Таласта 2 -апрель Бүткүл дүйнөлүк эл аралык балдар китеп күнү белгиленди.

Китеп- билим булагы

Билим- өнөр чырагы.

20170331_150322

Китеп менен билим алып келебиз

Китеп биздин дүйнө тааныр кемебиз

Китеп менен  сырдаш болуп адамдар

Китеп менен жашоо улап келебиз.

20170331_151533

Бугун 31 март күнү Талас облустук балдар китеп канасында «Эн мыкты досум- китеп» аттуу иш чара 2-апрель Бүткүл дүйнөлүк эл аралык балдар китеп күнүнө карата  өткөрүлдү.Бул туралуу кененирээк ага китепканачы Айнагул Мырзакматова маалымат берди:

-Азыркы өтүлүп жаткан иш чара жөнүндө маалымат берип өтсөнүз?

— «2- апрель Бүткүл дүйнөлүк эл аралык балдар китеп күнү»жылда кызыктуу маектерди өткөрүп келебиз. Быйыл баяндама өтүп жатабыз. Өзүбүзчө азыр китеп көргөзмөсүн уюштурдук,азыр сценкадан соң мен баяндама менен тааныштырам ар бир китеп жөнүндө жакшы жазылган буларга кеңири маани берүүгө аракет кылып жакшы китептерди тандап алганбыз.

20170331_152325

Бүгүнкү өтүлүп жаткан баяндамада куурчак театры көргөзүлдү. Акылдуу баланын ролун жараткан Кундуз Кутманова китепти даңазалап интернетке караганда китеп балдардын акыл ээси өсүшүнө  чоон таасир берүүчү роль жаратканын айтты.

20170331_151517

20170331_152006

Баяндаманын катышуучусу жаш окурманыбыз Айгеримден китепти кантип пайдалануу керек экенин сурап билдик.

20170331_152642

      Жанылыктар 31.03.17

Даярдаган: Камчыбекова Р.

                    Кубанычбекова А.

Талас Мамлекеттик Университетинде Жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү.

2017-жылдын 29-мартында Талас Мамлекеттик Университетинин Табият таануу жана педагогика факультетинде мамлекетик педагогикалык практика боюнча жыйынтыктоочу конференция өттү.

20170329_130105

Конференцияга 3-4 курстун студенттери катышып өздөрү даярдаган иш кагаздары менен тааныштырышты.Ар бир студент сабактын фрагментин көргөзүп окутуучулардын педагогикалык кырдаалдардан кантип чыгуу керек жөнүндөгү суроолоруна жооп беришти. Мындан тышкары студенттер  «Биздин практика учурундагы  изденүүчүлүк өзгөчөлүгүбүз» деген темадагы презентациялар жана видеолорун  көргөзүштү.

20170329_130654

20170329_133935

Бул конференция студенттердин кандай денгээлде практиканы өтөгөнүн аныктап  жана ага баа берүү максатында уюштурулду деген ой пикирин Табият таануу жана педагогика факультетинин окуу усулдук кеңешинин төрайымы  жана окуу практикасынын жетекчиси Анара Анарбековна билдирди.

20170329_132612

Талас Мамалекеттик  Университетинин Табия таануу жана педагогика кафедрасынын методист окутуучусу Жузумкан Наматбековна студенттерин жогорку деңгээлде даярдап  ыразычылык кат  менен сыйланды.Ошондой эле Мамлекеттик жана педагогикалык практиканы жакшы деген баага өтөгөн студенттер грамоталар менен сыйланды.

20170329_130333

20170329_141412

      Конференция

Даярдаган: Камчыбекова Р

 

Айылдык мейман үйлөрү туризмдин өнүктүрүүсүнүн келечектүү багыты

2017 –жылдын 29 мартында “Роза Отумбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду “Мекендештер” долбоорунун алкагында КР Өкмөтүнүн  Талас облосундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Маданият, маалымат жана туризм министирлиги менен биргеликте Кыргыз Респбликасындагы Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун жана Эл аралык кызматташуу боюнча Швецариялык бюронун колдоосу менен “Айылдык мейман уйлөрү Талас облусундагы туризимдин өнүгүүсүнүн келечектүү багыты катары: абалы, келечеги, алдыңкы практикалар” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Круглый стол

Тегерек стол Талас шаарында, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүн жыйындар залында өттү.

Тегерек стол чакан жана орто бизнести колдоо,жаңы жумуш орундарын түзүү жолдорун талкулоого, Талас облусунун туристтик жагымдуулугун котөрүүгө өбөлгө болгон жергиликтүү жамааттардын сервистик тейлөө чөйрөсүндөгү техникалык потециалын күчөтүү маселелерине багытталган.

Представители "Бай Түшүм"

Тегерек столдун Кыргыз Республикасынын экс-Презинденти Роза Отумбаева, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.А.Кенекеев, Жамааттарга негизделген “Хоспиталити Кыргызстан” Кыргыз Туризм Ассоциациясынын жетекчиси М.Озбеков, “Бай түшүм”, “Компаньон” банктарынын, “Юнисон” коомдук фондунун өкүлдөрү жана башка башкаруунун тармактык органдарынын, жетекчилери жана адистери, туристтик компаниялардын өкүлдөрү, айылдык конок үйлөрдүн ээлери, ошондой эле эксперттер катышты.

Даярдаган: Кубанычбекова А.

Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өткөрүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Талас шаарында «Бүткүл  дүйнөлүк акча жумалыгы өткөрүлүүдө»27 марттан 2 апрельге чейин Кыргыз Республикасында бул иш чара 2-3 жылдан бери өткөрүлүп келет.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Ар бир мамлекет  өзүнүн өлкөсүндө  акчанын жасалышы,колдонулушу адамдар акча менен кандай мамиледе болуу керек ушул туралуу кененирээк маалымат берүү максатында бул иш чараны өткөрүп жатканын Акимбеков Хусейн Маматканович Улуттук банктын Талас облусундагы башкармалыгынын начальниги билдирди.

GE DIGITAL CAMERA

Улуттук банктын Талас облусундагы башкармалыгынын начальниги Хусейн Маматканович.

Семинарда  презентация көргөзүлүп банкноттор  качан пайда болгон жана андан кийинки өзгөрүүлөр,жаңылануулар тууралу жана эскирген же күйүп калган банкнотторду кантип алмаштыруу керек жөнүндө  дагы кененирээк маалымат беришти.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Талас Мамлекеттик Университетинин Технология-экономика факультетинин студенттери ар кандай суроолорду берип келген адистерден жооп алышты.

Студенттер жана окутуучулар жааматына билбеген маалыматтарды билип алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү деп ойлорун билдиришти.

GE DIGITAL CAMERA

Бугалтерия эсеп жана аудит кафедрасынын башчысы Тилек Тынаевич.

      Буткул дуйнолук акча жумалыгы
GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Даярдаган:Камчыбекова Рахат

Демилгелүү топтун мүчөлөрү тегерек стол өттүү.

Тегерек столго 2010 жылдын  7- апрелинде болгон революциядагы баласынан айрылган 9 баатырдын энеси жана Кыргызстан жазуучулар союзунун мучосу акын Арзыкан Момунтаева ,Талас облустук Мамлекеттик телерадио компаниясынын башкы мүдүру Эрмек Асанович  жана Талас Турмуш газетасынын башкы редактору Кожу Иманкуловтор катышышты.

20170324_123220

7-апрель календарда кызыл күн болуп белгиленип келет бирок ушул мезгилге чейин мамлекеттик жеңилдиктерди ата-энесине,балдарына алып беруу жана бул мыйзамдарды жандандыруу тууралуу  сөз болду.

20170324_123134

Катышуучулардан кененирээк маалымат алдык.

      Тегерек стол

Даярдаган: Камчыбекова Рахат

Таласта кургак учукка каршы флешмоб өткөрүлдү.

Кургак учук –бул аба-тамчы аркылуу жугуучу олуттуу,жугуштуу оору.Негизинен бүт органдар,бирок көбүнчө өпкө жабыр тартат.

20170324_111954

24 март күнү Талас шаарынын борбордук базарында Эл аралык кургак учукка каршы курөшүү күнүнө карата флешмоб өткөрүлдү.

20170324_112745

Флешмобко орто билим берүү жана мектеп окуучулары катышты.Флешмоб Кызыл ай коому трабынан уюштурулуп кургак учукка каршы борборунун даарыгери Гулнар Тургунбаева жана Талас облустук Кызыл ай коомунун жетекчиси Дилдекан Шадыбекова  Талас шаарынын тургундарына кургак учук ооруусу тууралуу маалымат беришти.

20170324_112939

Тургунбаева Гулнар Султанбековна врач

-Учурда бул ооруунун абалы кандай?

-Буга чейин эле ар күну курошуу жүргузүп келебиз.Ооруга чалдыктан адам созсүз түрдө текшерилиши керек. 2016 жылда 44 адам катталган.Азыркы абалы азайды деп айталбайм көбөйүп бражатат деп маалымат берем.Ооруунун ачык жана жабык түрү менен жабыркагандар менен тыгыз байлданышта иш жургузүп келебиз.

Уюштурулган иш чарада шаардын тургундарына оруу тууралуу кененирээк маалымат алуу учун китепчелер таркатылды.

 

20170324_113837

      Кургак учук

Даярдаган : Камчыбекова Рахат

Талас шаарындагы Нооруз майрамы

Ошентип, дагы бир жылды артка таштап, элибиз менен чогуу мусулман элинин Жаңы жылына, жаңы күнгө багыт алуу алдында турабыз. Башкача айтканда, Нооруз майрамы босогобузда турат.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.

Майрамда эң алгач Кыргызстандын Гимни жанырып,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Тлас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү трабынан куттуктоо сөздөрү айтылды.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. Арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо азыркы кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе. Ал эми Нооруз күндөрү бул ритуал массалык мүнөзгө ээ болот. Талас облусттук музыкалык драм театрынын актрисасы Алмагүл Алсейитова  бул күндөрү адатта майрам болгон жерде Умай Эне болуп, аластоо жөрөлгөсүн кылды:

Алас, алас!

Ар балээден калас.

Жаңы жыл келди,

Нооруз келди!

Жер жаңырып, чөп чыкты,

Желин жарылып, сүт чыкты!

Жер бетине жапжашыл чөп чыкты.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Майдамда шаарыбыздын тургундарынын маанайын сурап куттуктоо сөздөрүн алганы дагы үлгүрдүк.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

Ошону менен бирге эле жалпы жумурай журтубуз үчүн сүмөлөк кайнатылып, кыргыздын улуттук оюндары ойнотулду.

      Куттуктоолор

 

Даярдаган: Камчыбекова Рахат.

 

НООРУЗ КӨРКҮ – СҮМӨЛӨК!

Кыргызда жаңы жылды сүмөлөксүз элестетүүгө болбойт эмеспи.Сүмөлөктү кантип жасап, кандай ырым-жырымдарды колдонот?

 Биз бул тууралуу билгибиз келип,Талас жергесинин ыйык касиеттуу жери Манас күмбөзүндөгү түлөө канада сүмөлөктүн жасалышына күбө болдук.

GE DIGITAL CAMERA

Манас Ордо

Жыл сайын бул касиетүү жерде Темиралиева Канымжан эжекебиз сүмөлөк жасап келет.Сүмөлөктүн жасалышы боюнча эжеден кененирээк маалымат алдык.

сумолок

Сүмөлөк Ноорузда майрамдык дасторконго коюлуучу негизги тамак болуп эсептелет. Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат.

Салтка ылайык, сүмөлөктү Нооруз алдындагы түнү бышырышат. Катуу оттун үстүндө казанга кайнатылуучу тамакты тынбай аралаштырып туруу керек. Буга бардык каалоочулар келип кол тийгизе алат. Жана сүмөлөктү аралаштырып жатып, ар бири өз каалоо-үмүтүнүн орундалышын тилейт. Сүмөлөк бышырылчу казандын түбүнө ырым кылып 41 таш салынат. Таштарды чоң суунун сайынан же, дагы бир ишенимдер боюнча, үч жолдун айрылышынан терип келишет. Таштардын практикалык да мааниси бар – алардын аркасы менен сүмөлөк казандын түбүнө күйүп жабышпай, бөлтөк болбой, текши бышат.  Сүмөлөк коюланып отуруп, шокалад өңдүү күрөң түскө келгенде, казандын үстүн жакшы жаап, басаңдап калган оттун табына Нооруз таңы атканга чейин калтырып коюшат.

GE DIGITAL CAMERA

Өндурулгон буудай

GE DIGITAL CAMERA

Сүмөлөккө даярдоо

Сүмөлөктү аруу тилек максаттыры менен аралаштырып жаткан эжелер каалоо  тилектерин айтып өттүү.

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

GE DIGITAL CAMERA

 

GE DIGITAL CAMERA

Кайнап жаткан сүмөлөк.

      Сумолоктун жасалышы

Даярдаган: Камчыбекова Рахат.

Талас айымдары

Бүгүн Талас шаарынын музыкалык мектебинде орто кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсу болду. Алар негизинен Талас облусунда  жашакан айымдар. Бул көргөзмөгө айымдар өз колдору менен жазалган буюмдар коюлду.   Аялзаттырынын өздөрүнүн кол менен жазалган буйюмдарын коргозмого коюшту. Баалары майрмгаа карата арзандатуу менен, ыйңгайлуу болду.

шырдак

шырдак

Көргөзмө тууралу уюштуручу Айнура Орунбаевадан:

-Бул өзүбүздүн маданияты болгон, кол өнөрчү. Талас областында айымдардын башын жыйнап, ушу көргөзмөгө уйрөтүү максаты, биринчи жолу болуп жатат. Мурда өкмөт аркылуу эле жазагамбыз бунун баарын. Эми Талас айымдарынын атынан чакырып жатабыз баарын. Ушул жерге келишип, бири бири менен таанышып, билбеген эл аларды көрсүн деген максат менен. Жалан айымдардын кол өнөрчүлүгү, колдон иштелген кийиз иштери, саркеч кийимдер, төшөнчү орундар, туш кийиздер, айнек пардалар.

Айнура Орунбаева

Айнура Орунбаева

Эскерте кетсек, көргөзмө бир эле күн болот

Көргөзмө

Көргөзмө

Даярдаган: Кубанычбекова Айжамал