм.Мен классташтарыма жана башка окуучуларга ийгилик каалайм, экзамендерин жакшы тапшырып чыгышсын.»

Койчубеков Сыймык бүгүн физика сабагынан экзамен берет:

«Мен бүгүнкү экзаменге жакшы даяардыкта келдим.Физика сабагынан бизге  жалпы 20 билет  берилип  бардыгын толук жаздым.Азыр окуучулар кирди бир аздан кийин мен дагы кирем.Бардык окуучуларга ийгилик.»

Рысбек кызы Мырзайым 7-классынын окуучусу экзамен жакшы деӊгээлде өтүп жатат дейт:

«Биз бүгүн алгебра сабагынан экзамен берип жатабыз.Азыр бирден экиден окуучу кирип жатат.Даярдык жакшы,баардык классташтарыма экзаменден жакшы баа алып чыгышын каалайм .»

Бардык  окуучулар көчүрүү экзамендерин жакшы тапшырып,жакшы баа алып чыгышын кааламакчыбыз.

  Даярдагандар: Жерге-тал айылындагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары Мээрим Жумабекова,Элиза Темирбекова.

 

Асанбек Табалдиев мектебинде акыркы коңгуроо кагылды.

Асанбек Табалдиев орто мектебинде 25-май акыркы коӊгуроого карата иш чара  өткөрүлдү.Мектепти  11-классынан  40 окуучу,  9-классынан  48 окуучу  бүтүрдү.

      акыркы конгуроо

Бүтүрүү  кечеси  боюнча  11-классынын  класс  жетекчиси  Турдалиева  Айзат  эжейдин  сөзү  төмөндөгүдөй:

«Быйылкы  жылы  11-классынан  40  окуучу  бүтүргөнү  жатат.Мен  бүтүрүүчүлөргө  ак  жол , сынактардан  ийгиликтүү  өтүп  өзүлөрү  каалаган  окуу  жайга  өтүшүн  каалайм.»

11- классынын  окуучусу  Орозбекова  Мээримдин  айтымында  акыркы  коӊгуроо  жакшы  деӊгээлде  өттү:

«Мен  классташтарыма  мындан  аркы  иштерине  ийгилик  өзүлөрү  каалаган  кесипке  ээ  болушун  каалайм.Мен  келечекте  Кыргыз  Улуттук  Университетте  окугум  келет.»

 Бүтүрүүчү  Максатбек  кызы  Перизат  келечекте  башталгыч  класска мугалим  болгусу  келет:

«Бүтүрүү  кечеси  жакшы  болду.Мен  үчүн  бул  жыл  ийгиликтүү  жылдардан  болуп,көптөгөн  жетишкендиктерге ээ болдум. Быйыл  физика  сабагы  боюнча  республикалык  олимпиадага  чыгып  катышып келдим.

Мектеп  жетекчилиги  мага  планшет  белекке  беришти.Мен  башталгыч  класска  мугалим  болуп,окуучуларга  татыктуу  билим  бергим  келет. Быйылкы 2016-2017-жылдын  бүтүрүүчүлөрүнө  ак  жол,иштерине  ийгилик.»

 

Бүтүрүүчүлөр   ЖРТдан   жакшы   балл  алып, өзүлөрү  каалаган  кесипке өтүшүнө  тилектешпиз.

Даярдаган: Жерге-Тал айылындагы  А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучусу  Мээрим  Жумабекова.

Биринчи орунга ээ болгон спортсмендер

      Новости_28 05 2017

2017 жылдын 24-25 май айында Бишкек шаарында  генерал-майор Субанов Темиркан Усуркановичтин  урматына арналган  Кыргыз Ресбуликасынын ИИМ тарабынан кыргыз күрөш боюнча чемпионат өткөрүлдү. Бул чемпионатка республика боюнча 12 команда ат салышты.  Мелдеш 7 салмактык категория боюнча өттү. Талас облусунан 7 балбан катышып, командалык мелдеште биринчи орунга ээ болуп, ийгилике жетишти.

Талас ички иштер башкармалыгынын атынан 7 кызматкер катышып келишти. Мелдеш биз үчүн өтө жемиштүү болду. Себеби 7 балбаныбыздын арасынан алты катышуучусу байгелүү орунга ээ болуп келишти. Республикалык командалардын арасынан биринчи оорунга ээ болдук. Алардын ичинен милициянын майору Ботбаев А. (алтын медал) ,милицианын ага-лейтенанты  Манапбаев У. (алтын медал), Сыдыгалиев М. (алтын медал)«, деп кошумачалады Талас ИИБнын башчысы милициянын полковниги Касымбаев И.Т.

Акыркы жылдарда бул чемпионат Талас облусунда өтуп келүүдө. Төрт жыл катары Таластын курама командасы биринчи орунду ээлеп келет. Бул туралуу милицианын майору Ботбаев А. кенениреек айтып кетти

“Бул ирет экинчи курама командасы барды, балдар жакшы күрөшүп биринчи орунду алдык.Намысты коргоп, утуп келдик”

Чемпионаттын жабылыш аземине Субанова Динара Амановна жана Субанова Веста Темиркановна катышып, байгелерди тапшырышты.

Даярдаган: Кубанычбекова А.

“Өрнөк” билим берүү борбору ийгиликтүү иштеп келет.

Жерге-Тал айылында Нарын райондук “Өрнөк” билим берүү борбору ар түрдүү тармактагы ийримдер боюнча окуучуларга билим берип келет.

      өрнөк билим берүү борбору

Биринчи жолу бул борбор 2012-жылы Сары-Ой айылында ачылып, кийин Жерге- Тал айылына 2014-жылы которулган. Азыркы учурда 8 ийрим бар. Алардын ичинде балдардын жана кыздардын кол өнөрчүлүгү комузчулар, сүрөт искусствосу сыяктуу тармактар боюнча иштейт.

Нарын райондук “Өрнөк” билим берүү борборунун директору Кырчобаев Болот Сыдыгалиевичтин айтымында, борбор иштегенден бери көптөгөн ийгиликтерге жетишип келишет.

“Ийримдерге окуучулардын жөндөмүнө жараша келип катышышат. Бизде билим берүү менен эле чектелип калбастан, ар кандай райондук конкурс сынактарга катышышат. Мисалы райондук кароо сынакта комузчулук өнөрү боюнча “Атай” комузчулар ансамбли биринчиликти багындырды.”

 

Сыдыкова Динара Алыбековна учурда борбордун “Түйүм башат” ийриминин жетекчиси. Бул ийримде ал кыздарга түймө түйүү, сайма саюу жана кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн үйрөтөт. “Түйүм Башат” ийрими тууралуу жетекчиси төмөндөгүлөргө токтолду:

“Келечекте көптөгөн ой максаттарыбыз бар,жакынкы арада жаш талант кароо сынагына катышып келдик, эки окуучу барып активдүү катышып келишти бул ийримде отуздан ашык окуучулар тарбияланып келет. ”

 

7-класстын окуучусу Турар Кубанычбеков ийримден пайдалуу нерселерди үйрөнгөнүн жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди:

“Мен булгары ийримине катышам, бул ийримге досторум айтканда келгем. Мен бул ийримден камчы, браслет, кур, сумка жана башкаларды үйрөнуп жатам. Жакын  арада эле жаш талант кароо сынагына барып экинчи орунду камсыз кылып келдим. Келечекте агай менен чакан бизнес ачалы деп жатканбыз булгары өнөрүнөн камчы,  браслет, сумка жана башкаларды жазап сатып өзүбүзгө каражат таап алалы деген жакшы ниетибиз бар, өзүм да үйрөнүп алам, агайыма чоң рахматымды айтмакчымын.”

Даярдаган: Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучулары Урмат Мамбеталиев,Бекназар Кенжебек уулу,Сыймык Мырзабеков.

Учкун айылында суу маселеси курч

Ош облусунун Учкун айылында  суу маселеси курч. Жаан жааган учурларда айылда кундөп-түндөп жашоочулар суусу жок калган убакыттар көп кездешет. Учкун мектеп радиосунун волонтерлору бул туралуу сюжет даярдашкан.

      Суу маселеси

Учкун орто мектеби,Ош облусу

Последний звонок [фотоотчет]

В школе № 3 города Талас, прошло мероприятие в честь последнего звонка. В 2017 году школу окончат 32 выпускника и 208 первоклассников провожают их в новый путь. Отличников в школе 72 ученика.

Средняя школа №3, города Талас

Таласттык студенттер алга

Бишкекте 18-майда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз Улуттук филармонияда студенттердин  «Ала-Тоо жазы – 2017» республикалык фестивалы өттү.

«Ала-Тоо жазы – 2017» фестивалынын негизги максаты – өлкөдөгү тарых, маданият, искусство жана каада-салттарды жайылтуу, студенттер арасында достук мамилени чыңдоо, жаш таланттарды аныктоо жана аларды өстүрүү болуп саналат. Фестивалга өлкөбүздүн баардык жогорку окуу жайларынын студенттери катышышты.

Талас Мамалекеттик Университеттин студенттик командасы байгелүү II орунга ээ болду.

“Биздин студенттер иш аракеттери, эмгеги менен байгелүү орунду алып келди. Студенттер тобун жетектеген биздин проректорубуз Самат Субанкуловичке, көркөм жетекчибиз Усеин Отуналиевичке, драм театрга чоң рахмат айтабыз. Биздин студеттер өзүнүн чыгармачылыгынын мыктылыгын көрсөтө алышты” – деп кошумчалады, Талас Мамлекеттик Университетини ректору Упенов Айбек.

«Ала-Тоо жазы – 2017»  фестивалынын байге фонду  1 млн. сомду түздү. Талас Мамлекеттик Университети 80 миң акчалай сыйлык менен сыйланды.

Даярдаган: Кубанычбекова А.

Жалгыз жол чырагы

Эң биринчи жол чырак 1868-жылы 10-декабрда Лондондо Англия парламентинин имаратынын жанына орнотулган. Жол чыракты ойлоп тапкан Ж. Найт аттуу окумуштуу темир жол семофору (темир жолдогу жол чырак) боюнча адис болгон. Алгачкы светофорду кол менен иштетишкен жана анын эки семофордук канаты бар эле. Бир канатынын жогору көтөрүлүшү “токто!” деген белги болсо, ылдый түшкөн түрү “этияттык менен кыймылга кел!” дегенди түшүндүргөн.

      Сюжет Жол чырагы

Ош облусунун Учкун айылында жалгыз жол чырагы иштеп келет. Мектеп радиосунун волонтерлору бул туралуу сюжет даярдашкан.

Учкун орто мектеби,Ош облусу